Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест:   28-март – 4-апрель, 2022-ж.

06.04.2022 • 09:13

Баарыңарга салам!

Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.

Кеттик анда! 

 

Иилим жана билим

Казакстандагы январь окуялары жана пандемия учурунда сабактар болбой калганына байланыштуу жайкы мектептер уюштурулат, бул туурасында билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов билдирди. 

Подробнее: https://informburo.kz/novosti/letnie-skoly-vnov-budut-rabotat-v-kazaxstane 

 

Pledges эл аралык уюму Тажикстанда «Илмхона» көндүмдөр  акселераторун Bootcamp ProSkills жаңы программасын ишке киргизүү үчүн программалоо боюнча дүйнөдөгү беш мектептин бири катары тандап алды.  Программанын башкы максаты – студенттерди кыска мөөнөттүн ичинде жумуш менен камсыз болууга даярдоо. ProSkills курстары жумуш берүүчүлөрдүн муктаждыктарына багытталган жана практикалык билимдерди берет, 3 айдын ичинде адис кылып чыгарат. Программа программалоо боюнча билим барларга туура келет. Ал эми калган билимдерди курста окутат. Кененирээк:

https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20220329/poluchi-rabotu-svoei-mechti-vmeste-s-ilmhona-a-zaplati-potom 

 

“Чет жердеги өзбекстандыктар” долбоорунун алкагында «Газеты.uz» редакциясы чет өлкөлөрдө окуп жүргөн же чет өлкөлүк жогорку окуу жайларды бүтүрүп, ошол жакта иштеп жүргөн мекендештер менен болгон маектерди жарыялап баштады. Биз үйдөн алыскы жашоо туурасында, чет өлкөлүк билимди тандоо себептери жана биздин каармандар туш болгон сыноолор туурасында сөз кылабыз. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2022/04/02/shell/ 

 

Социум

Казакстанда үч жылдын ичинде 62 млн м2 турак-жай куруу пландалууда. Курулуш ылдамдыгы барган сайын дагы тездетилет. Анткени, турак-жай маселеси кризиске каршы чаралар пакетиндеги негизги пункттардын бири. Бул милдетти өкмөт аткара алабы, курулуш материалдары тездик менен кымбаттоодо? Бул туурасында эксперттер 31-каналдын "Информбюро" программасында талкуулашты.

Кененирээк: https://informburo.kz/stati/kogda-v-kazaxstane-resat-kvartirnyi-vopros 


 

Өзбекстанда мамлекеттик да, жеке менчик да медициналык мекемелерде медициналык кызматтарга карата бирдиктүү тариф бекитилет, деп жазат Фергана. Бааларды теңдештирүүгө Минфин менен саламаттыкты сактоо министрлигине эки жума убакыт берилди, деп билдирет Шавкат Мирзиёевдин катышуусу менен өткө видеоселектордук отурумдун жыйынтыгы менен Өзбекстан президентинин басма-сөз кызматы. 

нКененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220329/v-uzbekistane-tarifi-chastnih-i-gosudarstvennih-klinik-budut-odinakovimi 


 

Адам укугу

Афганистанда бийликти басып алган «Талибан» радикалдык кыймылы убадасын аткарбай, орто жана жогорку класстарда окуган кыздарды мектепте окуганга жибербей койгондон кийин, Кабулда аялдардын каршылык акциясы болуп өттү, каршылык акциялары көптөн бери орун ала элек болчу. Милдеттүү түрдө паранжа кийип жүрүү талабына каршы январь айында аялдар каршылык акциясына чыгып талибдер активист аялдарды массалык түрдө камакка алган эле. Бирок талибдердин кыздарга мектепте окууга тыюу салышы аялдардын жаңы каршылыгын жаратты. Аялдар репрессияга караганда, кыздарынын окуганды, жазганды билбей, радикалдардын диний карангылыгына таянган нормаларына баш ийип калышынан көбүрөөк чочулашат.  

Кененирээк:  https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20220331/smozhet-li-mirovoe-soobtshestvo-prinudit-talibov-otkrit-shkoli-dlya-devochek

 

Түркмөнстанда диний ишенимдеги адамдар кезектеги кысымга кабылышты. Борбордук мамлекеттик мекемелерде иштегендерге жумуш ордунда сыйынганга тыюу салынды. Коронавирус пандемиясына байланыштуу дагы деле жабык турган мечиттер иш учурунда күн сайын беш маал азан чакырып турат. Намаз окугандарга карата кысымдын кезектеги ирет күчөтүлүшү туурасында Азатлык кабарчыларына Ашхабаддагы булактары билдиришкен. Алардын айтымында, мамлекеттик мекемелерде иш ордунда намаз окугандар жумуштан кетирилет дегенге чейин коркутуулар орун алууда.

Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31638714.html 


 

Экология 

UniSat (Кыскартылган: Uni – UNICEF (БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ), Sat – satellite (спутник)) билим берүү программасынын катышуучулары, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан топтолгон 150дөн ашуун кыздар стратосферага ультразаманбап 3 наноспутник жиберишти. Бул туурасында Anhor.uz редакциясына ЮНИСЕФтин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкен.

Кененирээк: https://anhor.uz/news/nanosatellite/ 

 

Маданият жана спорт

Душанбеде Тажикстандагы биринчи аялдарга арналган толук кандуу спорттук комплекс 55 GYM LADIES ачылды. Ал  55 GYM спорт комплекстеринин биринчи улуттук тармагынын курамына кирет. Уюмдун жетекчилиги билдиргендей, аялдарга арналган эксклюзивдүү спорткомплексти курууда психологиялык жактан жайлуу кыла турган бардык факторлор эске алынды, эркектер менен чогуу машыкканда аялдар тартынган учурлар жоюлду. Жаңы спорткомплекс акыркы заманбап жабдыктар менен жабдылган, адискөйлүгү жогору болгон жалаң гана аял кызматкерлер тандалган.

Кененирээк:  https://www.asiaplustj.info/ru/news/sports/20220329/v-tadzhikistane-zarabotal-pervii-mnogofunktsionalnii-zhenskii-sportkompleks 

 

Кыргыз футбол союзу менен MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору демөөрчүлүк келишимине кол коюшту. Келишимге кол коюу боюнча расмий салтанат 2022-жылдын 28-мартында MegaCom баш кеңсесинин конференц-залында ОЮЛ "КФС" президенти Медербек Сыдыков жана ЗАО "Альфа Телеком" башкы директору Азат Базаркуловдун катышуусунда өттү. Кол коюлган келишимдин шарттары боюнча MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторуна Кыргыз футбол союзунун топ-демөөрчүсү деген артыкчыл статус ыйгарылды.

Кененирээк: https://kaktus.media/doc/457184_kyrgyzskiy_fytbolnyy_souz_obrel_top_sponsora_kompaniu_megacom.html


 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

* Дайжестти түзүүдө окуу практикасынын алкагында Алуа Сатбекова көмөк көрсөттү



 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.