Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Жаңы Qlever оюну

31.05.2021 • 04:12

Фактыларды текшерүү - бул фейк жаңылыктарга, текшерилбеген маалыматтарга, ката кетирүүлөргө, бурмалоолорго, псевдологияга жана башка ушундай сыяктуу терс нерселерге каршы курал болуп эсептелет.

Ар бир адамдын өзүнүн пикири бар, бирок факт менен талашууга болбойт. Алар такталып, текшерилиши керек.

"Фактчекер" оюну материалдарга сынчыл баа берүүгө жана фактчекинг эрежелерине дал келген билдирүүлөрдү тапканга жардам берет. Сунушталган видеону көрүп же текстти окуп чыгышың керек жана аларга карата берилген 6 билдирүү болот, алардын 2өө гана туура. Калган билдирүүлөрдө кастык тили, кутум теориясы жана божомолдор камтылышы мүмкүн.

Үйрөнгүлө, окугула, упайларды топтоп, Qleverдин жардамы менен аларды реалдуу белектерге алмаштыргыла ?
https://kg.qlever.asia/games

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.