Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Фейктер, сак бол!

10.03.2022 • 08:22

Соңку убактарда тармакта чындыкка дал келбеген маалыматтар көп таркатылып жатат. Маалымдуу болуп, бирок фейктерге кабылбаш үчүн, жаңылыктарды кылдат изилде.

 

⚠️ФЕЙКТЕРДИ тараткан анонимдүү телеграм-каналдарга ЖАЗЫЛБА. Көптөгөн анонимдүү телеграм-каналдар рекламанын эсебинен киреше табышат. Бардык анонимдүү маалымат булагы шек жаратат. Андан көрө баштапкы маалымат булагын табуу керек.

 

⚠️Ишенимдүү булактарды пайдалан. 

Фейк жаңылыктарды текшерген долбоорлор (расмий жана көз карандысыз):

StopFake.org 

stopfake.kz

Factcheck.kz

Factcheck.kg

Factcheck.tj

AntiFake.uz

 

⚠️Ушак-айыңдарга жана сапатсыз скриншотторго ишенбе. Жаңылыкты толугу менен кылдат окуп чык. Чыныгы видео жана сүрөттөргө фейк комментарийлер берилиши мүмкүн, ал эми жаңылыктын тексти баш сөзүнө дал келбеши ыктымал.

 

⚠️ Эсиңде болсун, тармакта жазылгандардын баарына ишене берүүгө болбойт. Кандай маалымат болбосун текшер жана анализде! Жаңылыктын чыккан күнүн текшер, көп убактарда эски жаңылыкты ордун өзгөртүп жаңы окуя катары беришет.

 

Кантип өз алдынча фото жана видеолорду текшерүүгө боло турганын эсиңерге салабыз:

 

?Фото жана видеолорго фактчекинг: https://kg.qlever.asia/interest/108 

?Текстти верификациялоо: https://kg.qlever.asia/interest/100

?Фото жана видеону текшерүү үчүн инструменттер: Google Image Search, RevEye, Forensically, inVid, TinEye.

?Деталдарды изилде: көчөлөрдүн аталышы, символика, унаалардын номери, ошол күндөгү аба ырайы – кандай дал келбестик болбосун, анын фейк экенинен кабар берет.

 

Биз эмне жазып, лайк басып, репост кылганыбыз үчүн жооптубуз!

Сынчыл ой жүгүрт, медиасабаттуу бол!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.