Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 5- 12.04.2021-ж.

14.04.2021 • 07:43

Кымбаттуу досум!

Бош убактыңды кантип өткөрөсүң? Аба ырайы күндөн күнгө сейилдегенге жана достор менен жолукканга жагымдуу болуп барат. Бирок өз коопсуздугуң туурасында да унутпа.

Азыр болсо сага өткөн аптада Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болгонун айтып берейин.

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Казакстанда докторантурага тапшыруу эрежелери өзгөрдү. Ушул жылдан тартып кирүү экзамени электрондук форматта болот. Талапкерлер компьютер аркылуу эссе жазышат, докторантурада окуганга даярдыгы боюнча тесттен өтүшөт жана билим берүү программаларынын профили боюнча экзамен тапшырышат, бул туурасында Казакстан Республикасынын  билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/novye-pravila-postupleniya-v-doktoranturu-prinyali-v-kazahstane 

Жалпы республикалык тестти жылына эки жолу өткөрүү абитуриенттерге жогорку окуу жайга тапшырууга дагы бир мүмкүнчүлүк берет. Бул туурасында 24.kg агенттигине билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун аналитиги (ЦООМО) Инна Валькова билдирди. Анын айтымында, университеттерде кээде бюджетик жана контракттык орундар бош калат. Ошондой эле ар кандай себептер менен жогорку окуу жайына өз убагында тапшыра албай калган абитуриенттер да толтура. Ошондуктан аларга дагы бир мүмкүнчүлүк берүү демилгеси пайда болду. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/188957_obscherespublikanskoe_testirovanie_dvajdyi_vgod_zachem_eto_nujno/ 

Адам укуктары

Amnesty International эл аралык уюму 2020-2021-жылдардагы дүйнөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча отчетун жарыялады. Бул документте Борбор Азиянын беш өлкөсүндөгү кырдаал туурасында эмне айтылган? Кайсы өлкөдө кырдаал баарынан начар жана кайда куугунтуктоо үчүн фишинг колдонулган жана коронавирус абалга кандай таасир эте алды? Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31192035.html 

Ошондой эле Борбор Азияда “президенттин ар-намысына шек келтирүү үчүн” кандай жаза берилээри туурасындагы материалды сунуштайбыз. Материалда статистикалык жана эксперттик маалыматтар топтолгон. Кененирээк: https://rus.azattyq.org/a/%D0%BA%D0%B0%D0%BA-%D0%B2-%D1%86%D0%B5%D0%BD%D1%82%D1%80%D0%B0%D0%BB%D1%8C%D0%BD%D0%BE%D0%B9-%D0%B0%D0%B7%D0%B8%D0%B8-%D0%BD%D0%B0%D0%BA%D0%B0%D0%B7%D1%8B%D0%B2%D0%B0%D1%8E%D1%82-%D0%B7%D0%B0-%D0%BE%D1%81%D0%BA%D0%BE%D1%80%D0%B1%D0%BB%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B5-%D0%BF%D1%80%D0%B5%D0%B7%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BD%D1%82%D0%B0/31186118.html 

Тажикистанда өткөн аптада жазгы аскердик чакыруу башталды, мурдагы жылдардагыдай эле көчөлөрдө кайрадан аскер курагындагы жаш адамдарга куугунтуктар башталды. Бирок бул жолу бийлик дагы күчөп, Искусство институтунда окуп жаткан 10 магистрантты күч менен аскерге алып кетти. Кененирээк: https://rus.ozodi.org/a/v-tadzhikistane-snova-oblavy-na-prizyvnikov-v-armiyu-zabirayut-dazhe-studentov/31190851.html 

Социум

Өзбек-казак чек арасында Эл аралык сода-экономикалык кызматташтык борборунун курулушу башталды. Кененирээк: https://nuz.uz/ekonomika-i-finansy/1193916-na-uzbeksko-kazahskoj-granicze-dan-start-stroitelstvu-mezhdunarodnogo-czentra-torgovo-ekonomicheskogo-sotrudnichestva.html 

Суунун тартыштыгы Түркмөнстандын калкы туш болгон курч көйгөй болуп калууда. Көпчүлүк адамдар үчүн ичүүчу суу жетишсиз. Шаарларда суу мезгил-мезгили менен өчүрүлүп турат, айыл жерлеринде көп убакта борбордук суу берүү системалары жок. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31192994.html 

Социалдык борборлордо жашаган (приют, интернат, балдар үйү, окуу мекемелеринин жатаканалары, мамлекеттик эмес мектептердин жатаканалары) жарандар жакынкы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталып, акысыз базалык медициналык кызматтарды ала алышат. Бул туурасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун басма-сөз кызматы билдирди. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/189456_kyirgyizstantsyi_izsotsialnyih_tsentrov_mogut_poluchit_meditsinskie_uslugi_besplatno/ 
 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.