2020-жылдын 10-сентябрында Кыргызстанда "Сакта - Защити" Улуттук маалымат компаниясы ишке кирди, бул тууралу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Сакта — Защити" кампаниясынын башталышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жарандарга кайрылып, учурда оорулардын көрсөткүчү төмөн экендигин, бирок вирус дагы деле болсо арабызда экендигин жана аны жалпы күч-аракет жана жакшы тартип менен гана жеңүүгө болорун белгиледи.
“Улуттук маалыматтык кампания калкты ден соолукту коргоо чаралары, иммунитетти чыңдоо, коронавирустан кийинки калыбына келтирүү, айрыкча күз-кыш мезгилинде эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашын эске алуу менен калкты маалымдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин уландысы болуп саналат.”, - Кубатбек Боронов
Компания COVID-19дун терс таасири жөнүндө, анын ичинде коронавирус инфекциясынан сактануу жана пандемия учурунда жалган жаңылыктардын жайылышына каршы чараларды көрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.