Пользовательское соглашение
Дождитесь окончания загрузки
Артка

Колдонуучу макулдук

Бул Колдонуучулук Макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу)  «Qlever»  билим берүүчү-көңүл ачуучу платформасына ээлик кылуучулардын (мындан ары - Платформанын Администрациясы) бул ресурстагы маалыматтарды пайдаланган же бул ресурска маалымат жайгаштырган жеке адамдарга (мындан ары - Колдонуучу) төмөндөгү шарттарга ылайык келишим тузүү сунушун жолдоо болуп саналат. 

Платформаны колдонуу Эрежелери бул Макулдашууга кошумча болуп саналат. 

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Макулдашуунун бардык бөлүмдөрүндө, документтерде жана Тараптардын бул Макулдашуунун негизиде келип чыга турган же ага байланышкан мамилелеринде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:

Администратор - “Qlever” Платформасынын атынан иш алып бара турган сайтты башкаруу укугуна ээ кызматкер, ал жеке маалыматтарды иштетүүнү уюштурат жана (же) ишке ашырат, ошондой эле колдонуучуларды верификациялоо, жаңылыктар, оюндар, сурамжыло жана тесттер бөлүмдөрүн башкарууну жүргүзөт, форумдарга модератор болот, сыйлыктарды кошот же өчүрөт, Колдонуучуларга Платформаны пайдаланууда колдоо көрсөтөт. 

Контент – сүрөт, текст, аудио-видео материалдар, ошондой эле автордук жана (же) чектеш укуктардын объектилери, жана так ошол сыяктуу эле андай укуктар менен чектелбеген каалаган мүнөздөгү маалыматтар жана билдирүүлөр.  

Жеке маалыматтардын купуялуулугу – Администратор жана башка жеке маалыматтарга жеткиликтүүлүк берилген адамдар сакташы керек болгон милдеттүү талап болуп саналат, жеке маалыматтарды алар таандык болгон субъектилердин макулдугусуз же башка мыйзамдуу негизисиз таркатууга жол берилбеши керек. 

Уюлдук тиркеме – уюлдук телефон аркылуу жүктөп жана колдонууга арналган, Колдонуучуга Интернетти пайдалануу аркылуу Сервиске телефон аркылуу кирүүгө жол берет. 

Жеке маалыматтар – Колдонуучу катталуу учурунда (Колдонуучунун Профилин түзүүдө) же Сайтты пайдалануу учурунда өзү жөнүндө берген баардык маалыматтар, анын ичинде Платформаны колдонуу учурунда жабдыкта орнотулган Программалык камсыздоонун жардамы менен автоматтык түрдө платформанын Администрациясына келе турган Колдонуучу жөнүндөгү жеке маалыматтар, маселен IP-дареги, cookie маалыматтары жана башка Колдонуучу туурасындагы маалыматтар.  

 

Колдонуучу – бул Макулдаштыкка өз кызыкчылыгына байланыштуу кошулган жеке адам же башка жеке адамдын атынан иш алып баруу укугу берилген адам. 

Кызыктыруучу сыйлыктар платформанын Администрациясы тарабынан аныкталган материалдык баалуулуктар, алар колдонуучуларга оюндардан, тесттерден ийгиликтүү өткөндүгү үчүн берилиши мүмкүн, бул Колдонуучуларды Сервисти пайдаланууга шыктандыруу максатында жасалат жана QLEVER+ долбоорунун гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланат. 

Сервис — Платформанын негизги функциялары, ал өз ичине маалыматтарды, командаларды, алардын натыйжасында пайда боло турган аудиовизуалдык элестерди, оюндар жана сыйлыктарды камтыйт, алар Колдонуучу тарабынан алдын ала сценарий боюнча белгилүү бир натыйжага жетүү үчүн кезеги менен ишке ашырылып турат. 

Макулдашуу – бардык кошумчалары, толуктоолору, өзгөртүүлөрү жана анда көрсөтүлгөн милдеттүү документтери, ошондой эле ушул документтин негизинде түзүлгөн кошумча келишимдери толугу менен камтылган ушул документ.

Жабдык – жеке компьютер, планшет, уюлдук телефон, коммуникатор, смартфон, жана башка Колдонуучуга Платформаны максатына ылайык пайдаланууга жол бере турган каражаттар. 

