Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 29.11 — 06.12.2021-ж.

08.12.2021 • 12:39

Кымбаттуу досум!

Кел эмесе, өткөн аптада биздин өлкөдө жана коңшу Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болуп өткөнүн билип алалы.

 

Билим берүү

Тажикстандагы афган качкындарынын балдары билим алган жалгыз мектепке, Кабулда бийлик алмашканы мамлекеттик колдоо токтотулган, эми “Сомониен” мектеби АКШ элчилигинин жана «Spirit of America» уюму тарабынан каржылана турган болду.

«Spirit of America» жарандык уюму Душанбедеги АКШ элчилиги менен өнөктөштүктө каржылык милдеттерин 2-декабрда жарыялашты, анын аркасында «Сомониён» мектеби мындан ары да Афганистандан келген качкындардын балдары үчүн эшиги ачык болот, деп айтылат америкалык дипөкүлчүлүктүн сайтында.

«Spirit of America» келерки 12 айдын ичинде $80 миң доллардан ашуун каржы салып, качкындардын балдары билим алышы үчүн негизги муктаждыктарды жаап берет. Аталган уюм негизинен ижара акысын, окуучулардын транспортун, эмерек, майда ремонттук иштерди жана интернет чыгымдарын өз мойнуна алат. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211203/shkolu-dlya-detei-afganskih-bezhentsev-v-dushanbe-ne-zakroyut-ee-podderzhat-ssha

 

 

Адам укугу

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 3-декабрда белгиенчү Эл аралык майыптар күнүнө карата калкка кайрылуу жолдоду. Анда айтылгандай, Өзбекстан майыптыгы бар адамдар өздөрүн коомдун ажырагыс бөлүгү катары сезгендей шарттарды түзүүгө багытталган атайын программа кабыл алат жана ишке ашырат. Бул программанын мааниси жана мазмуну БУУнун туруктуу өнүгүү Максаттарына дал келет, андагы негизги милдет майыптыкты аныктоодо медициналык мамиледен социалдык мамилеге өтүү экенин белгиледи президент. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/12/03/disability/

 

 

Социум

Бишкек мэриясы таштандыларды жер алдында сактоо жана чогултуу боюнча пилоттук долбоорду киргизип жатканын басма-сөз кызматы билдирди. Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды сактоо жана чогултуунун жаңы системасын түзүүгө жол берет. Мындай долбоордун аркасында шаар көчөлөрү эстетикалык жактан көрктүү болуп калат деп билдиришти мэриядан. Кененирээк: https://ru.sputnik.kg/society/20211205/1054865607/bishkek-musor-hranenie-sbor-proekt.html

 

Казакстанда социалдык жактан маанилүү болгон беш азык-түлүктүн түрүнө баа төмөндөдү. Ноябрда азык-түлүк инфляциясынын темпи көрүлгөн чаралардын аркасында 0,4 пайыздык пунктка 0,9%га чейин төмөндөтүлдү, ал эми жалпы инфляция 0,2 п.п. жылып 8,7%га чейин түштү, деп маалымдайт Казакстан Республикасынын премьер-министринин сайты. Кененирээк:

https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-snizilis-ceny-na-pyat-vidov-socialno-znachimyh

 

Ташкентте 1-декабрда балдарды мектепке кабыл алуудагы коррупциялык ыктымалдуулуктар жөнүндөгү иликтөөнүн натыйжалары боюнча коомдук талкуу өттү. Иш чара «Юксалиш» жалпы улуттук кыймылы менен “Регионалдык диалог” аттуу мамлекеттик эмес уюмдун (Словения) жана коррупцияга каршы туруу агенттиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “Өзбекстандагы коррупцияга каршы алгачкы лабораторияларды тузүү” долбоорунун алкагында ишке ашты, деп айтылат «Юксалиш» уюмунун сайтында. 2020-жылдын декабрь айында башталган долбоордун максаты эксперттик лабораторияларды түзүү жана жалпы өлкөнүн масштабында коррупциялык ыктымалдуулуктар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү. Биринчи этапта анкета жана интервью алуу аркылуу сурамжылоо жүргүзүү балдарды кенже мектептерге берүүдө коррупциялык ыктымалдуулуктарды баалоого багытталды. Кененирээк:  https://www.gazeta.uz/ru/2021/12/01/anticor/

