Кыргызстанда YouTube каналдарында блог жүргүзүү жана монетизациялоо боюнча курстар башталды
25.02.2021 • 10:42Lights Creative Group продакшн компаниясы ПРООНдун колдоосу менен YouTube’да сапаттуу контентти жасоо, каналды ачуу, өнүктүрүү жана ошондой эле кандайча киреше табуунун жолдору жөнүндө курс ачышты. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.
Бул демилге жоопкерчиликтүү контентти жаратууга көмөктөшүү жана YouTube негизделген бизнести колдоо максатын көздөйт. “Таасирдүү блоггер болуу. YouTube жөнүндө» деп аталган курс контентти түзүү, жарнамалоо жана видеохостингдин иштөө принциптери жөнүндө айтып берет.
Курсту иштеп чыгуучулар окуу аяктагандан кийин, катышуучулар YouTube каналын жайылтууга жардам бере турган кызыктуу жана жагымдуу контентти түзүп, эң негизгиси, өз өнүмдөрүн жарнамалоо көндүмдөрүн YouTube Analytics жана Google Ads ушул сыяктуу стратегияларды жана куралдарды колдонуп өздөштүрүшөт деп ишенишет.
Курс Google Class платформасында жүргүзүлөт жана баарына жеткиликтүү.