Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

QLEVER платформасына 1 жыл!

10.08.2021 • 10:12

2020-жылдын 13-августунда таанып билүү-көнүл ачуучу платформа ишке киргизилген!

 QLEVER туурасында бир катар таасирдүү сандар:

  • Платформада катталуучулардын саны 56 000(!!!) ашуун
  • 12 таанып билүү жана көнүл ачуучу оюндар
  • Медиа, фактчекинг, киберкоопсуздук, кастык тили ж.б. боюнча 52 макала
  • Оюнчулар 4 өлкөдөн чогулган: Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан
  • контент 5 тилде: тажик, өзбек, кыргыз, казак, орус
  • эң активдүү катышуучулар үчүн биздин “Дүкөндө” көп сандагы белектер

Эгер силер бизге али кошула элек болсоңор, QLEVER.Asia платформасынан браузер аркылуу катталгыла (https://qlever.asia/ru/region) же QLEVER тиркемесин Play Market аркылуу жүктөп алгыла.

Долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, ERIM International (IREX Europe – ERIM деген аталыш менен ишмердүүлүк жүргүзөт), «ММК колдоо борбору» Фонду (Кыргызстан), MediaNet эле аралык журналистика борбору (Казакстан), Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борбору (Өзбекстан) жана «Гурдофарид» коомдук уюму (Таджикистан) тарабынан ишке ашырылууда.

Долбоор сынчыл ойломду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана дүйнөдөгү адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо багытында иш алып барган жарандык коомду колдоо боюнча глобалдык демилгенин алкагында Интернет тармагындагы дезинформация менен кастык тилине жаштардын туруктуулугун көтөрүүгө багытталган. 

 

Булагы: BRYCACentralAsia

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.