Web-версия – автоматташтырылган маалыматтык система, Интернет тармагында төмөнкү домен аркылуу жеткиликтүү: www.qlever.asia

1.2.  Бул Макулдашууда 1.1 пунктунда көрсөтүлбөгөн башка да терминдер менен аныктамалар колдонулушу мүмкүн, алар Колдонуучулук Макулдашуунун текстиндеги маанисине жараша чечмеленет. Платформада колдонулган терминдерди, аныктамаларды жана сөз айкаштарын чечмелөөдө талаш-тартыштар жаралса, Сайттын Администрациясы аныктаган чечмелөө колдонулат. Эгер Макулдашуунун текстинде жана Макулдашуудан келип чыккан документтердин текстиндеги терминдердин же аныктамалардын так чечмеленеиши жок болсо, анда алар улуттук мыйзамдарга ылайык чечмеленет жана андан соң – эл аралык укуктун нормалар, ишкердик иш кагаздарына жана илимий доктриналарга таянуу менен чечмеленет. 

 

2. Макулдашуунун предмети

2.1. Ушул Колдонуучулук Макулдашуу “Qlever” Платформасын пайдалануу шарттарын жана Купуялуулук саясатын бекитет, алар менен Колдонуучу таанышып чыгууга тийиш жана Платформага катталгандан тартып аларды толугу менен кабыл алат да, аларды сактоого милдеттенет же Платформаны колдонууну токтотот. 

2.2. Платформага кирүү, Сайтты колдонуу жана/же Колдонуучу тарабынан Платформада жүргүзүлгөн бардык иш аракеттер, Колдонуучу бул Макулдашуунун бардык шарттарын кабыл алганын жана аларды сактоого милдеттенме алганын билдирет. Колдонуучуну каттоо Колдонуучу тарабынан бул Макулдашууну кабыл алганын тастыктаган кошумча билдирүүдөн кийин гана ишке ашышы мүмкүн. 

2.3. Сервисти колдонууга берүү бул Макулдашуунун жоболоруна ылайык, ошондой эле анын негизинде кошумча кабыл алынган документтерге ылайык тескелет, алар Платформанын тиешелүү баракчаларында жарыяланган жана Сервисти колдонуунун өзгөчөлүктөрүн тескей алышат. 

2.4. «Qlever» платформасынын өзүнчө бир бөлүмдөрү жана форумдары Колдонуучунун жүрүм-турумуна байланыштуу талаптарды кенен камтыган жеке эрежелери менен толукталышы мүмкүн.

 

3. Авторизация жана катталуу

3.1. Платформага катталуу  акысыз жана анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн акысыз түрдө колдонууга берилет. Платформанын бардык кызматтарынан жана мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу үчүн Колдонуучу өз алдынча Сайтка катталат. Платформанын Администрациясы Колдонуучу каттоо, верификация убагында көрсөткөн маалыматтардын тактыгы үчүн жоопкерчилик албайт, натыйжада Колдонуучу туура эмес маалыматтарды көрсөткөндүктөн Сервисти пайдалануу мүмкүн болбой кала турган болсо, бул үчүн да жооптуу эмес. Платформага катталуу үчүн Колдонуучу төмөнкү маалыматтарды көрсөтүүсү керек: телефон номери, жашаган аймагы, жаш курагы жана жынысы. 

3.2. Платформага катталуу менен Колдонуучу жашы жетик экенине, акыл-эси толук экенине же 12 жашка толгон жашы жете элек балдардын ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлү экенине кепилдик берет. Мыйзамдуу өкүл жашы жете элек балдарды өз жоопкерчилиги астында сайтка каттайт жана учеттук катталууну ишке ашырат. Мыйзамдуу өкүл «Qlever» платформасындагы жашы жете элек баланын бардык аракеттери үчүн улуттук мыйзамдарга жараша толук кандуу жоопкерчилик тартат жана муну түшүнүшү керек. Колдонуучу катталып жаткан учурда  онлайн кызматтарды пайдаланууга карата ага мыйзам жагынан чектөө коюлбаганына кепилдик берет. Эгер ата-эне көзөмөлүн ишке ашырууга байланыштуу күмөндүктөр жаралган учурларда Платформанын Администрациясы Колдонуучунун учеттук катталуусун себепсиз өчүрүп салууга укуктуу.

