Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 28.09.2021 - 04.10.2021-ж.

06.10.2021 • 09:24

Кымбаттуу досум!

Өткөн аптада Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай жаңылыктар орун алганын билип алалы.

 

Билим берүү

Ашхабад мектептеринде (Түркмөнстандын борбору) окуучуларга жаңы талап киргизилди. Окуучулар эми жеке аптечкасы үчүн жаңы кутуча алууга милдеттенет. Ар бир окуучуга жекече аптечка алуу өткөн жылы Түркмөнстанда коронавирус күчөп турган маалда киргизилген. Анын бар-жогу бийлик тарабынан али күнгө чейин расмий түрдө каттала элек. Азатлыктын Ашхабаддагы кабарчылары  жаңы эреженин чоо-жайын билдиришүүдө. Аптечка үчүн жаңы кутучулар Ашхабад мектептеринин кенже класстарынын окуучуларында болууга тийиш. Бул талап бардык мектептердин директоруна коюлду. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31487428.html

Актау (Казакстан) шаарынын сегиз мектебинде абанын сапатын көрсөтүп турган экологиялык датчиктер орнотулду.  Бул “Санариптик Казакстан” мамлекеттик программасын аткаруудагы талаптардын бири болду деп билдирет, Мангыстау облусунун акиминин басма сөз кызматы. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-skolax-aktau-ustanovili-datciki-opredelyayushhie-kacestvo-vozduxa

Кыргызстандыктар эл аралык этнографиялык жат жазууга катышууга чакыруу алды. Бул туурасында Бишкектеги Орус үйүнөн билдиришти. Алардын маалыматы боюнча, иш чара 3-7 – ноябрь аралыгында онлайн форматта www.miretno.ru сайтында өтөт. Жат жазуу тили – орус, англис жана испанча болот. Тапшырмалар 2021-жылдын 3-ноябрында 3.01 (Бишкек убактысы боюнча) “Чоң этнографиялык жат жазуу” расмий сайтында жарыяланат. Кененирээк:

https://24.kg/obschestvo/208992_kyirgyizstantsev_priglashayut_kuchastiyu_vmejdunarodnom_etnograficheskom_diktante/

Өзбекстандын инновациялык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, министрлик октябрь айында изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча гранттык программа жарыялайт. Дүйнөлүк Банктын долбоорунун алкагындагы гранттын көлөмү 200 000 жана 600 000 АКШ долларына чейин болот. Илимий изилдөө институттарынын жана жогорку окуу жайлардын илимий кызматкерлери тарабынан сунушталган долбоорлор каржыланмакчы. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк илимий кызматкерлердин биргелешкен изилдөөлөрүнө, илимий кызматкерлер менен жеке сектордун биргелешкен сунуштарына, ошондой эле өлкөнүн келечектеги изилдөөчүлүк потенциалын бекемдетүүгө арналган жаш окумуштуулардын сунуштарына өзгөчө көңүл бурулмакчы. Кененирээк:

https://nuz.uz/nauka-i-tehnika/1209366-uzbekistan-nameren-povysit-kachestvo-nauchnyh-issledovanij.html

Түркмөнстандын Мары велаятынын мектептеринде мугалимдер массалык түрдө COVID-19 тестинен өткөрүлүүдө. Белгилери билинбеген, бирок коронавирусту алып жүрүүчүлөрдү бир нече күнгө Мелхем санаторийине жөнөтүп жатышат, деп билдирет turkmen.news. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210928/v-shkolah-turkmenistana-provedut-massovoe-testirovanie-na-covid-19

Ада укугу

Кыргызстандын медиаэксперттери чиновниктер ММК жөнүндөгү мыйзамды бузуп салышпайбы деп тынчсызданышууда. Бул туурасында бүгүнкү тегерек столдо айтылды. Медиа тармактын өкүлдөрүнун ою боюнча, учурдагы “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө”, “Телевидение жана радио жөнүндө” мыйзамдары анча чоң эмес өзгөртүүлөргө гана муктаж жана бул туурасында мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө билдирилген. Кененирээк:

https://24.kg/obschestvo/208801_mediaekspertyi_opasayutsya_chto_chinovniki_iskoverkayut_zakonyi_osmi/.

Катаал чектөөлөрү жана адам укуктарын  бузуу боюнча сынга алынган Түркмөнстанда адамдарды жыныстык белгиси боюнча куугунтуктоо уланууда. Лебаптагы Азатлык радиосунун маалыматы боюнча, полиция чогуу отурган эркектердин артынан сая түшүп, алар гомосексуалдар эмеспи деген шек менен  суракка алууда. Түркмөнстан гомосексуализм кылмыш деп эсептеген аз сандагы өлкөлөрдүн бири. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31487994.html

Лебап велаятынын Фарап этрапында (Түркмөнстан) көз карандысыздык Күнү күчтөп пахта тердирүү менен коштолду. Бул туурасында 28-сентябрда Азатлыктын кабарчысы билдирген. Дүйшөмбүгө туш келген көз карандысыздык Күнүнүн урматына үч күн дем алыш жарыяланып, билим берүү кызматкерлери, орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары, атайын орто окуу жайлардын студенттери үч күн бою күч менен пахта терүүгө чыгарылды. Кабарчыбыздын билдирүүсү боюнча, алар Махтумкули айылында талааларда пахта теришкен. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31483614.html

