Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 6-20 июнь, 2022-ж.

21.06.2022 • 09:42

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Balapan телеканалы (Казакстан) балдарга арналган "Білім бәйгесі" аттуу жаңы интеллектуалдык долбооруна катышууга сынак жарыялады, деп билдирет маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги. Шоу ушул жылдын күз мезгилинде башталат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/telekanal-balapan-obyavil-otbor-ucastnikov-novogo-intellektualnogo-sou-dlya-detei 

 

20-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында (Кыргызстан) депутат Айбек Маткеримов окуучулардан мектеп формасын талап кылуу демилгесине кандай карай турганын билим берүү министрлигинен сурады. Министрдин орун басары Надира Жусупбекова 2016-жылы мектеп формасы киргизилгенин эске салды. Бир нече вариант сунушталып, конкурстун негизинде бири тандалып алынган. Аны менен бирге мугалимдерге да бирдиктүү форма киргизүү сунушталган болчу. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/462171_s_novogo_ychebnogo_goda_so_shkolnikov_bydyt_trebovat_formy.html

 

Кыргызстанда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, жалпы билим берүү уюмдары 2022-2023 – окуу жылында 9-класстарга “Диндин өнүгүү тарыхы” сабагынан бере турган мугалимдерди тандоо сынагын өткөрүшөт. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/461958_minobrazovaniia_nachalo_nabor_ychiteley_istorii_razvitiia_religiy._trebovaniia.html 

 

Кыргызстандын билим берүү министрлиги мектептердеги жалпы билим берүү боюнча малекеттик стандарт жөнүндөгү жобону коомдук талкуу үчүн жарыялады. Жобонун долбоорунда аталган документтин максаты катары төмөнкүлөр аталган: заманбап билим берүү мейкиндигинин шартында негизги жана предметтик компетенттүүлүктү калыптандыруу; бардык балдар үчүн билим берүү тең жана акыйкат жеткиликтүү болушун камсыз кылуу, анын ичинде инклюзия принциптерин эске алуу; коопсуз жана өнүктүрүүчү билим берүү чөйрөсүн түзүү жана ар бир баланын чыгармачыл жөндөмдөрүн аныктоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле окуучуларды физикалык, психикалык, социалдык, адеп-ахлак жагынан өнүктүрүү. Белгиленгендей, мамлекеттик стандарт 5 жылдан кем эмес убакыттан кийин гана кайра каралып же жаңыланууга тийиш, учурдагы стандартар 2014-жылы кабыл алынган. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/461953_otmena_ocenok_v_dvyh_klassah_i_novyy_predmet._minobrazovaniia_ozvychilo_idei_dlia_shkoly.html 

 

Адам укугу 

Түркмөн мыйзам чыгаруучулары Түркмөнстандын кылмыш-жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, коррупция жана баңги сатууга байланыштуу кылмыштар менен соттолгондорго мунапыс берилбейт деген беренелердин бөлүктөрүн жокко чыгарышты. Натыйжада Кылмыш кодексинин 8-беренесинин 4-бөлүгү алынып салынат. Кененирээк: 

https://rus.azathabar.com/a/31901243.html 

 

Соңку убактарда Тажикстанда аялдар менен жаш кыздарды шантаж кылган учурлар көбөйүүдө. Эркектер жакын мамиледе болгон учурда тартып алган видео же сүрөттөрүн ачыктайбыз деп коркутушат же фотошоп менен жасалган сүрөттөрдү колдонуп, акча өндүрүүгө аракет кылышат. Журналисттер юристтерден мындай учурларда эмне кылуу керектигин сурашты. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220608/moi-intimnie-fotografii-popali-v-ruki-shantazhistov-chto-delat

 

Социум

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 17-июнда Балдар гематология, онкология жана клиникалык иммунология борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, аллогендик жана аутологиялык трансплантациялоо үчүн дагы 2 асептикалык корпус жана аймактардан узак дарылануу үчүн келгендерге 200 орундук жатакана салынат. Жылдын аягына чейин борборго 67 түр жабдык берилет. Кененирээк: https://anhor.uz/news/hematology/ 

 

Душанбеде “Тажикстан Республикасынын калкынын медиакаалоолорун аныктоо: ТВ, радио, басылмалар, сайттар, социалдык тармактар жана мессенжерлер – 2022» аттуу иликтөө жарык көрдү. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, калк арасында телевидение эң чоң суроо-талапка ээ – Тажикстанда массага тараган жана эң жеткиликтүү медиа. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220607/tv-doveryayut-i-smotryat-bolshe-vsego-stali-izvestni-mediapredpochteniya-naseleniya-tadzhikistana