3.3. Катталуу көрсөтүлгөн телефонго sms-билдирүү менен келген жашыруун код киргизүү менен ишке ашат. Жашыруун код тастыкталгандан кийин, Колдонуучу авторизация кыла алат. Катталган учурдан тартып, Колдонуучу бул Макулдаштыктын шарттары менен таанышкан жана кабыл алган деп эсептелет. Платформага кирүү үчүн учеттук катталууну ишке ашырып жатып, Колдонуучу Колдонуучулук Макулдашуу түзүү жана аткарууга зарыл болгон бардык укуктарга ээ экенине кепилдик берет. 

 

3.4. Катталган Колдонуучу Сервисти толук кандуу колдоно алат жана Платформанын бардык бөлүмдөрүнө кире алат. Авторизация болбогон Колдонуучу Платформанын текст түрүндөгү баракчаларын гана карай алат, катталган Колдонуучуга жеткиликтүү болгон мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес. 

3.5. Сайтка катталуу менен Колдонуучу платформанын алкагында аны колдонууга байланышкан жаңылыктарды жана жарнамалык материалдарды алып турууга макулдук берет. Мындай билдирүүлөрдү алуудан баш тарткысы келсе, Колдонуучу сайттын Администрациясына жаңылыктар менен жарнамалык материалдарды алуудан баш тартуу боюнча кат жолдой алат. Колдонуучу Платформанын кызматтык билдирүүлөрүн алуудан баш тарта албайт. 

3.6. Колдонуучунун атын тандоо (псевдонима/nickname) бирден бир Колдонуучунун укугу болуп саналат. Администрация ал атты (псевдонима/nickname) колдонууну токтотуу боюнча чара көрүү укугун сактап калат, эгер ал ат логотиптерди, соода маркаларын жана белгилүү дүйнөлүк фирмалардын бренддерин кайталаса, ошондой эле жалпыга маалым болгон моралдык жана этикалык нормаларды буза турган болсо, же болбосо платформанын башка Колдонуучуларынын ар-намысына шек келтирсе. «Qlever» Колдонуучуларын чаташтыра тургандай деңгээлде окшош болгон Колдонуучунун аттарын каттоого тыюу салынат. 

 

3.7. Колдонуучунун жеке логини жана/же паролу Сайтта авторизация болуу үчүн зарыл болуп саналат. Алардын жардамы менен Платформанын катталган Колдонуучуларына гана жеткиликтүү болгон же ошол Колдонуучуга гана арналган бөлүмдөрүнө кирүүгө болот. Колдонуучу өз логини менен паролун башка үчүнчү тарапка бербегенге жана логини менен паролу үчүнчү тарапка ачыкталып калбашы үчүн бардык аракеттерди көрүүгө милдеттенет. 

3.8. Эгер Платформага Колдонуучудан башка бирөө анын логини менен паролун пайдалануу менен кирсе, ал адам тарабынан жүргүзүлгөн бардык иш-аракеттер ошол Колдонуучу тарабынан жасалды деп эсептелет. Колдонуучу Платформанын алкагында жүргүзүлгөн бардык иш-аракеттери үчүн өз алдынча жоопкерчилик тартат жана ошондой эле анын паролу менен логинин пайдаланып кирген башка бардык адамдардын иш-араеттери үчүн жооптуу болуп саналат. 

 

3.9. Колдонуучу өз паролунун коопсуздугу үчүн өзү жооптуу жана аны мыйзамсыз жана/же башка максатта пайдалануунун айынан келип чыккан кесепеттер үчүн да жоопкерчилик тартат. Колдонуучу өз паролу жана логинин пайдалануу менен мыйзамсыз түрдө кирүү ишке ашкан учурларда жана/же башка паролунун купуялуулугу бузулган же буга күмөн жаралган учурларда дароо Платформанын Администрациясына билдирүүгө милдеттүү. 

