Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

TikTok шектүү видеолорду белгилей баштайт.

08.02.2021 • 06:15

TikTok ылайыксыз видеолорду белгилөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктү сунуштайт. Бул тууралуу социалдык тармактын өкүлү Джина Эрнандес билдирди.

Шектүү видеону көргөндө колдонуучу эскертүү жазылган баннерди көрөт. Ошондой эле, видеонун автору анын видеосу шектүү деп белгиленген деп эскертилет.

TikTok буга чейин бир нече факт текшерүү кызматтары - PolitiFact, Lead Stories жана SciVerify менен өнөктөштүк мамиледе иштеп жатат. Социалдык тармактарда жарыяланган материалдарды адатта атайын кызматтар текшеришет - эгер жасалма фактылар табылса, анда ал платформадан алынып салынат. Ошондой эле, материалдын ишенимдүүлүгүн текшерүү кыйын болгон учурларда, видео мындан ары бирөөнүн жеке лентасында сунушталбайт. Ошентип, ал мүмкүн болгон адаштыруучу маалыматтын жайылышын чектейт.

“Бирок кээде фактыларды текшерүү жыйынтыксыз болот же анын мазмунун тастыктоо мүмкүн эмес. Мындай учурларда, видео жеке сунуштама түрмөгүнө кирүү үчүн ылайыксыз болушу мүмкүн, анткени адаштыруучу маалыматтарды таратууну чектөө керек”, - дейт Джина Эрнандес.

 Платформанын өкүлдөрүнүн айтымында, материалды кошумча текшерүү колдонуучуларга аны жарыялоодон мурун кылдаттык менен тандоого мажбур кылат. Демек, компаниянын маалыматы боюнча, бул чара туура шектүү видеолордун жайылышын 24% жайлатып, лайктардын санын 7% кыскарткан.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.