Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 30.08.2021 - 06.09.2021-ж

09.09.2021 • 09:10

Кымбаттуу досу! 

Кел анда, өткөн аптада Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай жаңылыктар болуп өткөнүн билип алалы.
 

Билим берүү

Түркмөнстанда жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында жаңы окуу жылы 1-октябрга жылдырылды. Шаршемби күнү республиканын мектептеринде салтанаттуу иш чаралар болуп өттү. Аларга биринчи класстын окуучулары гана катышышты. Алар ушул аптанын акырына чейин окуп, 1-октябрга чейин каникулга тарашат. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210902/v-turkmenistane-nachalo-uchebnogo-goda-perenesli-na-oktyabr

Казакстандын билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов билим берүү башкармалыктарынын жетекчилерине билим берүү тармагына байланыштуу кайрылууларга, арыздарга жана сунуштарга чукул түрдө жооп кылууну тапшырды, деп билдирет министрликтин басма-сөз кызматы. "Жарандар жооптуу адамдарга түз кайрылып, өз убагында жооп алып жана көрүлгөн чаралар туурасында маалымат алып турушу үчүн билим берүү башкармалыктарынын жетекчилеринин жана орун басарларынын уюлдук телефондорунун номерлери жарыяланды” – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/nomera-glav-upravlenij-obrazovaniya-dlya-zhalob-opublikovalo-mon 

Өкмөттүн Токтому менен жогорку окуу жайлардын эл аралык мамилелер жаатында билим алып жаткан студенттердин Өзбекстан Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринен өндүрүштүк практика өтүүсүн уюштуруу жөнүндөгү Жобо бекитилди. Минюсттан түшүндүргөндөй, “эл аралык мамилелер” деген бакалавриаттын төмөнкүдөй багыттары: «Политология», «Эл аралык мамилелер», «Эл аралык экономика жана менеджмент», «Юриспруденция» (эл аралык-укуктук ишмердүүлүк), «Чет өлкөлөрдүн экономикасы жана өлкөтаануу» жана «Дүйнөлүк экономика менен эл аралык экономикалык мамилелер».

Бул багыттардын студенттери өндүрүштүк практикасын Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн, консулдук мекемелеринен же чет өлкөлөрдөгү эл аралык уюмдардын алдындагы Өзбекстандын өкүлчүлүктөрүнөн өтө алышат. Кененирээк:  https://nuz.uz/obschestvo/1207367-nekotorye-studenty-budut-prohodit-proizvodstvennuyu-praktiku-za-rubezhom.html 

Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын 2021/2022-окуу жылындагы биринчи курстун студенттерине таанышуу аптасы киргизилди. Ал 6-сентябрда башталат, ал эми сабактар окуу планына ылайык 13-сентябрда башталат.

Биринчи аптада студенттерге бардык жогорку окуу жайларда жаңы окуу жылынан баштап биринчи курстар үчүн киргизилип жаткан кредиттик-модулдук система жөнүндө түшүндүрмө берилет. Ошондой эле, студенттер көз карандысыздык сабактарын алышат, окуу жайдын эрежелери менен таанышышат жана башка маалыматтарды алышат. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1207321-pervokursnikov-zhdet-oznakomitelnaya-nedelya.html 

2 миңден ашуун компьютердик жабдыктардын комплектиси Азия өнүктүрүү банкынын каражатына Кыргызстандын мектеп китепканачылары үчүн сатылып алынды. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/206110_inventarizatsiyu_shkolnyih_bibliotek_provedut_vkyirgyizstane/ 

Адам укугу

“Тирүү көрсөткүлө” кампаниясы бардык кызыктар тараптарды, мамлекеттерди жана өкмөттөр аралык уюмдарды түркмөн түрмөлөрүндөгү соттолгон адамдардын дайынсыз жоголуусун токтотуу жөнүндөгү чечимин тастыктоого чакырууда. Адам укуктары үчүн Коалициясы билдиргендей, коронавирус пандемиясы глобалдык кесепеттерге ээ болуп жатканы менен, Түркмөнстанда дайынсыз жоголгондордун саламаттыгына байланыштуу олуттуу кооптонуулар бар. Кампания дайынсыз жоголгондордун Эл аралык күнүнө карата 30-августта жарыяланган билдирүүсүндө өз тынчсыздануусун билдирген. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31441717.html 