3.10. Платформанын Администрациясы Колдонуучу тарабынан Макулдаштыктын ушул жобосу бузулгандыктан Маалыматты жоготуп алуу же бурмаланып калышы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

 

 

4. Платформанын иш алып баруусу жана аны колдонуу

4.1. «Qlever» билим берүүчү-көңүл ачуучу Платформасы сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, колдонуучуларды уюлдук оюндардын жардамы менен медиасабаттуулуктун негиздери менен тааныштырууга арналган. Платформа веб-версия түрүндө да, Android базасындагы уюлдук каражаттар үчүн да жеткиликтүү. Бекитилген техникалык талаптарга ылайык, Платформаны бир гана интерактивдүү режимде (онлайн) колдонууга болот, буга байланыштуу Колдонуучу Интернет байланышы менен камсыз болуусу керек. Колдонуучу Интернет-байланышын камсмыздоого жана Интернет үчүн бардык чыгымдарды өз мойнуна алууга милдеттүү. 

4.2. Платформанын администрациясы тиешелүү бөлүмдөргө контент, анын ичинде оюндарды жайгаштырат жана катталган колдонуучулар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Платформада жайгаштырылган оюндар кандайдыр бир коркунучтарга негизделген эмес жана аларды колдонууда оюнчуларда кандайдыр бир финансылык же материалдык жоготуу мүмкүнчүлүгү жок. Оюндун натыйжалары оюнчунун чеберчилиги менен жөндөмүнөн көз каранды жана кокусунан эле аныкталбайт.  Платформанын сервисин жана анын компоненттерин, анын ичинде оюндарды колдонуу үчүн акы төлөнбөйт жана колдонуучулардан башка материалдык баалуулуктарды талап кылбайт. 

4.3. Бул платформада сунушталган оюндар башка маалыматтык бөлүмдөрү менен байланышкан болушу мүмкүн. Платформада жайгаштырылган жаңылыктар, глоссарий жана башка материалдар менен таанышып чыгуу, оюндардан ийгиликтүү өтүүгө жардам бериши мүмкүн. 

Оюндарга катыштуу бардык интеллектуалдык жана башка менчик укуктары, анын ичинде бардык графикалык сүрөттөр, фото, анимация, видеотасмалар, аудиотасмалар, музыка, текст, оюндарды коштогон материалдар жана алардын каалаган бөлүктөрү жана көчүрмөлөрү Администрацияга же тиешелүү укук ээлерине таандык. Администрация оюн учурунда көрсөтүлгөн Оюнчу жөнүндөгү жеке маалыматтарды жашыруун кармоого милдеттенет, улуттук мыйзамдарда каралган бөтөнчө учурлардан башка учурларда. 

 

4.4. Колдонуучу Оюндун логикасына жараша каралган бардык иш аракеттерди жасоого укуктуу, оюн объектилерин башкаруу үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга, башка Колдонуучулар менен оюн предметтерин же башка баалуулуктарын алмашууга укуктуу. Колдонуучу Оюндун программалык кодуна кийлигишпөөгө милдеттенет, Администрациянын тиешелүү уруксаты жок Интернет тармагында ачык жарыяланбаган оюндун колдонуучулары жөнүндөгү маалыматтарга же башка материалдарга кирбөөгө милдеттеме алат.  

Колдонуучу Оюндун базасында кошумча продуктуларды жаратууга укугу жок, укук ээлеринин уруксаты менен контентти модификациялоо учурларынан башка учурларда. 

4.5. Колдонуучу Оюнду иштеп чыгууда кетирилген катачылыктар менен кемчиликтерди Оюнда каралбаган мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу үчүн колдонууга укугу жок, бул туурасында жана мындай катачылыктарды кыянат пайдалангандар туурасында дароо Администрацияга билдириши керек. Болбосо Оюнчу бул Макулдаштыкта каралган укуктардан ажыратылат. Колдонуучу Оюнду колдонууга же оюн процессине байланышкан нааразылыктарын же сунуштарын колдонуучулардын атайын контингентине жолдоого укуктуу – оюндун форумуна же көрсөтүлгөн даректер боюнча электрондук почтага. 

4.6. Платформанын Сервиси кызыктыруучу сыйлыктар түрүндө материалдык баалуулуктарга ээ болууга мүмкүнчүлүк берет, ал сыйлыктар Платформанын Администрациясы тарабынан бул Макулдашууга кошумча документ болгон “Платформанын Шарттары жана Эрежелерине” ылайык аныкталат. Кызыктыруучу сыйлыктар Колдонуучу оюндардан жана тесттерден алгылыктуу жетишкендиктерге ээ болгондо гана берилет. Кызыктыруучу сыйлыктарды алуу Платформаны пайдаланууда милдеттүү шарт болуп эсептелбейт жана ал Колдонуучунун калоосу жана суроосу боюнча ишке ашат. Колдонуучу Сервистин мүмкүнчүлүктөрүн оюн процессинин алкагында жана Платформанын Администрациясы бекиткен чекте пайдаланууга укуктуу. 

