Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 31.05. - 07.06.2021-ж.

07.06.2021 • 10:21

Кымбаттуу досум!

Өткөн аптада Борбор Азия мамлекеттеринде кандай жаңылыктар орун алганына көз салып көрөлү.

 

Билим берүү

Тажикстанда жалпы билим берүү мекемелеринде 1-класстар үчүн сабактар 3-июнда, 2-11-класстарда 2021-жылдын 7-июнунда аяктады. Эмне үчүн бул окуу жылы узак болгонун бул жерден окугула: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210602/glas-naroda-uslishali-shkolnie-kanikuli-nachnutsya-7-iyunya-a-dlya-pervoklassnikov-uzhe-zavtra

Өкмөттүн Токтому менен «Жогорку билим берүү мекемелеринин студенттерине академиялык эс алуу берүү тартиби жөнүндө» жобо бекитилди. Бул жобого ылайык, Өзбекстандын жождорунун студенттери академиялык эс алуу убагында  окуусун сырттан, онлайн же экстерндик негизде уланта алат. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1199692-studenty-vuzov-uzbekistana-v-period-akademicheskogo-otpuska-smogut-prodolzhat-obuchenie-zaochno-onlajn-ili-eksternom.html

Уланып жаткан экономикалык кризиске байланыштуу жана кеңири жайылган жумушсуздуктун айынан Түркмөнстанда баалар өсүүдө, анын ичинде ЖОЖдорго өтүү үчүн пара баасы да көтөрүлдү. Азатлык кабарчысынын айтымында, Түркмөнстанда жогорку жана орто кесиптик мекемелерине тапшыруу үчүн пара доллар менен алынат. Өз кезегинде валютага болгон суроо талап чет өлкөлүк валютанын баасына таасирин тийгизет. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31284428.html

Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринин китеп фонддоруна инвентаризация жүргүзүү боюнча мектеп китепканачыларын октуу боюнча кампания башталды. Бул туурасында Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/196494_vshkolnyih_bibliotekah_kyirgyizstana_provedut_inventarizatsiyu_knijnogo_fonda/

Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында эртең «Фортепиано» номинаницясы боюнча «Жаңы муун» аттуу жаш аткаруучулардын биринчи республикалык конкурсу өтөт.   Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/196237_konkurs_molodyih_pianistov_sostoitsya_vkyirgyizskoy_natsionalnoy_konservatorii/

Тажикстандын улуттук тестирлөө борбору эки жылдан бери эң жогорку балл алган студенттерге белектерди берип келет. Бул жылы эң мыкты ондукка 14 студент кирди, алардын көбү кыздар. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210603/natsionalnii-tsentr-testirovaniya-tadzhikistana-nazval-lushih-abiturientov

Адам укуктары

Түркмөнстандын Мары шаарындагы Багтыярлык (Счастье) паркында 31-майда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш чара болуп өттү. Ага мектептердин окуучулары менен мугалимдери, бала бакчалардын тарбиялануучулары менен шаардык ийримдердин окуучулары күч менен катыштырылды. Массалык иш чара чакыйган күн алдында, абанын температурасы рекорддук көрсөткүчкө чыккан күнү өттү. Эл аралык балдарды коргоо күнү 1-июнда белгиленет. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31285959.html

Жаныбарлардын укуктары

Өзбекстандын Сенаты пленардык жыйынында Кылмыш кодексине жаныбарларга мыкаачылык менен мамиле кылуу боюнча берене киргизүүнү жактырды. Кененирээк:

https://nuz.uz/obschestvo/1199338-v-uzbekistane-budet-vvedena-ugolovnaya-otvetstvennost-za-zhestokoe-obrashhenie-s-zhivotnymi.html

Социум

4-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Калкты социалдык жактан коргоо системасын андан ары өнүктүрүүгө багытталган кошумча чаралар жөнүндө» указга кол койду. Бул документке ылайык, 1-июлдан баштап Өзбекстанда пенсия, пособиялар көбөйтүлөт: https://nuz.uz/obschestvo/1199761-s-1-iyulya-budet-uvelichen-razmer-pensij-i-posobij.html

Ондогон түркмөн студенттери Өзбекстан менен Түркмөнстандын чек арасынан өтүүдө кыйынчылыктарга туш болушууда. Коңшу өлкөдө билим алып жаткан Түркмөнстандын жарандары мекенине кайтуу үчүн өлкө чыгышындагы Лебап велаятында жайгашкан Фараб чек ара пунктунан өтүүгө аракет кылып жатышат. Чек арадагы кырдаал жөнүндө Азатлык радиосунун Өзбекстандагы жана Түркмөнстандагы маалыматы бар кабарчылары жана булактары  билдирип жатышат. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31290135.html

Казакстанда бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү үчүн үч айлык окуу курсу өткөрүлөт. “Жарандык демилгелер борбору” коомдук бирикмеси “Академия НПО” долбоору боюнча онлайн-тренинг форматында өкмөттүк эмес уюмдар үчүн окуу курсу башталганын билдирди. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/tryohmesyachnye-obuchayushie-kursy-dlya-predstavitelej-npo-provedut-v-kazahstane

Тажикстандын көз карандысыз профсоюздар Федерациясынын алдында «Мигранттар үчүн эмгек биржасы» түзүлдү. «Мигранттар үчүн эмгек биржасын түзүүнүн максаты профсоюздардын уставдык максаттарын ишке ашырууну кеңейтүү болуп саналат», - дейт Тажикстандын көз карандысыз профсоюздар Федерациясынын төрагасы Маликшо Неъматзода. Белгиленгендей, Федерация профсоюздардын тармактык уюмдары менен биргеликте КМШ мамлекеттеринин профсоюздары менен миграция жаатында кызматташмакчы. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210531/v-tadzhikistane-sozdali-birzhu-truda-dlya-migrantov

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо корсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.