Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 28.06 - 05.07.2021-ж.

07.07.2021 • 13:59

Кымбаттуу досум!

Ачык асман жана сонун маанай каалайм!

Кел эми, өткөн аптада Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болуп өткөнүнө көз чаптырып көрөлү.

 

Билим алуу

Казакстандын билим берүү жана илим министрлиги вакцина алган студенттер менен мугалимдерге жеңилдик берген акцияларды өткөрүп жаткан ЖОЖдордун тизмесин жарыялады. Кененирээк:

https://informburo.kz/novosti/mon-opublikovalo-spisok-vuzov-gde-provodyat-akcii-sredi-vakcinirovannyh-studentov

Өзбекстанда жогорку окуу жайында билим алуу үчүн массалык түрдө насыя бере турган система ишке киргизилет.  “Биз ЖОЖдордо контрактык негизде билим алууга мүмкүнчүлүгү жок таланттуу жаштарды колдоо боюнча жаңы система түзөбүз. Белгилүү болгондой, азыркы күндө баласын окутуу үчүн ата-энелер 3 жылга 22-28 пайыз менен билим берүү насыяларын алышат. Бул баары үчүн эле кыйын, айрыкча алыскы райондордо жашагандар үчүн абдан оор”, - деди Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын жаштар жана студенттер Форумунда сүйлөгөн сөзүндө. Кененирээк: 

https://podrobno.uz/cat/obchestvo/v-uzbekistane-zapustyat-sistemu-massovogo-lgotnogo-kreditovaniya-dlya-oplaty-obucheniya-v-vuze-/

Кыргызстандын билим берүү министри порталда кабыл алуу тартиптери жөнүндө видеороликтер жайгаштырылганын белгиледи. Андан тышкары, КМТУнун базасында онлайн-окууга тапшыруу боюнча консультациялык, техникалык колдоо көрсөтүү боюнча кыска номери  иштейт. Кененирээк:

https://24.kg/obschestvo/199787_onlayn-postuplenie_vvuzyi_ikolledji_nomer_goryachey_linii/

Кыргызстандыктар орусиянын “Сириус” борборуна дистанттык акысыз курстарга чакырылды. Бул туурасында Бишкектеги Россия үйү билдирди. Алардын маалыматы боюнча, 7-11-класстын окуучулары үчүн  математика, информатика, физика, химия, лингвистика боюнча Россиянын алдыңкы ЖОЖдору менен мектептеринин мугалимдери тарабынан иштелип чыккан билим берүү программалары сунушталат. Кененирээк:

https://24.kg/obschestvo/199579_shkolnikov_izkyirgyizstana_priglashayut_nabesplatnyie_kursyi_rossiyskogo_tsentra/

Өзбекстанда 10-11-класстын окуучулары үчүн рынокто суроо-талапка ээ болгон кесиптерге жана өнөрчүлүккө үйрөтүү боюнча система киргизилет.  Мектеп бүтүрүүчүлөрү окуусун аяктаганда кандайдыр бир кесипке ээ болуп чыгышат. Кененирээк:

https://nuz.uz/sobytiya/1202299-k-okonchaniyu-shkoly-vypuskniki-budut-vladet-hotya-by-odnoj-professiej.html

Адам укугу

Түркмөнстанда соцтармактардагы балдардын жоголуп жатканы туурасындагы билдирүүлөрдөн улам, ошондой эле коомчулукка маалым болгон балдарга карата зордук-зомбулук окуяларына байланыштуу ата-энелердин арасында дүрбөлөң күчөдү. Борбор калаада айрым ата-энелер балдарын мектепке баратканда жана сейилдөө учурларында дайыма көзөмөлгө алууга аракет кылышууда, айрымдар балдарын облустардагы туугандарыныкына жөнөтүп жатышат. Бирок, бийлик тарабынан жана ММК өкүлдөрү тарабынан эч кандай маалыматтын, комментарийлердин жоктугу калк арасында ар кандай ушак-айыңарды жаратууда. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31335468.html

Январь айында Тажикстандын салык органдары “Памир юристтеринин ассоциациясы” коомдук уюмуна айып пул салышкан, аларды эл аралык структуралардан алган гранттарына киреше салыгын төлөөгө милдеттендиришкен. Уюм салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына каршы сотко доо арыз берген. “Памир юристтеринин ассоциациясы” коомдук уюмунун эл аралык уюмдардан алынган гранттары боюнча финансылык отчетторуна катыштуу салык органдарынын дооматтарына байланыштуу доо арыз сотко март айында берилген. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210705/npo-pod-pritselom-nalogovih-organov-ili-kak-granti-okazalis-ne-grantami

Өзбекстандын телекоммуникация жана информатизация жаатын көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик инспекциясы жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамдын бузулушуна байланыштуу республиканын аймагында айрым соцтармактардын иштешине чектөө коюу чечимин кабыл алды. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/20210702/uzbekistan-ogranichil-rabotu-vkontakte-twitter-i-tiktok

Социум

Тажикстанда өспүрүмдөр тарабынан күнүнө эки кылмыш жасалат. Бул өлкөдөгү соңку 7 жыл ичиндеги кылмыштуулуктун анализинде көрсөтүлгөн. Кененирээк:  https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210702/dva-prestupleniya-v-den-sovershayut-nesovershennoletnie-v-tadzhikistane

Ипотекалык программанын алкагында Өзбекстанда жаш үй-бүлөлөргө турак-жай сатып алууга кошумча  эки миң квота бөлүнөт. Бул максатар үчүн бюджеттен 60 миллиард сум бөлүнөт. Кененирээк:

https://nuz.uz/obschestvo/1202308-molodym-semyam-vydelyat-eshhe-2-tysyachi-kvot-na-priobretenie-zhilya.html

Маданият

Ушул аптада Казакстанда домбранын улуттук күнү белгиленди. Бул майрам 2018-жылы 13-июнда Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Н. Назарбаевдин буйругу менен белгиленген. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/nacionalnyj-den-dombry-otmechayut-v-kazahstane 

 

Биз менен болгонуң үчүн сага рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.