Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Дүкөн тууралуу суроо-жооптор 🛍

15.05.2024 • 04:33

👋 Достооор!

Ураааа!  Биздин дүкөн жаңыртылды, эми мындан да кызыктуу байгелерди сатып алсаң болот! 🎉

Бизге  QleverKG_bot Телеграм чат-боту аркылуу көптөгөн төмөндөгүдөй  суроолор келип жатат: "Дүкөн качан ачылат?", "Качан бирдиктер болот?", "Эмне үчүн "Сатылып кетти" деп жазылган?", "Жеткирүү үчүн төлөш керекпи?"

Биздин жооптор:

  • Дүкөн ар бир дүйшөмбү күнү ачылат. Так убакыт жок. Аны өткөрүп жибербеш үчүн  телефонуңда эскертмени күйгүз же тез-тез текшерип тур. Платформадагы жаңылыктар биздин CHYRAK GLOBAL Инстаграм-баракчабызда жарыяланып турат. Ага каттал  жана жаңылыктарга көз салып тур. 📱
  • Тилекке каршы, май айында бирдиктер болбойт. Биз бул маселенин  үстүндө иштеп жатабыз жана дүкөндө  бирдиктердин кайрадан пайда болушуна  аракет кылабыз. 🔍
  • Эгерде байгенин астында "Сатылып кетти" деп жазылып турса, бул байге мурун эле сатылып кеткен дегенди билдирет. Колдонуучулардын саны тынымсыз өсүп жаткандыктан, байгелер тез эле сатылып кетет. Демек, кийинки дүйшөмбүдө дүкөнгө кайра келиш керек. 🛒
  • Аймактарга байгелерди жеткирүү биздин эсебибизден, андыктан эч нерсе төлөбөйсүң. Эгерде сен Бишкекте жашасаң же ошол учурда Бишкекте болуп калсаң, анда байгеңди  өзүң  алып кетсең болот. МААНИЛҮҮ!  Байгени сатып алууда  сөзсүз өзүңдүн колдонуп жүргөн телефон номериңди  көрсөтүүнү унутпа. Эгерде колдонуучунун телефон номери  жеткиликтүү эмес болсо, байге  артка кайтарылат жана ал колдонуучуга кайра берилбейт. 🚚
  • Байгени алгандан кийин сөзсүз түрдө аны менен сүрөткө түшүп,өзүңдүн толук аты-жөнүңдү көрсөтүп,  Телеграм  чат-ботко жөнөтүү керек. 📸Эгер байгени сатып алгандан кийин сени менен байланышпасак, анда Телеграм  чат-ботко жазсаң болот.

Кызыктуу бекен? Биз  пайдалуу маалыматтарды  дагы  жарыялап турабыз! Көрүшкөнчө! 👋

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.