Кымбаттуу досум!
Кел эмесе, өткөн аптада биздин өлкөдө жана коңшу Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болуп өткөнүн билип алалы.
Казакстандык мектеп окуучулар Өзбекстанда өткөн физика боюнча аль-Фергани эл аралык олимпиададан 11 медалга ээ болушту. Бул туурасында Казакстандын билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Олимпиадага бардыгы болуп 18 өлкөдөн 130 окуучу катышкан, анын ичинде Россия, Азербайжан, Беларусия, Румыния ж.б.. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazahstanskie-shkolniki-zavoevali-11-medalej-na-mezhdunarodnoj-olimpiade-po-fizike
Түркмөнстанда студенттер онлайн сабактарга катышуу кыйын болуп жатканын билдиришүүдө. Лебап, Мары, Дашогуз жана Балкан облустарындагы Ягшигельды Какаев атындагы мунай жана газ Эл аралык университетинин студенттери дистанттык түрдө окуп жатышат. Студенттердин айтымында, үй шартында онлайн окуу билим сапатын кескин төмөндөтүүдө, биринчи эле себеби интернеттин начардыгы. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31558385.html
Кыргызстандык үч окуучу Ахмад аль-Фергани атындагы физика боюнча I Эл аралык олимпиадада коло медаль утуп келишти (IAFPhO 2021). Бул туурасында билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/449236_troe_shkolnikov_iz_kyrgyzstana_zavoevali_bronzy_na_mejdynarodnoy_olimpiade_po_fizike.html
2022-жылы Өзбекстанда 410 млрд сумга эсептелген 40 мектеп куруу пландалып жатат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп, бирок бул да класстардагы окуучулардын ашөпкө көптүгүнө байланыштуу маселени чечүүгө өтө эле аздык кылат. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/11/11/schools/
Түркмөнстан бийлиги калк ичинде өсүп жаткан нааразылыктан чочулап, өлкөдөн тыш жашаган түркмөн активисттерин каралоо боюнча кампанияны кайра баштады. Бийлик ошондой эле Азатлык радиосун укпагыла деп чакырууда. Бул иш чаралар Лебап велаятынын дээрлик ар бир этрапында өткөрүлүүдө. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31557891.html
Түркмөнстанда Facebook, Instagram, Twitter сыяктуу соцтармактар жабык бойдон калууда. Аларга кирүү үчүн VPN серверлерин колдонуу керек. Бирок VPN серверлери да блоктон толук корголгон эмес. Азатлык радиосунун кабарчысы билдиргендей, жогорку окуу жайларынын биринде мугалимдерден соцтармактарга кирбейбиз деген тилкат алып жатышат. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31553498.html
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракети көрүлүп жатат. Бул туурасында 12-ноябрда өткөн “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столдун жүрүшүндө гендердик маселелер боюнча эксперт Зульфия Көчөрбаева билдирди. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/449189_zakon_o_zashite_ot_semeynogo_nasiliia_predlagaut_izmenit._glavnoe.html
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы "Клооп Медиа" коомдук фондуна 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө уруксат берүүдөн баш тартты. Бул чечимди БШК 2021-жылдын 5-ноябрында кабыл алган, бирок чечим жазылган кат "Клооп" фондуна 8-неоябрда гана жөнөтүлгөн. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/448982_cik_otkazal_izdaniu_kloop_v_nabludenii_za_parlamentskimi_vyborami.html
Тажикстанда 500 миңден ашуу улгайган адамдар жашайт, бул калктын дээрлик 6%ын түзөт. Алардын ичинен 56 миңден ашууну 80 жаштан өйдөкүлөр, улгайган адамдардын жалпы санынын 11,2%. Мындай маалыматтар Душанбеде октябрь айынын аягында өткөн конференцияда айтылды, конференцияда геронтология кызматынын абалы, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрү талкууланган. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211111/v-tadzhikistane-uvelichilas-prodolzhitelnost-zhizni-lyudei