Кыргызстан соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча Европа конвенциясына кошулууга ниеттенүүдө. Бул туурасында министрлер кабинетине шилтеме жасоо менен  Акыйкатчы институтунан билдиришти. Тактай кетсек, Акыйкатчы Токон Мамытовго чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктардын туугандары кайрылышкан. Алар европалык түрмөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатышат, аларды мекенине экстрадиция кылууга мүмкүн эмес, анткени, Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосунда соттолгондорду өткөрүп берүү тартибин тескей турган укуктук база жок. Кененирээк:

https://24.kg/obschestvo/209074_kyirgyizstan_hochet_prisoedinitsya_kevropeyskoy_konventsii_operedache_osujdennyih/

Соңку он жылдыкта Тажикстандагы кыйноолорго жана жазасыздыкка каршы жарандык коом Коалициясы бул өлкөдө аялдар жана кыздар дайыма кыйноолордун курмандыгы болуп, полиция кызматкерлери жана укук коргоо органдары тарабынан сексуалдук зомбулук, мазактоо, басынтуу, ур-токмокко алуу жана башка ырайымсыз мамилелерге кабылып келгенин тастыктаган көптөгөн учурларды каттаган. 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде кыйноо жана ырайымсыз мамиле боюнча 37 учур катталган – алардын 9у аялдар жана жашы жете электер. Ага карабай, патриархалдык маданият өкүм сүргөн Тажикстанда кыйноолордун же ырайымсыз мамиленин курмандыгы болгон кыз-келиндер компетенттүү органдарга кайрылу учурунда өзгөчө дискриминацияга кабылышат. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211003/iznasilovaniya-i-pitki-to-o-chem-tadzhikskie-zhentshini-predpochitayut-molchat

Социум

Борбор Азиянын лидер аялдарынын Диалогунун алкагында 28-сентябрда Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасында Борбор Азиянын аял ишкерлеринин арасында Кооперациялык биржа онлайн түрүндө «B2B» жолугушуулар форматында иштеп баштады.  3 күнгө созулган иш чара Өзбекстандагы БУУӨП өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулган. Кененирээк: https://nuz.uz/politika/1209291-v-tashkente-otkrylas-kooperaczionnaya-birzha-zhenshhin-predprinimatelej-czentralnoj-azii.html

Технология

Америкалык Google IT-концернине таандык болгон YouTube видеохостинг үчүн платформасы дезинформация менен күрөштү күчөткөнүн жарыялады жана дүйнө жүзү боюнча тастыкталган вакцина түрлөрүнө каршы күмөндүүлүктү жараткан кандай контент болбосун өчүрө баштады. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/you-tube-budet-udalyat-video-s-dezinformaciej-o-lyuboj-odobrennoj-vakcine

Казакстандагы эң популярдуу социалдык тармак – Twitter: аталган тармактын рыноктогу үлүшү бир жыл ичинде 6%дан 17%га өскөн, деп билдирет Finprom.kz. Дүйнө жүзү боюнча эң популярдуу социалдык тармак, Statcounter Global Stats маалыматы боюнча 2021-жылдын 21-августуна карата Facebook болуп саналат: тармактын рыноктогу үлүшү 73,27%. Андан кийин чоң ажырым менен төмөнкү соцтармактар турат: Twitter (8,91%), Pinterest (7,22%), YouTube (4,72%) жана Instagram (3,41%). Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/twitter-stal-samoi-populyarnoi-socsetyu-v-kazaxstane

AnTuTu аттуу популярдуу тесттик тиркеменин иштеп чыгучуларынын командасы Android операциялык системасы менен иштеген уюлдук телефондордун өндүрүмдүүлүгү боюнча сентябрь айына карата тизмесин жарыялады.Рейтинг тестирлөөнүн орточо натыйжаларына карап түзүлгөн. Кененирээк:

https://24.kg/tehnoblog/209126_nazvanyi_samyie_proizvoditelnyie_Android-smartfonyi_poitogam_sentyabrya_2021_goda_/

Google компаниясы эски Android версиядагы смартфондор үчүн өз сервистерин өчүрдү. Бул телефондордун ээлери эми Gmail почтаны, YouTube каналын, Google Maps  ж.б. фирмалык тиркемелерди колдоно алышпайт. Кененирээк:

https://24.kg/tehnoblog/208670_Google_prekratila_podderjku_ustroystv_sustarevshimi_versiyami_Android_/

Коопсуздук

Алматыда (Казакстан) интернет-шылуундар банкка 10 млн.тенге чыгым келтиришти. Узак убакыттан бери алар онлайн түрүндө керектөөчүлүк максаттар үчүн банк насыяларын алып келишкен. Медеу райондук полиция кызматкерлери 36 жана 24 жаштагы мурда соттолбогон эки эркек адамды кармашты, деп билдирет Алматы полиция департаментинин басма сөз кызматы. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-almaty-internet-moshenniki-nanesli-usherb-banku-bolee-chem-na-10-mln-tenge

Uzcard банкоматтары (Өзбекстан) убактылуу 100 жана 50 доллар купюраларды алмаштырууга кабыл алууну токтотушту. Буга себеп, бир катар банктар өз банкоматтарынан 100 жана 50 АКШ доллары купюралары жасалма болуп чыкканын билдиришкен. Бул учурлардын баары укук коргоо органдары тарабынан териштирилүүдө. Натыйжада Бирдиктүү республикалык процессинг борбору аталган купюраларды кабыл алуу функциясын Uzcard төлөм системаларынын бардык катышуучулары үчүн өчүрдү, анткени, компания тарабынан ишенимдүү валюта алмашуу операциялары камсыздалышы керек. Кененирээк:

https://nuz.uz/sobytiya/1209545-falshivomonetchiki-atakovali-bankomaty-uzcard-obmen-dollarov-priostanovlen.html

 

Биз менен болгонуң үчүн сага рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.