4.7. Кызыктыруучу сыйлыктарды колдонуу укугу берилди деп Колдонуучуга QR-код берилгенде жана ал Колдонуучунун аккаунтунда пайда болгондо эсептелет. Кызыктыруучу сыйлыктарды алууга өтүнүч жөнөткөндө Колдонуучу жеткирүү методдоруна ылайык көрсөтмөлөрдү так аткарууга жана кызыктыруучу сыйлыктарды алуу үчүн бекитилген талаптарды сактоого милдеттүү. Колдонуучу Платформага катталып жатканда туура жеке маалыматтарды көросөтүүгө милдеттенет, ошол сыяктуу эле кызыктыруучу сыйлыктарды алууда да так маалыматтарды көрсөтүшү керек. Кызыктыруучу сыйлыктарды алууда туура эмес көрсөтүлгөн маалыматтарга байланыштуу терс кесепеттер пайда боло турган болсо, бул үчүн Колдонуучу жеке жоопкерчилик тартат. Салык милдеттери бар кызыктыруучу сыйлыктарды (баасы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашкан) алуу учурларында Колдонуучу (жашы жете элек колдонуучунун ата-энеси, камкорчусу же башка мыйзамдуу өкүлү) өздүгүн тастыктаган документинин көчүрмөсүн Платформанын Администрациясына жана анын өкүлдөрүнө тиешелүү салыкты төлөө максатында берет. Кызыктыруучу сыйлыктар аларды алуу эрежелери жана көрсөтмөлөрү так сакталган учурларда гана берилет. Колдонуучуга өткөрүлүп берилгенден кийин Платформанын Администрациясы алынган кызыктыруучу сыйлыктын андан ары колдонулушу/колдонулбашы үчүн жооптуу эмес. 

4.8. Бул жобо менен Колдонуучу өзү тандап алган кызыктыруучу сыйлыкты алууга укуктуу экенин, муну менен үчүнчү тараптын укуктары жана колдонулган укук бузулбаганын тастыктайт. Колдонуучу Платформанын Администрациясына жана башка колдонуучуларга жана үчүнчү тараптарга Колдонуучунун мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу келтирилген чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттенет, маселен туура эмес же ага таандык эмес маалыматтарды пайдаланууга байланыштуу келип чыккан чыгымдар . 

 

 

5. Тараптардын жоопкерчилиги

5.1. Платформанын Администрациясы Платформа күнү-түнү талаптагыдай иштешин камсыз кылууга аракет кылат, бирок Платформанын ишинде кандайдыр бир себептердин натыйжасында үзгүлтүккө учурай турган болсо Платформанын Администрациясы эч кандай жоопкерчиликти албайт. 

5.2. Платформанын Администрациясы анда жайгаштырылган Маалымат каалаган убакта жеткиликтүү болот деп же өчүрүлбөй же жок болуп кетпейт деп кепилдик бербейт. Платформанын Администрациясы Платформанын ишиндеги үзгултүккө учуроо же токтоп калуулар үчүн жана анын натыйжасында пайда болчу кесепеттерге жооптуу эмес. 

5.3. Платформанын Администрациясы Колдонуучунун жеке маалыматтарына мыйзамсыз же кокустан ээ болуудан, жоголуп кетүүсүнөн, өзгөрүп калуусунан, блок коюлуп калуусунан, мыйзамсыз ачыкталып кетүүсүнөн жана башка үчүнчү тараптын мыйзамсыз аракеттеринен коргоо үчүн зарыл болгон жана жетиштүү деңгээлдеги уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт. Колдонуучулардын жеке маалыматтары бир гана Платформанын максаттары жана кызыкчылыктары үчүн иштетилет жана коммерциялык максатта колдонулбайт. Эч качан колдонуучулардын жеке маалыматтары Платформанын Администрациясынан тышкары үчүнчү тарапка берилбейт. 

5.4. Платформанын Администрациясы Платформанын ишин тейлөө ишмердүүлүгүн жүргүзүү учурунда маалыма болгон жеке маалыматтарды ачыктабоого милдеттенет, жана ошондой эле жогоруда айтылган маалыматтарды үчүнчү тараптын ачыктоо аракеттеринен сактоого милдеттүү. 

