Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 28 -март - 5 апрель 2021-ж.

05.04.2021 • 13:43

Кымбаттуу досум!

Сага бүгүн адаттагыдай эле жаңылыктар дайжестин сунуштайм. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуяларды окуп билип ал. 

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Ушул жылдын 1-апрелинен тартып, 30-апрелине чейин  Тажикстандын Улуттук Банкы өнөктөш уюмдар менен биргеликте GMW2021 эл аралык кампаниянын алкагында финансылык сабаттуулук айлыгын өткөрөт. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210401/nbt-vozobnovlyaet-mesyats-finansovoi-gramotnosti-v-tadzhikistane

Кыргызстандын билим берүү министрлиги мугалимдерге аттестация киргизүүнү сунуштап жатат. Өкмөттүн «Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине аттестация жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө»  долбоорун министрлик коомдук талкууга койду. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/188190_ministerstvo_obrazovaniya_predlagaet_vvesti_attestatsiyu_uchiteley/ 

Өзбекстанда 2021/2022- окуу жылынан тартып кесиптик билим берүү системасында дуалдуу билим берүү принциби киргизилип баштайт. Окуучулар теориялык билимдерди билим берүү уюмунун базасында алат, ал эми практиканы жумуш ордунда өтүшөт. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1192644-s-2021-2022-uchebnogo-goda-ucheniki-ujdut-na-dualnoe-obrazovanie.html 

Кыргызстандын билим берүү мминистрлиги мамлекеттик орто кесиптик билим берүү уюмдарында нормативдик каржылоону киргизүүнү пландап жатат. Өкмөттүн мындай токтом долбоорун министрлик коомдук талкууга чыгарды. Кененирээк:  https://24.kg/obschestvo/188184_kolledji_stranyi_planiruyut_finansirovat_ponovomu_poryadku/ 

Адам укуктары

Тажикстан өкмөтү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого багытталган «Жеткиликтүү чөйрө» аттуу Мамлекеттик программа кабыл алды. Документте каралгандай, жакынкы беш жыл ичинде майып адамдардын жашоо деңгээлин жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга арналган көптөгөн чаралар көрүлөт. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210331/v-tadzhikistane-reshili-sozdat-ravnie-so-vsemi-usloviya-dlya-invalidov

Социум

Жаңы отчет Түркмөнстан өткөн жылы пахта жыйноодо эмгек күчүн мажбурлап пайдаланып келгенин көрсөткөндөн кийин британиялык Көз карандысыз соода демилгеси (ETI) дүйнөлүк бренддерди Түркмөнстандан пахта сатып алууну токтотууга чакырды. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31182026.html 

1 -апрелде Фергана облусунун Риштан районунан Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох районуна өтө турган жолдун ачылыш аземи болуп өттү. Сох району бул Кыргызстандын ичиндеги Өзбекстандын аймагы. Кененирээк: https://nuz.uz/sobytiya/1192911-otkryta-doroga-iz-rishtana-v-soh-cherez-territoriyu-kyrgyzstana.html 

Түркмөнстанда таштанды челектерди тинткен, көчөлөрдө, базарларда кайыр сураган адамдардын саны болуп көрбөгөндөй өстү. Алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар. Ал ортодо полиция аларга каршы күрөштү күчөтүүдө. Азатлыктын кабарчылары региондогу кырдаал жана жергиликтүү полициянын айрым методдору туурасында кабарлоодо. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31179808.html 

Технология 

Казакстандыктар үчүн вакцинациянын электрондук паспорту жеткиликтүү болуп калды. Министрдин айтымында, “eGov Mobile тиркемесинин "Санариптик документтер" бөлүмүндө вакцинациянын электрондук паспорту киргизилди. Анда үч тилде маалымат берилет: адам кандай препарат алды, кандай дозада жана кайсы күнү. Ал документти сураган мекемелерге  QR-коддун жардамы менен ачып көрсөтүүгө болот". Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/elektronnyj-pasport-vakcinacii-ot-covid-19-uzhe-dostupen-v-prilozhenii-e-gov-mobile 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып,Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.