Code Generation программалоо мектеби жана Билим берүү демилгелери Фонду окуучулар арасында спорттук программалоо боюнча Борбор Азия олимпиадасын өткөрүүдө.
Олимпиадага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 5-11-класстарынын окуучулары катыша алышат. Катышуучулар жаш курагы боюнча бөлүнүшөт:
- 5-класстан 6-класска чейин
- 7ден 8ге чейин
- 9-класстан 11-класска чейин
Сыйлыктар үч жаш категориясында 1, 2 жана 3-орундарды алган катышуучулар арасында бөлүштүрүлөт.
Олимпиада онлайн режиминде Balatech платформасында өтөт. Kaktus.Media маалымдагандай, Balatech -мобилдик сабаттуулукту, Интернеттин натыйжалуу колдонулушун жана программалоону үйрөнүү үчүн орус жана кыргыз тилдеринде универсалдуу билим берүү платформасы болуп саналат. Платформа - бул балдар башкы каарманга кристаллдарды чогултууга жардам бериши керек болгон оюн. Аткарылган тапшырмалар үчүн колдонуучулар упай алышат жана алардын иштөө рейтингин өлкө боюнча көрө алышат