Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Футболист Айдана Оторбаеваны дүйнөлүк Merit Awards сыйлыгына көрсөтүштү

19.02.2021 • 05:16

Кыргызстандын белгилүү футболчусу Айдана Оторбаева кадыр-барктуу делген Merit Awards сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул туурасында Кыргызстандын кесипкой футболчулар ассоцациясынан билдиришти.

FIFPro дүйнөдөгү кесипкөй футболчуларды бириктирген дүйнөлүк уюм. 2008-жылдан бери аталган уюм Merit Awards сыйлыгы аркылуу өз коомчулугундагы адамдардын жашоосун жакшыртууга салым кошкон футболчуларга колдоо көрсөтүп келет.     

"Айдана Оторбаева өз өмүрүнө коркунуч келгенине карабай адамдарга жардам берген. Ал Covid-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө өзүнүн волонтердук уюмун түзгөн. Ал медициналык кызматкер эмес экенине карабай, дарыгерлердин ишин жеңилдетүү үчүн социалдык тармактар аркылуу жардам бере баштаган. Аны башкалар да жолдоп, волонтерлордун саны 500 адамга жеткен. Бул жаш адамдар өз өмүрлөрүнө коркунуч келгенине карабастан, эң алдыңкы топто туруп "кызыл зоналарда" эмгектенишкен"- деп жазылган уюмдун сайтында.

Айданадан башка сыйлыкка дагы 7 адам көрсөтүлгөн, алардын арасында белгилүү футболчу Маркус Рэшфорд да бар. "Манчестер Юнайтед" тобунун форвардчысы өз өлкөсүнүн өкмөтүн 550 миллион доллардан ашуун чыгым алып келе турган балдарга акысыз тамак уюштурууга жана социалдык-экономикалык абалдары начар үй-бүлөлөрдүн тиричилик эсептерин төлөп берүүгө көндүргөн

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.