 

Колдонуучулардын жеке маалыматтарын түзгөн бардык маалыматтар жана Платформанын Администрациясы тарабынан материалдык жана материалдык эмес формада алынган маалыматтар долбоордун концорциумунан алкагынан тышкары берилүү укугусуз BRYCA долбоорунун менчиги болуп саналат. 

5.5. Колдонуучу Сайттын Администрациясы Колдонуучунун жеке маалыматтарын чогултуп, сактап, жеке маалыматтарды иштетүү боюнча башка аракеттерди ишке ашыруусуна макулдук берет,  бул маалыматтар Платформанын Сервиси тарабынан колдонулат, Колдонуучу менен байланышуу, анын ичинде Платформанын ишине байланышкан алдын ала маалымдоо, сурамжылоо жана маалыматтарды жөнөтүү, ошондой эле Колдонуучунун суроо-талаптарын, арыздарын иштеп чыгуу, Платформанын контентин жакшыртуу, жаксыздандырылган маалыматтардын негизинде статистикалык жана башка иликтөөлөрдү жүргүзүү, Платформанын колдонуучуларынын учетун жүргүзүү.

5.6. Платформанын Администрациясы Платформаны колдонгонунун же Платформанын иш алып барышынан жана башка бул Макулдашууда каралган бардык учурлардан улам келип чыккан чыгымдарды, маселен колдон чыгарып жиберген пайданы, Колдонуучуга же үчүнчү тарапка келтирилген моралдык же башка чыгымды төлөп бербейт жана ал үчүн жоопкерчиликти албайт. 

5.7. Колдонуучу өзү тарабынан Платформага жайгаштырылган маалымат үчүн жана/же башка Колдонуучуларга же үчүнчү тарапка ал тарабынан Платформаны пайдалануу менен маалымдалган Маалымат үчүн толук жоопкерчиликти алат, анын ичинде маалыматтын мазмуну үчүн, үчүнчү тараптын укугунун бузулушу үчүн. 

Колдонуучу жогоруда белгиленген мыйзам бузуулардын жана/же Платформада андай маалыматты жайгаштыруунун жана/же Платформанын жардамы менен жбиерилген билдирүүнүн, ошондой эле Платформаны пайдалануу менен ишке ашырылган башка аракеттерден улам башка Колдонуучуга же үчүнчү тарапка же Платформанын Администрациясына келтирилген бардык чыгымдарды (колдон чыгарып жиберге пайда же моралдык жана башка чыгым) жекече кайтарат. 

 

5.8. Колдонуучу Платформаны колдонууда төмөнкүдөй маалыматтарды Платформага жайгаштырбоого же Платформаны пайдалануу менен кайда болбосун жөнөтпөөгө милдеттенет: 

  • Жалаа жаба турган, мазактай турган, үчүнчү бир тараптын ар-намысына шек келтире турган жана/же кордой турган, коркутуу-үркүтүү камтылган маалымат;
  • Үчүнчү тараптын укугун жана мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын буза турган;
  • Коомдук тартипти жана жарандардын жеке жашоо укугун буза турган;
  • Адамдарды расалык, этникалык, жыныстык, диний айырмачылыктарына, социалдык макамына, сексуалдык багытына жана башка белгилерине карата басмырлоону жайылта турган;
  • Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө өбөлгө болгон жана/же чакырык жасаган маалымат; 
  • Согушка, диний, расалык жана улуттар аралык ажырымга алып келген, кастыкты пайда кылуу аракети камтылган, зордук-зомбулукка чакыруу, азчылыктын укуктарын басынткан маалыматтар;
  • Порнографиялык жана башка адеп-ахлакка каршы келген материалдар; 
  • Экстремисттик мазмундагы материалдар;
  • Жарандардын диний ишенимдерин мазактаган маалыматтар;
  • Атайын “тапшырык” мүнөзүндөгү материалдар, б.а. Платформанын максаттарына дал келбеген кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн жаратылган материалдар; 

