Политика конфиденциальности
Дождитесь окончания загрузки
Артка

Купуялык саясаты

1. Бул купуялуулук Саясатында төмөнкү терминдер колондулат:

1.1. “Qlever» сайтынын, уюлдук тиркемесинин администрациясы (мындан ары  – сайттын, уюлдук тиркемесинин администрациясы) "Медиа сабак" КУнун атынан иш алып бара турган сайтты, уюлдук тиркемени башкаруу укугуна ээ кызматкерлер, алар жеке маалыматтарды иштеп чыгууну уюштурат жана/же ишке ашырат, жана жеке маалыматтарды иштетүүнүн максатын аныкташат, иштеп чыгуу керек болгон жеке маалыматтардын курамын, жеке маалыматтардын үстүнөн аткарылчу иш аракеттерди (операцияларды) аныкташат. 

1.2. «Жеке маалыматтар» - аныкталган же аныктала турган жеке адамга (жеке маалыматтардын субъектисине) түздөн-түз же кыйыр түрдө тийиштүү болгон бардык маалымат.  

1.3. «Жеке маалыматтарды иштетүү» - автоматташтырылган каражаттарды пайдалануу менен же андай каражаттарды пайдаланбастан жеке маалыматтардын үстүнөн жүргүзүлгөн бардык иш аракеттер (операция) же иш аракеттердин (операциялардын) топтому, маселен, маалыматты топтоо, жаздыруу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңылоо, өзгөртүү), бир каражаттан чыгарып алуу, пайдалануу, берүү (таркатуу, ачыктап берүү, кирүүгө мүмкүнчүлү берүү) жаксыздандыруу, блок коюу, өчүрүү, жок кылуу. 

1.4. «Жеке маалыматтардын купуялуулугу» - Оператор жана башка жеке маалыматтарга жеткиликтүүлүк берилген адамдар сакташы керек болгон милдеттүү талап болуп саналат, жеке маалыматтарды алар таандык болгон субъектилердин макулдугусуз же башка мыйзамдуу негизисиз таркатууга жол берилбеши керек.

1.5.  «Qlever» сайтынын, уюлдук тиркемесинин Колдонуучусу (мындан ары - Колдонуучу)» –www.qlever.asia сайтына, уюлдук тиркемесине Интернет тармагы аркылуу кире ала турган жана «Qlever» тиркемесин колдонго бардык адамдар.

1.6. «IP-дарек» —IP протоколу боюнча түзүлгөн компьютердик тармактагы түйүндүн уникалдуу тармактык дареги.

2. Жалпы жоболор

2.1. “Qlever» сайтын, уюлдук тиркемесин колдонуу бул купуялуулук Саясатына жана Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштетүү шарттарына макулдук берүү дегенди түшүндүрөт.  

2.2. Купуялуулук Саясатынын шарттарына макул эмес болсо Колдонуучу “Qlever» сайтын, уюлдук тиркемесин  колдонууну тктотуусу керек. 

2.3. Бул купуялуулук Саясаты бир гана “Qlever» сайты, уюлдук тиркемеси үчүн колдонулат. Колдонуучу “Qlever» сайтындагы, уюлдук тиркемесиндеги шилтемелер аркылуу өтө ала турган башка үчүнчү тараптын сайттарын  “Qlever» көзөмөлдөбөйт жана жоопкерчилик албайт. 

2.4. “Qlever» сайтынын, уюлдук тиркемесинин Администрациясы “Qlever» сайтынын, уюлдук тиркемесинин Колдонуучусу берген жеке маалыматтардын чын-бышыктыгын текшербейт.  

3. Купуялуулук саясатынын предмети

3.1. Бул купуялуулук Саясаты “Qlever» сайтынын, уюлдук тиркемесинин Администрациясынын Колдонуучу “Qlever» сайтынын, уюлдук тиркемесинин Администрациясынын суроо-талабы боюнча сайтка, уюлдук тиркемеге катталуу учурунда же тапшырык берип жаткан учурда берген жеке маалыматтарды ачыктабоо жана купуялуулугун коргоо менен камсыздоо боюнча милдеттерин бекитет. 