Казакстандын Оскар комитетинин чечими менен Адильхан Ержановдун “Желтая кошка” (Сары мысық) тасмасы “Чет тилдеги мыкты фильм” категориясы боюнча Оскар сыйлыгына көрсөтүлдү, деп жазылган режиссердун сайтында. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazaxstan-vydvinul-film-zyoltaya-koska-na-premiyu-oskar
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жогорку кызматтагы өкүлү Түркмөнстандын өлкөдө Covid менен ооругандар жок деген билдирүүсүнө күмөндүгүн билдирди, өлкөдө вирус жайылбаганына ишенүү кыйын экенин айтты. Бул туурасында BBC кабарлаган. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31551340.html
Түркмөнстанда кайрадан унаанын түсүнө карата талаптар катаалдаштырылды. Борбор калаада эки аптадан бери кочкул түстөгү деталдары бар унаалар массалык түрдө айып жайына токтотулууда, Лебапта ал тургай унаалардын хромдолгон деталдары үчүн да айып салышууда. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31553481.html
Түркмөнстанда өткөн аптанын аягында “жалпы элдик бак тигүү” иш чарасы өткөрүлдү. Фарапта көчөттөр бюджеттик кызматкерлердин эсебинен сатып алынган. Өзбекстан тараптан келген катуу шамал Лебапта бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Бак тигүү боюнча адистердин айтымында, өлкөдө тигилген бактарга караганда, кыйылган дарактардын саны көбүрөөк. Бул туурасында Азатлык кабарчысы билдирди. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31551868.html
14-ноябрда Дүйнөлүк диабетке каршы күрөшүү күнү белгиленет. Тажикстанда бул оору менен 48 миңден ашуун адам ооруйт. Бирок, тамак-ашты көзөмөлдөп, физикалык активдүүлүккө көңүл бурса, кадимкидей эле жашоо өткөрүүгө мүмкүн экенин көптөр биле беришпейт. Борбордо өткөн жылы ачылган “Диабет мектебинде” адамдарга мына ушуну окутушат. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211114/v-dushanbe-rabotaet-shkola-diabeta-zdes-uchat-diabetikov-zhit-so-vkusom
Технология
YouTube өз блогунда билдирди, сервис мындан ары видеонун алдында дизлайктардын санын көрсөтпөйт. “Жакпайт” деген баанын эсептегичи бардык видеолордо катылган болот. Бирок дизлайк коюу мүмкүнчүлүгү калат. Роликтин авторлору алардын санын YouTube Studio бөлүмүнөн көрө алышат. Бул колдонуучулардын каалоолоруна жараша багыт алууга жардам берет. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-you-tube-bolshe-ne-budut-pokazyvatsya-dizlajki
Netflix стриминг платформасы өз тиркемесине TikTok клиптерине окшогон балдар үчүн Kids Clips бөлүмүн киргизет, деп билдирет Bloomberg. Аталган бөлүмдөн балдар сервистин атайын балдар китепканасынан кыска роликтерди көрө алышат. Каталог күнүгө жаңыланып турат. Netflix ушундай жол менен YouTube жана TikTokту кобүрөөк жактырган жаш көрүүчүлөрдү өзүнө тартууга ниеттенип жатат. Кененирээк:
https://informburo.kz/novosti/netflix-zapustit-analog-tiktok-dlya-detei
Instagram “тыныгуу ал” » (take a break) аттуу жаңы функцияны сынап баштады, анын жардамы менен колдонуучулар тиркемеде тыныгуу алуу зарылдыгы туурасында эскертүү алып турушат. Бул туурасында соцтармактын башчысы Адам Моссери билдирди. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/world/20211111/instagram-obyavil-o-testirovanii-funktsii-sdelai-pereriv
Биз менен болгонуң үчүн рахмат!
Көрүшкөнчө!
P.S. Командага колдоо көрсөт, лайк басып, Qlever ойно!