5.9. Колдонуучу Платформаны колдонууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Платформада жана/же Платформа аркылуу компьютердик вирустарды же башка компьютердик коддорду, кандайдыр бир компьютердик же телекоммуникациялык жабдыктарды бузуу, модификациялоо, блок коюу же жок кылууга арналган файлдарды же программаларды, же мыйзамсыз бузуп кирүүнү ишке ашыра турган программаларды, ошондой эле коммерциялык программалык продуктуларга сериялык номерлерди жана аларды генерациялоо үчүн программаларды, логин, пароль жана башка Сайтка мыйзамсыз кирүүну ишке ашыра турган каражаттарды, мындан тышкары Интернет тармагындагы акы төлөнчү ресурстарга мыйзамсыз кирүүнү ишке ашыра турган каражаттарды таркатпоо керек;
  • Маалыматтарды жана маалыматтар Базасын “уурдоо”, мыйзамсыз бирөөгө берүү, көчүрүү, блок коюу, модификациялоо, жок кылууга арналган, жана ошондой эле Платформанын Администрациясы тарабынан бекитилген чектөөлөрдү айланып өтүүгө багытталган кандайдыр бир компьютердик программаларды, роботторду (“жөргөмүштөр”) жана башка автоматташтырылган алгоритм жана методдорду таркатпоо жана/же колдонбоо керек;
  • Башка колдонуучуларга оюндун жыйынтыгын өгзөртүүгө же таасир этүүгө жол бере турган маалыматтарды билдирбөөгө (мисалы, оюндардагы тапшырмалардын туура жооптору);
  • Платформада сыйлыктарды алууга керектеле турган жылдызчаларды жасалма түрдө топтоого жана башкаларга берүүгө катышпоого: анын ичинде Платформанын колдонуучусуна бирден ашык аккаунт ачуу, жылдызчаларды бир аккаунттан башка аккаунтка берүү, платформада промокоддорду же жылдызчалардын башка эквиваленттерин башка колдонуучуга берүү, бир же бир нече аккаунтта жылдызчаларды топтоо үчүн башка колдонуучулар менен кутум түзүү, Платформанын Администрациясы тарабынан бекитилген чектөөлөрдү айланып өтүү максатындагы жана башка аракеттер;
  • Платформада интеллектуалдык менчик жөнүндөгү мыйзам менен корголгон (анын ичинде патент, товардык белги, автордук жана чектеш укуктарга байланышкан маалыматтар) маалыматтарды жана башка мыйзам менен корголгон Маалыматтарды аларга карата укукка ээ болбой туруп же укук ээлеринин макулдугун албай туруп жайгаштыруу же пайдаланууга болбойт. Талаш кырдаал жаралган учурларда, Колдонуучу тарабынан жайгаштырылган маалымат кимдир-бирөөнүн укугун бузбай труганын далилдөө милдети ошол Колдонуучуга жүктөлөт;
  • Платформанын Администрациясынан алдын ала уруксат албай туруп Платформада жарнама таркатууга болбойт;
  • Башка Колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогултуу, сактоо, таркатуу жана башка жеке маалыматтарды иштеп чыгууга байланышкан иш аракеттерди ашырууга болбойт; 
  • Платформада мазмуну мыйзамдын жана/же бул Макулдашуунун талаптарына каршы келген башка Интернет ресурстарга шилтеме жайгаштырууга болбойт;
  • Платформага катталууда өзү жөнүндө жалган Жеке маалыматтарды көрсөтүүгө болбойт, башка бир реалдуу адамдын же мурда бар болгон адамдын атынан катталууга же башка аракеттерди жасоого болбойт, үчүнчү тараптагы адамдардын жеке маалыматтарын көрсөтүүгө, үчүнчү тарапка кандай формада болбосун мыйзамсыз түрдө өкүлчүлүк кылууга болбойт;
  • Платформанын жардамы менен башка Колдонуучулардан жана/же үчүнчү тараптардан кандай шылтоо менен болбосун акча талап кылууга же алууга багытталган аракеттерди жасоого болбойт; 
  • Платформа аркылуу баңги заттарын же башка психотроптук заттарды колдонууну пропаганда кылууга, чакырууга жана сойкулук менен алектенүүгө тартууга болбойт;
  • Сайтты пайдалануу менен башка мыйзамсыз иштерди жасоого, улуттук мыйзамдардын жана/же бул Макулдашуунун талаптарына каршы келе турган аракеттерди ишке ашырууга же мындай аракеттерди ишке ашырууга көмөктөшүүгө болбойт. 

