Telegramда мессенджеринде кыргызстандык мигранттарга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүүчу KyrgyzMigrant.bot чат-бот ишке киргизилди.
KyrgyzMigrant.bot орус жана кыргыз тилдеринде иштейт жана эмгек миграциясы маселелери боюнча юридикалык кеңеш берүү максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары, чат-бот Кыргыз Республикасынын миграция маселелери боюнча мамлекеттик органдары жөнүндө маалымат берет жана көп берилүүчү суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берет: талап кылынган документтер жөнүндө маалымат, Россия Федерациясына жумушка орношуу, каттоону узартуу жана башкалар.
24.kg маалымат агенттиги билдиргендей, аталган чат-бот "Карылар үчүн Ресурстук Борбор" коомдук уюму тарабынан түзүлгөн жана кыргызстандык эмгек мигранттарына акысыз юридикалык жана психологиялык онлайн консультацияларды берүү долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Консультациялар социалдык тармактардагы Instagram, Facebook жана Одноклассникидеги баракчалар аркылуу (Салам мигрант) орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.