Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Оюн ойноп билим ал, белектерди утуп ал!

27.01.2021 • 04:43

Ай сайын qlever.asia платформасында оюнчулар пайдалуу маалыматтарды гана алышпастан, иштеп тапкан упайларын бирдиктерге жана белектерге алмаштырышат. Ушул айда Бакыт аттуу жигит стресске каршы куруучу Mi Fingertips blocks утуп алды! Бакыт QLEVER платформасында 2020-жылдын октябрь айынан бери ойноп, упай топтоп жүрөт.

QLEVER оюндары ар кандай курактагы (+12) адамдарга ылайыкташтырылган, андыктан өспүрүмдөр гана эмес, чоңдор дагы үйрөнүп, ойной алышат. Негизги шарт: qlever.asia веб-сайтынан каттоодон өтүшүңүз керек, же Play Marketтен https://play.google.com/store/apps шилтемеси аркылуу тиркемени жүктөп алыңыз. Тиркеме кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.

Оюндарды ойноп, упай топтоодо, аларды Дүкөндөгү кулакчындардан баштап смартфонго чейинки сыйлыктарга алмаштыра аласыз! QLEVER "Борбордук Азиядагы жаштардын критикалык ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү боюнча медиа жана маалыматтык сабаттуулук" долбоорунун (BRYCA долбоору) алкагында иштелип чыккан.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.