Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Университеттердеги жазгы семестр гибриддик форматта уюштурулат

25.01.2021 • 06:35

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021 окуу жылынын жазгы семестринде ЖОЖдордо окуу процессин уюштуруу алгоритмин иштеп чыкты. Бул тууралуу министрликтин сайты  маалымдайт.

Жаңы алгоритмге ылайык,  жазгы семестрде окутуу гибриддик (аралаш) форматта уюштурулат.

Ошентип, толугу менен салттуу форматтагы окутууну уюштурууга төмөнкүлөр үчүн уруксат берилет:

- даярдоонун бардык багыттары жана адистиктери боюнча бүтүрүүчү курстардын студенттери/ магистранттары;

- медициналык адистиктердин студенттери.

Аралаш окутууну колдонгон окуу процесси кенже курстун студенттери үчүн (бүтүрүүчү курстан тышкары), медициналык тармактардан тышкары, адистиктер боюнча окутуу чөйрөлөрү үчүн уюштурулат.

Атайын окуу материалдарын, шаймандарды пайдалануу менен контакттык окутуу талап кылынса, "Математикалык жана табигый илимдер цикли" жана "Кесиптик цикл" дисциплиналары боюнча практикалык жана лабораториялык сабактарды оффлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.