Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Media Station Жайкы лагерине катышуучуларды кабыл алуу башталды!

30.04.2021 • 08:42

Көңүл буруңуздар, ардактуу окуучу достор!
Сиздер үчүн жагымдуу жаңылыгыбыз бар!

“МедиаСабак” коомдук фонду медиа сабаттуулуктун Media Station жайкы лагерине катышуу үчүн жогорку класстын окуучуларын конкурстук негизде кабыл алууну жарыялайт! Жайкы лагерь 2021-жылдын 1-июлунан 9-июлуна чейин Ысык-Көлдө өтөт. Буга 2020-2021-окуу жылында Кыргызстандагы 8-9-10-класстын бүтүрүүчү мектеп окуучулары табыштаманы анкета түрүндө тапшыра алат. 
 
Эгерде сиз мектептин коомдук турмушуна катышсаңыз, ыктыярдуу иш-аракеттерди жасасаңыз, журналистикага кызыксаңыз, сынчыл ой жүгүртүүнү өркүндөтүүнү жана жаңы тажрыйба менен билим топтоону кааласаңыз, анда бизге келишиңиз керек!

Лагерге катышуунун эң негизги шарттары:
1. Биздин FacebookInstagram баракчаларыбызга жана Youtube-каналыбызга жазылуу (подписка);
2. 2021-жылдын 31-майына (саат 17:00дөн кечикпей) чейин анкета толтуруп жиберүү.
 
Анкета үчүн шилтемеhttps://forms.gle/EF59niHmxnfVRTSbA  

Лагерге катышуу акысыз. Жатакана, тамак-аш, кеңсе буюмдары, жолугушуу пунктунан лагерге чейинки жана кайра коштошуу жерине чейинки жол киреңиз уюштуруучулар тарабынан каржыланат.

Катышуучуларды тандоо критерийлери:

  1. Активдүүлүк - жигердүү катышуу жана ыктыярчылыкты артыкчылык деп эсептөөсү;
  2. Медиа жана маалыматтык сабаттуулук темасына кызыгуусу;
  3. Билим алууга умтулуусу жана лагерден кайтып келгенден кийинки ал билимин башкалар менен бөлүшүү аракетинин болуусу;
  4. Лагерге көрсөтүлгөн убакытта катышуу мүмкүнчүлүгүнүн болуусу.

Кененирээк бул жерден таба аласыз.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.