"Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси Кыргызстандагы БУУнун Балдар Фондусунун (ЮНИСЕФ) каржылык колдоосу менен "Илимдеги кыздар" долбоорун баштайт. Бул тууралуу Kaktus.media маалымат порталы билдирди.
Кыргызстандын "Пекин + 25" (2019) Улуттук сурамжылоосунун маалыматы боюнча, аялдар гуманитардык (86,6%), саламаттыкты сактоо жана социалдык илимдер (74,8%) адистиктерин тандашат, эркектер илимий-техникалык багыттардагы адистиктерге артыкчылык беришет (91%). Көптөгөн факторлордон улам, Кыргызстандагы кыздарда илим жана техника жаатында кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу жана жакшы акы төлөнүүчү жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү өспүрүм эркек балдарга салыштырмалуу аз.
Демек, “Илимдеги кыздар” долбоорунун негизги максаты - Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Чүй облусунун социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөн, айыл аймактарынан, 15-18 жаштагы кыздардын карьералык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн STEM (илим, технология, инженерия жана математика) чөйрөсүндө потенциалын чыңдоо .
3 жылдык долбоордун алкагында "Тең-теңине" методу боюнча тренингдер, "Илим дүйнөсүнө алгачкы кадамдар" лагерлери, STEM ойлоп табуулар боюнча чемпионаттар жана бизнес компанияларга экскурсиялар уюштурулат.
Бул долбоордогу бардык басылмаларды төмөнкү хештегдер аркылуу табууга болот:
#GirlsScience #IlimdegiKyzdar #GirlsinScience #Unicefkg # Балдарды коргоо борбору #CZD # IRO # tsiaucakg