Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Викторина оюнунан өтүп, “кастык тилин” таанууга үйрөн!

01.03.2022 • 09:26

«Биздин жерди азиаттар каптап кетти, алардан жалаң гана көйгөйдөн башка пайда жок!»

Бул соцтармактагы эмгек мигранттары жөнундөгү комментарийлер. Бул комментарийдеги “азиат” деген сөздүн терс мааниде экенин түшүнүү кыйын эмес. Жана мындай мисалдар абдан көп, эки тараптуу урушуу, мазактоо, коркутуп-үркүтүү, кайсы бир этникалык топтун толук кандуу эместигин белгилөө, зомбулукка чакыруу, кемсинтүү. 

Бул сыяктуу билдирүүлөр жана сөздөр жалпы термин менен “кастык тили” деп аталат. Кастык тили – бул адамдын мыйзам тарабынан корголгон мүнөздөмөлөрүнө чабуул жасоо. Мисалы, жынысы, дини, этносу. “Кастык тили” ар түрдүү контексте колдонулат – расмий, кесиптик, тиричилик чөйрөлөрүндө, аны саясатчылардын речинде, пенсионерлердин баарлашуусунда, студенттердин, окуучулардын кебинде, жубайлардын диалогунда кезиктирүүгө болот. Ал эми социалдык тармактар кастык тилин көп нускада таркатышат. 

Балким, сен да “кастык тилин” колдонушуң мүмкүн же сенин дарегиңе мындай сөздөр айтылышы мүмкүн. 

Кастык тилин талдаганды, ага кантип каршы туруп, кантип күрөшүү керектигин билгиң келеби?

Эгер билгиң келсе, анда “Кастык тилин аныктайбыз” викторина оюнуна өт. Викторинага жооп берип, жылдызчыларга ээ бол.

Ийгилик!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.