Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

QLEVER март айына КОНКУРС УЛАНУУДА!

16.03.2022 • 06:31

8-мартка аз гана убакыт калды, биз болсо бул майрамга карата силерди белектерибиз менен кубантууга шашылуудабыз. Бул майрам тең укуктуулук жана эмансипация үчүн күрөштө аялдардын тилектештик күнү катары пайда болгон.  Буга байланыштуу биздин силерге сонун белегибиз бар – Xiaomi зымсыз кулакчыны. Бул белекке ээ болуу үчүн силерге эки мүмкүнчүлүк беребиз.

2022-жылы 1-марттан 28-мартка чейин  өзүңөрдүн Instagram аккаунтуңарга:

 

  • Силер үчүн аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу деген эмне, бул силердин жашооңордо кандай формада кездешет же силердин өлкөдө аялдарга болгон мамиле кандай өзгөрүүдө, жакшы жагынабы же жаман жагынабы? – ушул темада сүрөтү менен кыскача пост

ЖЕ

  • TikTok же Reels форматындагы гендердик теңчилик темасына видео жарыялагыла. Текст, музыкалык коштоо, үн менен коштоо – бул силердин тандооңор.

 

Биздин @qlever.kg баракчабызды белгилегиле, #Qlever8марта  #Qleverконкурс #QleverEqualRights хэштегин унутпагыла жана өз аккаунтуңарды ачык  койгула, биз силердин пост/видеоңорду көрө алгандай болушубуз керек.

 

2022-жылдын 31-мартында биз жеңчүүчүлөрдү жарыялайбыз жана эң мыкты пост жана креативдүү видео үчүн белектерибизди жөнөтөбүз. Кыргызстанга белектерди жөнөтүү биздин эсебибизден.

 

Ийгилик!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.