Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Фейк: АКШ аскерлери Афганистанга кызматтык иттерин таштап кетишкен

21.09.2021 • 08:39

Сен байкаган болсоң керек, Фейктер адатта кандайдыр бир курч маселенин айланасында жасалат. Афганистандагы кырдаал азыр көңүл чордонунда. Маалыматтык күн тартибинде эмне болуп жатканын билбесең да, Кабулдун аэропортундагы адамдардын өлкөдөн чыгып кетем деген үмүт менен учактын аркасынан чуркап жүргөн кадрларды көрсөң керек.

Бул кырдаалдын айланасындагы жалган маалыматтар өтө көп. Мисалы, АКШ аскердик иттерди Афганистанга таштап кеткени туурасында.

Чындыгында АКШ аскерлери өз иттерин августтун орто ченинен баштап эле чыгарып кете башташкан. Муну фото, видеолор жана расмий билдирүүлөр тастыктайт.

Ричард Энгель, NBC News-тун тышкы иштер боюнча башкы кабарчысы, ошол убактагы кабарларында аскерлер адамдарды эмес иттерин эвакуация кылып жатканына көп адамдар нааразы болгонун билдирген.

 «Snopes» фактчекерлери иликтөө жүргүзүшкөн. Сүрөттөгү иттер Кабулдагы жаныбарларды куткаруу боюнча кайрымдуулук уюмуна (KSAR) тиешелүү.  Бул иттер негизинен афгандыктарга, элчиликтин кызматкерлерине жана коргонуу боюнча көз карандысыз подрядчиктерге таандык болгон, алар эвакуация убагында өзүлөрү менен кошо иттерин алып кете алышкан эмес.

Коммерциялык эмес уюм болгон аскер кызматындагы иттерди колдоо ассоциациясы  аскердик иттерди жана аларды машыктыруучуларды колдоо менен алектенет , алар да жогорудагы маалыматты төгүндөшүүдө, алар Facebook баракчасына мындай деп жазышкан: «Биз 100% ишенимдебиз, Кабулда америкалык аскердик иттер ташталган жок. Америкалык аскерлер өзүлөрүнөн кийин бир да итти калтырышкан эмес».

Бул мисалдан көрүнүп тургандай, фейк өтө тез тарайт жана жүгуштуу мүнөзгө ээ. Күмөндүү эмоцияны пайда кылган жаңылыктарга катыштуу өзгөчө этият бол.

Булактары:

  1. Snopes, 31.08.2021: https://www.snopes.com/fact-check/military-dogs-left-in-afghanistan/
  2. Fakedetox, 09.09.2021  Instagram: https://www.instagram.com/p/CTdfzVlIVvE/?utm_medium=copy_link

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.