Балдар эмгегин жана күчтөп эмгекке тартуу тажрыйбасын колдонгон деп сынга алынган Түркмөнстандын бийлиги алимент боюнча карызы барларды Лебап велаятына күч менен пахта жыйноого жөнөтүүдө. Бул туурасында 30-августта Азатлык радиосунун кабарчысы билдирди. Анын билдирүүсүндө, Түркмөнстанда алимент төлөгөн он миңдеген адамдар бар, алардын көбү жумушсуздар. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31436486.html 

Өзбекстандын мектептеринде кыздарга өзгөчө эреже катары ак же ачык түстөгү жоолук же тюбетейка кийгенге уруксат берилди. Элдик билим берүү Министрлигинин башчысы Шерзод Шерматов белгилегендей, мындай чечим ата-энелердин кайрылууларынын негизинде кабыл алынды, башкы максаты – бардык балдарга билим берүү деп билдирет gazeta.uz. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/uzbekskim-shkolnicam-razreshili-nosit-svetlye-platki-i-tyubetejki  

Социум

Үч доор бар – 90-чу жылдар, нөлдүк жылдар жана заманбап эмгек миграциясы, ар биринин өзүнө тиешелүү оң жана терс жактары бар. Кененирээк:  https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210906/tri-istorii-treh-pokolenii-migrantov-nezavisimogo-tadzhikistana 

Душанбе шаарынын төрагасы Рустам Эмомали КМШ өлкөлөрүнүн балдары үчүн “Душанбеде мейманда” аттуу достук фестивалын өткөрүү жөнүндөгү токтомго кол койду. Фестиваль тажик борборунда 20-24 сентябрда өткөрүлөт, аны өткөрүү максаты КМШ өлкөлөрүнүн балдарынын жана өспүрүмдөрүнүн ортосунда достук мамилелердин бекемдешине жагымдуу шарт түзүп берүү болуп саналат, деп айтылат борбор калаанын мериясынын расмий сайтында. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210903/v-dushanbe-sostoitsya-mezhdunarodnii-festival-druzhbi-detei-i-podrostkov-stran-sng

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев санариптик өкмөттүн кеңсесинин ишин баштоого уруксат берди, кеңсе өз ичине улуттук аналитикалык борборду, санариптик трансформация борборун жана улуттук долбоордук кеңсени камтыйт. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/prezident-posetil-ofis-cifrovogo-pravitelstva 

Казакстандын мектептеринде 225 миң орун жетишпейт. 2025-жылы бул сан жарым миллионго жетиши мүмкүн. Быйыл биринчи класска барган окуучулар рекорддук санды түздү.  "Э", "Ю", "Ч" жана "Ш" тамгалары менен белгиленген класстарга чейин ачылды. Алматынын мектептеринин биринде 28 биринчи класс ачылды. Эгер мамлекет тезинен билим берүү мекемелеринин санын көбөйтпөсө, 2025-жылы жетишсиз орундардын саны жарым миллионго чыгышы мүмкүн. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/225-tysyac-ucenikov-ne-pomestilis-v-skolax-v-2025-godu-eta-cifra-mozet-dostignut-1-mln 

Өзбекстан Борбор Азияга эмне сатат? Бул суроону ЦЭИР серепчилери анализдеп чыгышты. Алар берген маалыматка ылайык, Өзбекстан үчүн БА рыногу даяр продукциянын ар кандай түрлөрүн экспорттоо үчүн негизги рынок болуп саналат. Кененирээк: https://nuz.uz/ekonomika-i-finansy/1207419-chto-uzbekistan-prodaet-v-czentralnuyu-aziyu.html 

Борбор Азия 

Отуз жыл мурда, 1991-жылы, Советтер Союзунун курамына кирген борборазиялык республикалар көз карандысыздыгын жарыялашкан. Беш өлкө бул юбилейди бири-бирине карата көз карандысыздык бекемделгенинен кабар берген белгилердин фонунда белгилешет.

Каспийдеги Түркмөнстандын Аваз курорттук аймагындагы жылмаюулар жана кол алышуулар. 6-августта Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери саммитке чогулушту. Мындай иш чараны уюштуруу үчүн отуз жылдай убакыт талап кылынды. Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан быйыл көз карандысыздыгынын 30-жылдыгын белгилешүүдө, аймактык өз ара байланыштар 1991-жылы Советтер Союу тараган мезгилден бери азыр эң мыкты деңгээлде.

Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/central-asia-30-years-independence/31439957.html 


 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.