5.10. Платформанын Администрациясы Колдонуучуга Платформага Маалымат жайгаштырууга жана Платформанын сервистерин колдонууга гана мүмкүнчүлүк берет. Платформанын Администрациясы Колдонуучу тарабынан Платформага жайгаштырылган Маалыматтын чындыгы жана мыйзамдуулугу  үчүн эч кандай жоопкерчиликти албайт. Платформанын Администрациясы өз каалоосу боюнча кайсы бир маалыматты жайгаштыруудан баш тарта алат, Колдонуучу Платформага жайгаштырган  каалаган маалыматтан өчүрүп жана/же редакциялай алат. Колдонуучу тарабынан бул Макулдаштык бузулган учурларда Администрация алдын ала маалымдабастан бир тараптуу түрдө Колдонуучунун Платформага кирүүсүн толугу менен же жарым-жартылай чектей алат, ошондой эле Колдонуучуга Платформанын сервисин колдонушуна баш тарта алат, муну менен Колдонуучуга кандай чыгым келбесин эч кандай жоопкерчилик тартпайт. 

 

 

 

6. Алдын ала маалымдоо

6.1. Колдонуучу Платформанын алкагында же ага байланыштуу өтө турган маанилүү иш чаралар туурасында электрондук билдирүүлөрдү ала алат. 

6.2. Алдын ала маалымдоону Колдонуучуга профилактикалык иштерге, Колдонуучу тарбынан мыйзам бузууларга, Платформанын функционалынын өзгөрүшүнө, Сервистин мазмуну жана шарттары өзгөргөнүнө, анын ичинде Макулдашуу, жана башка милдеттүү жана кошумча документтердин өзгөрүшүнө байланыштуу Платформага кирүү убактылуу чектелгенин кабарлоо үчүн пайдаланууга жол берилет.

6.3. Платформанын Администрациясы  өз каалоосу менен алдын ала маалымдоону өз кызматтарынын жана үчүнчү тараптардын продукцияларынын (кызматтарынын) жарнамасын таркатуу үчүн пайдаланууга укуктуу.

 

7. Жыйынтыктоочу жоболор

7.1. Платформанын иш алып барышына байланыштуу маселелер боюнча же аны пайдаланууда Колдонуучунун укуктары менен кызыкчылыктары бузулганына байланыштуу нааразылыктар пйда болгон учурларда, талаш маселелерди чечүү жана тескөө үчүн Платформанын Администрациясына  кайрылууга болот. Бул Макулдашуу аркылуу тескеле турган мамилелерден келип чыккан бардык мүмкүн болчу талаш маселелер Платформага ээлик кылуу укугуна ээ болгондордун жайгашкан орду боюнча улуттук мыйзамдарда бекитилген тартипте чечилет. 

 

7.2. Эгер кайсы бир себептерден улам Макулдашуунун бир же бир нече жобосу жараксыз деп табылса, же юридикалык күчүн жоготсо, бул Макулдашуунун башка жоболорунун жарактуулугуна таасир бербейт. 

 

7.3. Колдонуучу тарабынан бул Макулдашуунун жоболору бузулган учурларда Платформанын Администрациясынын аракетсиздиги өз укугун коргоо боюнча тиешелүү аракеттерди кийинчерээк ишке ашыруу укугунан ажыратпайт, ошондой эле  бул ушуга окшош же ошондой эле мыйзам бузуулар келечекте орун алган учурларда да Платформанын Администрациясы өз укугунан баш тартат дегенди тушүндүрбөйт. 

7.5. Бул Макулдашуу орус тилинде тузүлдү жана айрым учурларда Колдонуучуга таанышуу үчүн башка тилде да сунушталышы мүмкүн. Эгер Макулдашуунун орус тилиндеги версиясы менен башка тилдеги версиясында айырмачылыктар боло турган болсо, Макулдашуунун орус тилиндеги версиясы колдонулат. 

 

7.6. Кыргыз Республикасынын аймагындагы колдонуучулардын жеке маалыматтарын иштетүү мүмкүнчүлүгү менен Платформага ээлик кылуу жана Платформаны башкаруу укугуна ээ болгон уюм Бишкек ш. Фурманов көч. 21/1 дарегинде жайгашкан "Медиа сабак" Коомдук Фонду болуп саналат.