Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест:  7-14 март, 2022-ж.

16.03.2022 • 06:42

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндө болуп өткөн маанилүү окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда! 


 

Билим жана илим 

АКШ, Япония, Турция, Румыния жана Нидерландда билим алуу үчүн стипендиялар туурасында кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220311/podborka-stipendii-dlya-uchebi-v-ssha-yaponii-turtsii-ruminii-i-niderlandah

 

Окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин баалоо боюнча Эл аралык PISA программасы 15 жашар өспүрүмдөрдүн кандайча ойлоноорун изилдеп чыккан, тактап айтканда адамдын интеллекти өсүп-өнүгүп тураарына ишенишеби деген иликтөө жүргүзүшкөн. Иликтөөдө бул прогрессивдүү ойлом деп белгиленген, башкача айтканда ал адамдын интеллекти менен жөндөмдөрү барган сайын өнүгө алат деп ишенүү. Бул токтоп калган ойломго каршы келет, же башкача айтканда адам белгилүү бир денгээлдеги интеллект жана жөндөмдөр менен төрөлөт жана ал жашоонун акырына чейин дээрлик өзгөрүлбөйт деген алдын ала ынаным. Иликтөөдө белгиленгендей, прогрессивдүү ойломго ээ адам ийгиликке жете алам деген ишенимде болот, бул туурасында Казакстандын билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/issledovanie-pisa-veryat-li-podrostki-v-svoi-sily-i-v-razvitie-chelovecheskogo-intellekta 

 

Депутат Тазабек Икрамов кыргызстандык окуучулар үчүн окуу учурунда телефон колдонууга тыюу салууну сунуштоодо. Ал бул туурасында 14-мартта Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Кененирээк: 

https://kaktus.media/doc/456185_tazabek_ikramov_predlagaet_zapretit_ychenikam_polzovatsia_telefonami_v_shkole.html 


 

Социум 

Казакстанда "Ashyq" уюлдук тиркемесин милдеттүү түрдө колдонуу жана ачык жерде беткап кийүү режими расмий түрдө алынды.  Бул туурасында Covid-19 илдетин алдын алуу боюнча МВК билдирди. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/ashyq-i-noshenie-masok-na-ulice-otmenili-v-kazahstane 

 

Адам укуктары

Аялдардын эл аралык күнүндө ЮНИСЕФ аялдар менен кыздар үчүн гендердик теңчиликти камсыздоого чакырып, алар үчүн жаркын келечек курууда мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө басым жасады. Бул үчүн аялдардын экономикадагы, саясаттагы жана коомдук чөйрөлөрдөгү активдүү катышуусу зарыл, формалдык жана формалдык эмес билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана илим, технология, инженерия жана математика жаатында (STEM) жана санариптик билим берүүдө кыздарга инвестиция салуу маанилүү. Кененирээк: https://anhor.uz/news/gender-equality/ 

 

Жаныбарлардын укуктары

 

Түркмөнстанда үй жаныбарларына карата зордук-зомбулук толкуну жана алардын кожоюндарын куугунтуктоо уланууда. Менчик турактарга күч менен кирип барып, үйдөгү жаныбарларды өлтүрүү фактылары ачылбаган бойдон калууда, үй-жайсыз жаныбарларды мыкаачылык менен кармоо уланууда. Мындай мыкаачылык иштери ачык эл алдында эле жүрүүдө, бийлик бул болуп жаткандарга эч комментарий бербейт. Кененирээк: 

https://rus.azathabar.com/a/31742566.html 

 

Экология 

14-мартта бир катар өлкөлөрдө дарыялар күнү белгиленет. Бул датага карата биз Тажикстандагы дарыялар туурасында маалыматтарды топтодук.

Жалпы Тажикстандын аймагында 600 дарыя жана убактылуу суу токтотмолору бар (айрым булактарда 1000 деп айтылат), алар Борбор Азиядагы Амударыя жана Сырдарыя ири бассейндерине куят. Тажикстандын дарыя артериясынын узундугу 28 500 км, бул Амазонкадан 4 эсе узун. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/20220314/top-7-samih-dlinnih-rek-tadzhikistana

 

Казакстан менен Кыргызстан электроэнергия менен товар алмашуу жана суу менен камсыз кылуу боюнча эки тарапка тең пайдалуу шартта келишим түзүштү. Бул туурасында Казакстандын премьер-министринин сайтында айтылат. Кененирээк: 

https://kaktus.media/doc/456165_kyrgyzstan_predostavit_kazahstany_vody_v_obmen_na_elektrichestvo.html 


 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!


 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.