3.2 Жогоруда эскертилбеген бардык башка маалыматтар ишенимдүү сакталууга жана ачыкталбоого тийиш. 

4. Колдонуучунун жеке маалыматтарын чогултуунун максаттары

4.1. Колдонуучунун жеке маалыматтарын сайттын Администрациясы төмөнкү максаттарда колдоно алат: 

4.1.1. “Qlever» сайтынан, уюлдук тиркемесинен аралыктан туруп тейлөө амалы менен тапшырыкты ишке ашыруу үчүн “Qlever» сайтына, уюлдук тиркемесине катталган Колдонуучуну  идентификациялоо максатында. 

4.1.2. Колдонуучуга “Qlever» сайтынын, уюлдук тиркемесинин жекелештирилген русурстарына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн.

4.1.3. Колдонуучу менен кайтарым байланыш түзүү үчүн, маселен “Qlever» сайтына, уюлдук тиркемесине байланыштуу билдирүүлөрдү, сурамжылоолорду жөнөтүү, кызмат көрсөтүү, Колдонуучунун суроо-талаптарын, өтүнмө каттарын иштеп чыгуу.  

4.1.4. Колдонуучу тарабынан берилген жеке маалыматтардын тактыгын жана толуктугун тастыктыоо.

4.1.6. Эгер Колдонуучу учеттук катталуу түзүүгө уруксат берген болсо, сатып алууларды ишке ашыруу үчүн учеттук катталуу түзүү. 

4.1.8. “Qlever» сайтын, уюлдук тиркемесин колдонууга байланышкан маселелер жаралган учурда Колдонуучуга натыйжалуу кардардык жардам жана техникалык колдоо көрсөтүү үчүн. 

5. Жеке маалыматтарды иштетүүнүн амалдары жана мөөнөттөрү 

5.1. Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштетүү бардык мыйзамдуу жолдор менен ишке ашат, анын ичинде  жеке маалыматтардын маалыматтык системаларында автоматташтырылган каражаттарды пайдалануу менен же андай каражаттарды пайдаланбастан иштетүү. 

5.2. “Qlever» сайтынын, уюлдук тиркемесинин Администрациясы жеке маалыматтарды үчүнчү тарапка берүүгө укуктуу экенине Колдонуучу макулдугун берет, маселен курьердик кызматтарга, почта байланыш уюмдарына, электр байланыш операторлоруна, бирок бул Колдонуучунун “Qlever» сайтында, уюлдук тиркемесинде жасаган тапшырыгын аткаруу, анын ичинде Товарды жеткирүү сыяктуу максаттар үчүн гана берилет, андан тышкары мамлекеттик бийлик органдарынын талабы боюнча да жеке маалыматтарды берет.  

5.3. Колдонуучунун жеке маалыматтары  аларды иштетүүнүн бул Купуялуулук Саясатында көрсөтүлгөн максаттары  ишке ашканга чейин же ал максаттарга жетүү зарылдыгы жок болгонго чейин сакталат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды сактоого жол берилген мөөнөткө чейин сакталат. 

 

5.4. Жеке маалыматтар жок болуп же ачыкталып кеткен учурларда сайттын, уюлдук тиркеменин Администрациясы Колдонуучуга жеке маалыматтар жок болуп же ачыкталып кеткени туурасында маалымдайт.

5.5. Сайттын, уюлдук тиркеменин Администрациясы Колдонуучунун жеке маалыматтарына мыйзамсыз же кокустан ээ болуудан, жоголуп кетүүсүнөн, өзгөрүп калуусунан, блок коюлуп калуусунан, мыйзамсыз ачыкталып кетүүсүнөн жана башка үчүнчү тараптын мыйзамсыз аракеттеринен коргоо үчүн зарыл болгон жана жетиштүү деңгээлдеги уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт. 

5.6. Сайттын, уюлдук тиркеменин Администрациясы Колдонуучу менен биргеликте Колдонуучунун жеке маалыматтарынын жок болуп кетишинен же ачыкталып кетишинен келип чыккан чыгымдарды же башка терс кесепеттерди алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. 

