Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 8-15 февраль, 2021-ж.

17.02.2021 • 11:18

Кымбаттуу досум!

Сага бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүндөгү маанилүү окуялар туурасындагы жаңы дайжест менен таанышууну сунуштайм.

Кеттик анда! 
 

Билим берүү

Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн илим, техника жана өндүрүш жумалыгы башталды. Бул туурасында илим-билим министрлиги билдирди. Бул маалыматка ылайык, “Үлгүлүү окумуштуулар”, Техника күнү” “Өндүрүш күнү” аттуу акциялар өткөрүлөт. Окумуштуулар жана ойлоп табуучулар балдарга дүйнөдөгү илимдин жеткишкендиктери жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн келечеги туурасында айтып беришет. Окуучулар өнөр жай ишкаларына жана айыл-чарба агрофирмаларга барып, жаңы технологиялык процесстер менен, чакан жана орто бизнес менен таанышышат. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/182884_vkyirgyizstane_nachalas_nedelya_nauki_tehniki_iproizvodstva_dlya_shkolnikov/ 

Өзбекстанда АКШдан келген мугалимдер 10-февралдан баштап окутуучулук ишмердүүлүгүнө киришишти. Адистер Өзбекстандын 11 облусунда, Ташкентте жана Каракалпакстанда иштешет. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210210/v-uzbekistan-pribili-27-amerikanskih-uchitelei-kotorie-budut-prepodavat-angliiskii-v-shkolah

Кыргызстан парламенти кесиптик-техникалык окуу жайлардагы окуунун мөөнөтүн үч жылдан 2 жылга кыскартууну сунуштоодо. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда карап жатышат. Кененирээк: https://24.kg/vlast/183003_vparlamente_predlagayut_sokratit_srok_obucheniya_vproftehlitseyah_vpoltora_raza_/ 

Адам укугу

Тажикстанда жаңы TV канал ачылат, журналисттердики «туура эмес», ал эми түрк сериалдарын көрүү патриоттуулукка жатпайт. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210210/v-tadzhikistane-budet-novii-tv-kanal-zhurnalisti-ne-pravi-a-smotret-turetskie-seriali-ne-patriotichno

Кыргызстанда  «Чындык» медиафорумунун алкагында эң мыкты журналисттик иликтөө -2020 боюнча «Азаттыктын» кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин наамындагы сыйлыкты тапшыруу аземи болуп өттү.  Үчүнчү орун Болот Темиров менен Али Токтакуновдун командасына бажыдагы көмүскө схемалар жана андагы Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун катышы жөнүндөгү материалдардын сериясы үчүн ыйгарылды. Журналисттерге андан тышкары  Кыргызстандагы Internews уюму да атайын сыйлыгын тапшырды. Болот Темиров менен Али Токтакунов компьютер алышты. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/183320_vbishkeke_jurnalistam_vruchili_premii_imeni_ulanbeka_egizbaeva/ 

Түркмөнстандын телевидение, радио жана кинематография боюнча Мамлекеттик комитети акырындык менен өзүн-өзү каржылоого өткөрүлөт. Бул туурасында Trend билдирди. Басылманын маалыматы боюнча, Мамкомитетти өзүн-өзү каржылоого өткөрүү маселесин Түркмөнстандын президенти  Гурбангулы Бердымухамедов көтөрүп чыккан. Подробнее: https://rus.azathabar.com/a/31093983.html 

Социум

Казакстандын бардык аймактарынын акиматтары ар түрдүү номинациялар боюнча конркустарды өткөрөт, мектептерде мээримдүүлүк сабактары уюштурулат. Казакстанда  президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен уюштурулган "Жакшы иштер марафону" башталды. Бул туурасында маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин сайтында жарыяланган. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-startoval-obshenacionalnyj-proekt-marafon-dobryh-del 

Өзбекстанда 2023-жылдын 1-январынан тартып, бардык уюмдарда иш кагаздарын жана башка документтерди иштеп чыгууда, кабыл алууда жана жарыялоодо өзбек алфавитин латын графикасы менен колдонуу киргизилет, - деп билдирет  Борбор Азия жаңылыктар Кызматы. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210212/uzbekistan-v-techenie-dvuh-let-polnostyu-pereidyot-na-latinitsu

Түркмөнстандын айрым аймактарында бала бакча тарбиячылары кыскарууга туш болуу коркунучунда турушат. Бул маалымат мектеп жашына чейинки мекемелердеги тамак-аштын сапатынын төмөндүгүу туурасындагы билдирүүлөрдөн  кийин пайда болду. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31091863.html 

Түркмөнстанда саламаттыкты сактоо жаатындагы чиновниктер соңку айда эмгек акылары 20%га кыскарганын айтышат. Ушул эле убакта, медициналык кызмат алууга мажбур болгон оорулуулардын айтымында, саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдар өсүүнүн үстүндө. Бул көрүнүштөр коронавирус жайылып, эмдөө жүргүзүү чаралары көрүлүп жана экономикалык көйгөйлөргө байланыштуу орун алууда. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31093988.html 

Коопсуздук 

Өткөн жылдан бери көпчүлүк колдонуучулардын арасында 123456 паролу эң популярдуу бойдон калууда. Экинчи орунду  test1 деген сөздүн ордуна picture1 аттуу пароль ээледи. Эки жыл катары менен үчүнчү орунда  password турат. Андан кийинки орундарда: 111111, 123123, senha, qwerty жана abc123. Кененирээк: https://nuz.uz/poslednie-novosti/1188109-samye-populyarnye-paroli-v-mire.html

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Жакшы кал! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.