 

 

Технология

"АйТиЭс Текноложиз" IT-компаниясы "Сорос - Кыргызстан" фондунун колдоосу менен "Жарандык технологияларды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоо боюнча инновациялык фонд” сынагынын алкагында, “Калк аркылуу маалыматтарды санариптештирүү” маалыматтык системасын иштеп чыгып, майыптыгы бар адамдарды жумушка тартты.

Компьютерлер ар бир жумуштун ажырагыс бөлүгүнө айланганы талашсыз жана бул иш процессин жакшыртууну камсыздайт. Бирок айрым уюмдар үчүн маалыматтык технологиялар кеңири тараганга чейин колдонулуп келген кагаз документтер менен иштөө керек болот. Скандоо кагаз документтерди санарип түргө келтирет, бирок документтин мазмунун билүүгө жана негизги сөздөр боюнча издөө салганга мүмкүнчүлүк бербейт. Иш жүзүндө документти издөө мурдагыдай эле ар бир файлды карап чыгуу аркылуу ишке ашат, бул болсо өтө көп убакытты талап кылат. Кененирээк:  https://kaktus.media/doc/450567_kak_ludi_s_invalidnostu_zarabatyvaut_s_pomoshu_smartfona.html

 

Түркмөнстанда интернеттин ылдамдыгы өтө жай экени буга чейин эле белгилүү болчу. Британиялык  Cable.co.uk басылмасынын адистери, муну дагы бир жолу тастыктап гана тим болбостон, түркмөн интернети дүйнөдөгү эң жай интернет экенин аныктап чыгышты.

2021-жылдын 30-июнуна чейинки 12 ай ичинде жүргүзүлгөн салыштырма анализ көрсөткөндөй, Түркмөнстан Интернеттин ылдамдыгы боюнча дүйнө боюнча эн арткы орунда гана болбостон, акыркы орундагы беш өлкөгө салыштырмалуу да абдан эле артта. Телекоммуникациялык кызматтардын провайдерлерин салыштырууга адистешкен Cable.co.uk басылмасынын адистери дүйнө боюнча 224 өлкө жана аймактарда 1,1 миллиард тест жүргүзүшкөн. Кененирээк:

https://rus.azathabar.com/a/31592246.html

 

Ушул эле отчетко ылайык, 5 гигабайт көлөмдөгү файл Тажикстанда орточо эсеп менен 1,82 Мбит/сек ылдамдыкта жүктөлөт. Бул көрсөткүч боюнча Тажикстан 224 өлкөнүн ичинен 211-орунда. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211207/internet-tadzhikistana-v-top-10-samih-medlennih-v-sng-i-v-mire-reiting

 

Инвестиция жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Тажикстандын мамлекеттик комитети «Сохибкор» (Sohibkor) атайын уюлдук тиркеме иштеп чыкты.

Тиркеме БУУ Өнүгүү Программасынын колдоосу менен “Жаштар бизнес жана инновация үчүн” аттуу Россия өкмөтү тарабынан каржыланган долбоорунун алкагында иштелип чыкты, деп билдирген комитет «Азия-Плюс» агенттигине. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/economic/20211207/v-tadzhikistane-zapustili-mobilnoe-prilozhenie-dlya-predprinimatelei

 

CABAR.asia үчүн берген эксклюзивдүү интервьюсунда Zypl.ai жасалма интеллект Академиясынын негиздөөчүсү Азизджон Азими Борбор Азиядагы AI өнүгүү маселелери, ар кандай чөйрөдө, мисалы мамлекеттик башкарууда колдонуу перспективалары туурасында айтып берди. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/life/person/20211202/v-kakie-sferi-i-kak-vnedrit-iskusstvennii-intellekt-v-stranah-tsentralnoi-azii

 

 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт, лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.