Информация о проекте
Дождитесь окончания загрузки
Артка

Долбоор жөнүндө маалымат

QLEVER+ ПЛАТФОРМАСЫ ЖӨНҮНДӨ

QLEVER платформасы - бул тематикалык оюндар жана кубаттоо аркылуу Борбордук Азиядагы аялуу жаштардын критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана жалган маалыматка, пропагандага, зордук-зомбулукка жана интернетте кастык тилинин жайылышына туруштук берүүнү жогорулатуу максатында өнөктөштөр тобу тарабынан иштелип чыккан билим берүү менен бирге көңүл ачуучу онлайн-портал.

QLEVER′дин негизги аудиториясы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн алыскы аймактарындагы – Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы 12 жаштан 35 жашка чейинки, Өзбекстанда - 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар.

Медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу үчүн өнөктөштөр тарабынан иштелип чыккан билим берүүчү жана көңүл ачуучу оюндардан тышкары, платформа маалыматтык жана жаңылыктык материалдарды, интерактивдүү сурамжылоолорду, викториналарды жана башкаларды камтыйт. Колдонуучулар  топтогон упайларын  «Дүкөн» бөлүмүндө чыныгы белектерге алмаштыра алышат.

Платформаны колдонуу акысыз жана колдонуучулардан акча же башка материалдык салымдарды талап кылбайт. Кызмат коммерциялык эмес максаттарда колдонулат жана коммерциялык кызматтарды көрсөтпөйт.

Платформанын бардык контенти казак, кыргыз, тажик, өзбек жана орус тилдеринде жеткиликтүү.

QLEVER Android операциялык тутумунун негизинде санариптик каражаттар үчүн, анын ичинде www.qlever.asia  веб-сайты Chrome, Mozilla Firefox, Microsoft Edge, Safari, Opera браузерлери аркылуу жеткиликтүү.

Ыйгарым укуктуу колдонуучу платформанын бардык функцияларына жана бардык компоненттерине кире алат. Толук мүмкүнчүлүк алуу үчүн, каттоо процедурасынан өтүү керек. Каттоодон мурун колдонуучу Колдонуучу келишиминин жана Купуялык саясатынын шарттарын окуп, кабыл алышы керек.

2024-жылдын февралынан тартып платформа АКШнын Мамлекеттик департаментинин демократия, адам укуктары жана эмгек маселелери боюнча бюросунун (DRL) колдоосу менен «Билим берүү оюндары аркылуу жек көрүүчүлүккө жана пропагандага каршы туруу үчүн Борбор Азиядагы аялуу жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында ишин улантууда.

Долбоорду ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр: ERIM (Equal Rights and Independent Media, Франция), «MediaNet Эл аралык журналистика борбору» коомдук фонду (Казакстан), «Медиа Сабак» коомдук фонду (Кыргызстан) жана «Гурдофарид» коомдук уюму (Тажикстан). Бул долбоор 2020-2022-жылдары өнөктөштөр тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылган BRYCA долбоорунун логикалык уландысы болуп саналат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректерге кайрылгыла:

 

Казакстанда

Email: info@medianet.ngo 

Телефон: +7 727 339 0552

 

Кыргызстанда

Email: mediasabakkg@gmail.com

Телефон: +(996) 701 75 38 37 

 

Таджикстанда

Email: qlever.tj@gmail.com

Телефон: +992(92) 7382707

 

Өзбекстанда

Email: cdmjuz@gmail.com / sandrasulaymanova@gmail.com

Телефон: +998 (97) 156-51-22