6. Тараптардын милдеттери

6.1. Колдонуучунун милдеттери:

6.1.1. “Qlever» сайтын, уюлдук тиркемесин колдонууга зарыл болгон жеке маалыматтарды берүүгө.

6.1.2. Берген жеке маалыматтар өзгөрүп кеткен учурларда аларды жаңылоого, толуктоого.

6.2. Сайттын Администрациясынын милдеттери:

6.2.1. Алынган маалыматтарды бир гана бул купуялуулук Саясатынын 4-п. көрсөтүлгөн максаттар үчүн гана колдонууга. 

6.2.2. Купуя маалыматтардын жашыруун сакталышын камсыздоого, Колдонуучунун жазуу түрүндөгү уруксаты жок ачыктабоого, бул купуялуулук Саясатынын 5.2 жана 5.3 п.п. башка учурларда Колдонуучу тарабынан берилген жеке маалыматтарды сатуу, алмашуу, жарыялоо же башка амалдар менен таркатуу аракеттерин ишке ашырбоого. 

6.2.3. Колдонуучунун жеке маалыматтарынын купуялуулугун коргоо боюнча, адатта ишкердик жүгүртүүдө мындай мүнөздөгү маалыматтарды коргоодо колдонулчу тартипке ылайык коопсуздук чараларын көрүүгө. 

6.2.4. Туура эмес жеке маалымат берилгени аныкталган учурларда же мыйзамга туура келбеген аракеттер орун алган учурларда Колдонуучу же анын мыйзамдуу өкүлү же жеке маалыматтардын субъектисин коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган кайрылуу же өтүнмө жолдогон учурдан тартып тиешелүү Колдонуучуга таандык болгон жеке маалыматтарга блок коюуга.

7. Тараптардын жоопкерчилиги

7.1. Өз милдетин аткарбаган сайттын, уюлдук тиркеменин Администрациясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтардын мыйзамсыз колдонулушунан улам  Колдонуучуга келтирилген тиешелүү заказдын жалпы суммасынан ашпаган зыян үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алат, бул купуялуулук Саясатынын 5.2., 5.3 жана 7.2 п.п. каралгандан учурларда. 

 

7.2. Эгер Купуя маалымат жок болуп же ачыкталып кетсе, сайттын Администрациясы төмөнкү учурларда жоопкерчиликти албайт:

7.2.1. Ал маалымат жок болуп же ачыкталып кеткенге чейин эле жалпыга маалым болсо.

7.2.2. Сайттын Администрациясы ал маалыматты алганга чейин үчүнчү тараптан алынган болсо.

7.2.3. Колдонуучунун макулдугу менен ачыкталган болсо.

8. Талаш маселелерди чечуу

8.1. “Qlever» сайтынын, уюлдук тиркемесинин Колдонуучусу менен сайттын, уюлдук тиркеменин Администрациясынын ортосундагы мамилелерден келип чыккан талаш маселе боюнча сотко доо арыз менен кайрылууга чейин милдетүү түрдө наарызылык кайрылуусу жолдонушу керек (талаш маселени ыктыярдуу чечүү боюнча кат түрүндөгү сунуш).  

8.2. Наразылык катын алган тарап 30 календардык күндүн ичинде нааразылык жөнөткөн тарапка нааразылык катын кароонун жыйынтыгы туурасында билдирет. 

8.3. Тараптар макулдаштыкка келбесе, талаш иш Кыргыз Репсубликасынын мыйзамдарына ылайык сот органдарынын кароосуна берилет. 

8.4. Бул купуялуулук Саясатына жана сайттын, уюлдук тиркеменин Администрациясы менен Колдонуучусунун ортосундагы мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат. 

9. Кошумча шарттар

9.1. Сайттын, уюлдук тиркеменин Администрациясы бул купуялуулук Саясатына Колдонуучунун макулдугусуз өзгөртүү киргизгенге укуктуу.

9.2. Жаңы купуялуулук Саясаты  “Qlever» сайтына, уюлдук тиркемесине жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет, эгер купуялуулук Саясатынын жаңы редакциясында башка учур каралбаган болсо.