Ар бирибиз интернеттеги ар кандай көмүскө коркунучтарга туш болобуз. Бир эле туура эмес шилтемени басуу менен каражатыбызга вирус жуктуруп же жеке файлдарды жок кылып алышыбыз мүмкүн. Ачуулуу комментарий көптөгөн адамдарды таарынтса, шылуундар акча өндүрүүгө аракет кылышат. Биз жакшы кабар менен бөлүшкүбүз келет, эми сен “Детектив” аттуу жаңы оюндун жардамы менен жеке өзүңдүн иликтөөңдү жүргүзсөң болот! Бул оюн кастык тилин, фейктерди, дезинформация, шылуундук аракеттерин ж.б. табууга үйрөтөт.
Иликтөөң ийгиликтүү болушу үчүн, бардык билгендериңди жакшылап толук эстешиң керек. Ошондуктан, оюнду баштаардан мурда, төмонкү кыскача маалыматтарды окуп ал:
- Киберкоопсуздук. Коркунучтардын түрлөрү
- Троллду кантип таанып, андан кантип коргонуу керек
- Кликбейт. Бул эмне жана аны кантип таанууга болот?
- Тон аркылуу берилген кастык тили кандай болот жана аны кантип таануу керек?
- Кастык тилин аныктайбыз
- Интернет-реклама зыян келтириши мүмкүнбү?