 

2022-жылдын II кварталында Өзбекстандын министрлер кабинетинин тапшырмасы менен жалпы өлкө боюнча иштеп жаткан атракциондорго карата мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү үчүн 100 тиешелүү уюмдардын өкүлдөрүнөн турган, 16 жумушчу топ түзүлдү. Алар өлкөдөгү 143 маданий жана көңүл ачуу парктарындагы 1879  ар түрдүү атракциондорду текшерип чыгышты. Бул туурасында маалымат жана массалык коммуникация министрлигинде өткөн брифингде өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Малика Миржамолова билдирди. Кененирээк: https://anhor.uz/news/attractions/ 

 

Өзбекстандын өкмөтү “Жаштар дептерин” киргизүү аркылуу  жаштар көйгөйлөрүн системалуу түрдө чечүүнүн жана аларга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитти. Бул туурасында «Фергана» Юстиция министрлигине шилтеме кылуу менен билдирди. Кененирээк: https://anhor.uz/news/money/ 

 

Өзбекстанда туулгандыгын, никени жана ажырашууну каттоо процесси жеңилдетилет, деп билдирет Podrobno.uz Өзбекстан Республикасынын юстиция министрлигине шилтеме кылуу менен.

Азыркы учурда туулгандыгын, никени жана ажырашууну каттоодо ашыкча кагаз иштери жана бюрократия сакталууда. ЗАГС кызматкерлери менен түздөн-түз байланышта болуу коррупциялык ыктымалдуулукту жаратууда.

Муну менен бирге туулгандыгы катталбагандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө, анткени жарандар медициналык мекемеден маалымкат алган соң ЗАГС органдарына кайрылышпайт. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220620/v-uzbekistane-uprostyat-registratsiyu-rozhdenii-brakov-i-razvodov

 

Казакстандын премьер-министринин орун басары Ералы Тугжанов Акмоло облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө жыйын өткөрүп, кабыл алуучу профессионалдык үй-бүлөлөр боюнча пилоттук долбоордун кандай ишке ашырылып жатканын талкуулады, деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы. Региондун билим берүү башкармалыгы "Ана үйі" коомдук фонду менен биргеликте Аккөл айылында “Үйдөгүдөй” моделиндеги балдар үйүндө  сегиз баладан турган эки топ уюштурушкан. Адистер балдар үйүнүн тарбиялануучуларын өнүктүрүү боюнча жана жашоодо орун табышына өбөлгө боло турган 85 индивидуалдуу план иштеп чыгышкан.

Бала багып алууну каалаган 263 талапкер психологиялык даярдыктан өттү, 21 үй-бүлө бала багып ала турган профессионалдуу үй-бүлө болууну каалашат. Мындай үй-бүлөлөргө процессионалдык жардам жана колдоо көрсөткөн адистер үчүн социалдык жетимчиликти алдын алуу чараларын уюштуруу боюнча методикалык кеп-кеңештер иштелип чыккан. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/professionalnye-priyomnye-semi-poyavyatsya-v-kazaxstane 

 

Технология

«Миграциядагы балдар» аттуу жаңы мультимедиалык миграциялык порталы ЮНИСЕФ жана Европа Биримдиги, Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу Министрлиги менен биргеликте 15-июнда Душанбеде старт алды.

«Миграциядагы балдар» порталы калк арасында, мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичинде, саясатчылар менен, жумуш берүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн миграциянын таасири туурасында маалымдуулугун арттыруу, долбоордун максаты – миграцияга кабылган үй-бүлөлөр менен балдар туш болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн жамааттык аракеттерге чакыруу. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220616/yunisef-zapustil-novii-multimediinii-migratsionnii-portal

 

Абайлагыла, шылуундар! 

Эс алуу мезгили башталгандан бери жалган турфирмалар активдеше баштады. Казакстандыктарды туристтик компаниялардын кызматкерлери катары тааныштырган адамдар алдап жатышат. Алардын аракеттеринен Түндүк-Казакстан облусунун 3 тургуну жапа чекти. Шылуундар пайдалуу баада тур сатып алууну сунушташат, алдын ала төлөм алгандан кийин жок болушат, деп билдирет "31 канал". Кененирээк: 

https://informburo.kz/novosti/kak-moshenniki-obmanyvayut-kazahstanskih-turistov 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.