Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Фейки августа. Кыргызстан и Узбекистан

30.08.2021 • 09:36

2021-жылдын август айындагы Афганистандагы кырдаал Борбор Азиянын медиа мейкиндигинде фейктердин толкунун жаратты. Кыргызстанда BRYCA долбоорунун медиамониторлору төмөнкүдөй мүнөздөгү дезинформациянын тараганын аныкташты:

WhatsApp мессенжеринде Афганистанда адамдарды атып жаткан видео тарады. ШИИБ билдиргендей, бул видеолор Афганистандагы азыркы кырдаалга эч тиешеси жок, алар бир нече жыл мурда Сириядагы башка террордук уюм активдешкен учурда  тартылган.

https://kaktus.media/.../444491_gyvd_bishkeka_prosit...

Ошондой эле “Талибан” өкмөтүн дүйнөдө үч өлкө (Кытай, Сауд Аравиясы, Пакистан) тааныганы туурасында билдирүүлөр таркады. Бир дагы өлкө талибдердин өкмөтүн тааныганы туурасында расмий билдирүү жасай элек.  Сауд Аравиянын тышкы иштер министрлиги өзүнүн расмий билдирүүсүндө, Афганистандагы кырдаал тез арада турукташат деген үмүтүн билдирген, Кытай ТИМи болсо, биринчи кезекте афган элинин тандоосун жана Афганистандын суверендүүлүгүн сыйлай турганын айткан.

https://factcheck.kg/soobshheniya-o-priznanii-talibana-v.../

Өзбекстандагы Афганистанга байланыштуу фейктер олуттуу социалдык-саясий мүнөздө да, тамашалуу мүнөздө да болду, ар кандай тамашалуу мемдер тарады.  Өзбекстандын ТИМи Афганистандын президенти Ашраф Гани менен бирге бир катар афган ишмерлери Өзбекстанда экен деген көптөгөн билдирүүлөрдү четке какты.

https://uz.sputniknews.ru/.../ashrafa-gani-i-drugix...

Ошондой эле, Өзбекстан ТИМи бир катар сайттарда жана агенттиктерде тарап кеткен Өзбекстан Афганистандык качкындарга “өз чек арасын ачып берүүгө” даяр деген маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

https://regnum.ru/news/polit/3357080.html

Өзбекстандын социалдык тармактарында жана телеграм-каналдарда “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү жеңишин майрамдап жатат деген сүрөт таркатылды. Чындыгында, ал сүрөт 2002-жылы талибдер Пули-Хумри шаарынан Стив Мак Карри тарабынан сүрүлгөндө тартылган. Фейк тез эле бети ачылып, мемге айланды.

https://medialeaks.ru/2308gvn-str-man-with-ice-cream/

Covid-19 боюнча фейктердин саны бир аз кыскарды. Өзбекстанда башкы тема эмдөө кампаниясы болду. Видео түрүндөгү фейк тарады, анда вакцина алган Намангандык аял сүйлөө речин жоготуп, бутуна тура албай калганы көрсөтүлгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги ар бир учурду текшерип чыгып, бул сыяктуу маалыматтарды төгүндөп жатат.

https://t.me/antifake_uz/120

 

Булагы: BRYCACentralAsia

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.