Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Жаңы оюн: Хейтер.net!

28.01.2022 • 11:17

Жаңы оюндун темасы сага  тааныш болушу мүмкүн - бул троллинг жана кибербуллинг. Бул оюн менен психикалык ден соолук жана онлайн  коркутуу жөнүндө сүйлөшкүбүз келип жатат.

Уруш деген эмне экенин баарыбыз билебиз. Кээ бир учурларда кандайдыр бир себептер үчүн урушуп калабыз. Ал эми себептер ар кандай болушу мүмкүн. Кимдир бирөө чырдан кийин дароо элдешип, кечирим сурап же катасын мойнуна алат. Башкасы бир нече күн же жумага таарынып, баарлашууну токтотушу мүмкүн. Кимдир бирөө адамга кайдыгер болуп калат, ал эми анын ишенимин кайтаруу кыйын. Бирок созулган убакытка кек сактагандар да бар. Ал адам сенин артыңан кастык кылып башташы мүмкүн. Мындай окуялар сага таанышпы?

Андан да жаманы, чыныгы жашоодо сага тааныш эмес адамдар да интернетте мазактап, коркутуп башташы мүмкүн. Хейтер.net жаңы оюнубуз ушул тууралуу.

Кыйын кырдаалга туш болгон мультсериал каарманынын жашоосунан бир окуяны биле аласың. Троллдорго же буллингге кабыл болгондо өзүн кандай алып жүрүү керектигин айтып, жардам бер!
 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.