Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

OpenAI жаңы нейрон тармагын чыгарды?

19.02.2024 • 11:20

Салам! ?

Sora деп аталган жаңы нейрондук тармак пайда болгонун билесиңби? ??

Аны Американын OpenAI изилдөө уюму сунуштады, мурда ал дагы ChatGPT жана DALL-E′ди иштеп чыккан, бул жасалма интеллект дүйнөсүндө жаңы ачылыш болгон. ??

Жаңы нейрондук тармак эмнеси менен таң калтырат? Sora тексттик сыпаттамаларды колдонуу менен кыска видеолорду түзө алат! ?? Узундугу 1 мүнөткө чейинки видеолор динамикалык кыймылда болгон бир нече каармандары бар татаал көрүнүштөрдү жаратып, визуалдык  сапатын сактап кала алат.

Эң негизгиси, нейрондук тармак кадрларды эмес, бир эле учурда бүт видеону жарата алат. Бирок, OpenAI аны кеңири жеткиликтүү кылуу планы жок, анткени Sora дагы иштелип жатат. Модель али бышып жетиле элек, ал майда-чүйдө нерселерди чаташтырып, татаал көрүнүштөрдүн физикасын толук түшүнө элек. ??️

 Бирок жасалма интеллект реалдуу видеолорду тартууну үйрөнө турган убак алыс эмес жана фантазия менен чындыкты айырмалоо андан да кыйын болот. ?? Андыктан критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана медиа сабаттуу болуу азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү! ??

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.