Салам!
Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.
Кеттик анда!
Билим берүү
Казакстандын мектептериндеги билим берүү процессин болушунча санариптештирүү керек деп белгиледи мамлекет башчы реформалар боюнча Жогорку кеңештин жыйынында. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/cifrovizaciya-obuceniya-i-licnaya-otvetstvennost-akimov-tokaev-o-razvitii-obrazovaniya
24-сентябрда Demo Day AloqaTech Lab иш чарасынын алкагында AloqaTech Lab инкубация жана акселерация программасынын катышуучуларынын арасындагы Entrepreneurship World Cup 2022 сынагынын улуттук финалы болуп өттү. Кененирээк: https://anhor.uz/news/beautify/
Адам укугу
Кыргызстандын медиакоомчулугу Болот Темировдун иши боюнча кайрылуусун жана талабын билдирип чыкты. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/467814_otkrytoe_obrashenie_mediasoobshestva_po_dely_bolota_temirova.html
Президенттин администрациясы ММК жөнүндөгү таптакыр жаңы мыйзам иштеп чыгууну демилгеледи. Ал коомдук талкуу үчүн жарыяланды. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/467964_administraciia_prezidenta_reshila_pridat_internet_redakciiam_statys_smi.html
Социум
Азия өнүктүрүү банкы (АБР) Өзбекстандын жана көпчүлүк Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүшү боюнча прогнозун жакшыртты. Сентябрь айындагы Азиянын өнүгүшү боюнча обзорго ылайык, 2022-жылы Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө ИДП 3,9%га өсүшү күтүлөт (буга чейинки прогноздо 3,6% болчу), ал эми 2023-жылы 4,2%га өсөт деп болжонууда (буга чейинки прогноздо 4% болчу). Кененирээк: https://anhor.uz/news/adb-prognosis/
Биз менен болгонуң үчүн рахмат!
Көрүшкөнчө!
P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!
Дайжестти даярдоого Алмабек Ибрайымов катышты.