Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Qlever дүкөнү расмий түрдө ачылды!

01.02.2024 • 11:32

Салам, достор!

Qlever дүкөнү расмий түрдө ачылды!

Эми сен жылдыздарыңды биздин дүкөндөн байгелерге алмаштыра аласың!⭐⭐⭐

Буга чейин жылдыздарды чогулткандар үчүн жакшы жаңылык: алар күйбөйт!

Qlever᷾деги жылдыздарды биздин дүкөндөн байгелерге алмаштырса болот!

⏰Биз ар жуманын дүйшөмбү күндөрү платформага байгелерди кошуп турабыз. Биз баарына Push эскертме жөнөтөбүз. Андыктан, байгеңди өткөрүп жибербөө үчүн телефонуңдун жөндөөлөрүнөн биздин тиркемеден эскертмелерди күйгүзүп кой.

Ар бир байгени бир гана жолу алууга болот. Ал эми мобилдик байланыш балансын толуктоону эки жолу ала аласың???!

Айрым товарлар кээде кампада жок болуп калышы мүмкүн экендигин эске ал. Бул өтө сейрек кездешет, бирок байген жок болуп калса, анда биз сага ошол эле категориядагы альтернативдүү байге жөнөтөбүз. Ар бир товардын сыпаттамасында биз ар дайым кайсы альтернативдүү байгени жөнөтө турганыбызды көрсөтөбүз.

Биз сага байгени жөнөтүү үчүн, сен алуучунун так дарегин, почта индексин жана телефон номерин көрсөтүшүң керек (мүмкүн болсо экини). Платформа өзү сенден бул маалыматты сурайт. Эгер сен байгени тезирээк жөнөтүшүбүздү кааласаң, анда сатып алгандан кийин дароо бизге Телеграм чатында - QleverKG_bot, "Сатып алуулар (баланс, байгелер жана жеткирүү)" бөлүмүнө жаз. Чат аркылуу платформадагы телефон номериңди жана фамилияңды билдир.❗Балансыңды толуктоо жөнүндө жазуунун кереги жок, ал ансыз деле тез келет ?.

Байгени алгандан кийин сөзсүз түрдө байге менен сүрөткө түшүп, сүрөттү Qlever - 0701 753 837 (WhatsApp же Telegram) номерине жөнөт. Эгерде кандайдыр бир себептерден улам сенин байгең 30 жумушчу күндүн ичинде жеткирилбесе, Qlever платформасынын администраторуна кайрыл. Телеграм чатта -QleverKG_bot, биз  тезирээк  жооп беребиз, "Сатып алуулар (баланс, сыйлыктар жана жеткирүү)" бөлүмүн танда!

Эгер сен мобилдик бирдиктерди утуп алсаң, алар сага автоматтык түрдө жөнөтүлөт. Эгерде бирдиктер ҮЧ КҮНДҮН ичинде келбесе:

  • Эгер сен чыныгы эмес атыңды, фамилияңды же туулган күнүңдү киргизсең, бирдиктер жөнөтүлбөйт;
  • Эгер сен Qlever колдонуучу келишимин бузсаң https://kg.qlever.asia/ru/terms;, бирдиктер жөнөтүлбөйт;
  • Эгер сен туура эмес телефон номерин көрсөң, бирдиктер келбей калышы  мүмкүн - аны Профиль бөлүмүндө кайра текшерип кой ➡️ Профилди оңдоо;

Эгер  сенин  маалыматтарың бардыгы туура, бирок арадан  үч күн өтүп кетти,  а  бирдиктер болсо дагы деле  жок , анда - тергөө сурамын калтыр?. Сен биз менен үч жол менен байланышсаң болот:

  • Бизге Телеграм чатында - QleverKG_bot,  "Сатып алуулар (баланс, байгелер жана жеткирүү)" бөлүмүнө жаз. Бул жердк биз тезирээк жооп беребиз.
  • Колдоо кызматына кайрыл. Сартфондо: "Qlever жөнүндө" бөлүмүнө өт➡️ "Администрацияга кайрылуу". Веб версиясында: экрандын сол жагында меню бар - "Кайтарым байланыш" бөлүмүн изде.
  •  qlever.game@gmail.com электрондук почта аркылуу бизге жаз.

Эгерде сен жогоруда суроолоруңа  жооп таппасаң, анда кененирээк маалыматты "Байгелер жана толуктоо" бөлүмүндөгү "Көп берилүүчү суроолор" бөлүмүнөн биле аласың.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.