Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 26.04. - 03.05.2021-ж.

10.05.2021 • 05:06

Кымбаттуу досум!

Өткөн аптада Кыргызстан менен Тажикстандын  мамлекеттик чек арасында чатак чыкты. Анын натыйжасында адамдар каза таап, эки тараптан тең адамдар жабыр тартты, качкынга айланышты.

Qlever командасы бул окуяга абдан өкүнүү менен, каза болгондор туурасында терең кайгысын билдирет. Биздин керемет регионубуздун бардык өлкөлөрүнүн жашоочуларына чын ден соолук жана бакубатчылык каалайбыз! Биздин аймакта жана жалпы дүйнөдө тынчтык болсун! Эч качан атылган октун үну угулбасын!

Азыр болсо Борбор Азиядагы башка жаңылыктар туурасында айтып берейин.

Кеттик анда!

 

Билим берүү

Ташкенттин, Өзбекстан, төрт мектебинде балдардын жана чоңдордун өсүмдүккө болгон сүйүү мамилесин калыптандырууга  арналган уникалдуу долбоор ишке салынды. Бул долбоор ушул жылдын февраль айында башталган. Флора жана фаунаны коргоо боюнча «Индиго» коомунун өкүлдөрү мектептерге үрөндөн кантип тез арада көчөт өстүрүү боюнча калыптарды орнотушту. Ар бир окуучу ага үрөн сээп көрдү. Кененирээк: https://nuz.uz/aktualnoe-video/1196260-v-tashkente-neravnodushnye-grazhdane-zapustili-v-shkolah-proekt-kotoryj-dolzhen-pomoch-stolicze-ostanovit-vyrubku-i-vnov-stat-zelenoj-video.html

Өзбекстанда 2021-жылдын апрель айында Kundalik өзүнүн «Фабрика разума» аттуу өнөгү менен биргеликте мультисервистик онлайн-платформа түзүү боюнча долбоорду баштады, аталган платформа мектеп программасынын алкагында предметтерди кошумча окууга арналган. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1195725-kundalik-vnedryaet-instrumenty-gejmifikaczii-dlya-samostoyatelnogo-i-distanczionnogo-izucheniya-predmetov.html

А. А. Громыко атындагы сынакка ЕАЭБ жана КМШ жаштарынын эмгектерин кабыл алуу башталды. Аталган сынак Евразиялык экономикалык комиссиянын колдоосу астында өтүп жатат. Кененирээк: https://nuz.uz/politika/1195711-obyavlen-konkurs-molodyh-mezhdunarodnikov-stran-sng.html

Казакстанда окуу жылы 25-майда аяктайт. 26-майдан 19-июнга чейин бардык билим берүү мекемелеринде окуудагы жетишпей калган билимдерин толуктоо үчүн жайкы мектептер уюштурулат, деп билдирди билим жана илим министри Асхат Аймагамбетов министрликтин аппараттык жыйынында. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/zanyatiya-v-letnih-shkolah-dlya-vospolneniya-znanij-uchashihsya-projdut-s-26-maya-po-19-iyunya

Бишкектин мектептеринде класс жетекчилерге ооруган балдар туурасында маалымат чогултуу милдеттендирилди. Бул турасында 24.kg агенттигине бир ата-эне билдирген. Анын айтымында, бүгүн  WhatsApp чатына класс жетекчи билдирүү жасап, мындан ары күнүгө саат 12.00го чейин COVID-19, пневмония, ОРВИ/грипп менен ооруган окуучулар туурасында маалымат берип туруу керектигин айткан. Кененирээк:  https://24.kg/agent_024/191667_klassnyih_rukovoditeley_shkol_bishkeka_obyazali_sobirat_dannyie_oboleyuschih_uchenikah/

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө 42 миң 817 бүтүрүүчү катталган. Бул туурасында 24.kg агенттигине билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары Борборунун директору Чинара Батракеева билдирген. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/191580_naobscherespublikanskoe_testirovanie_zaregistrirovalis_42tyisyachi_817_vyipusknikov/

Адам укуктары

Түркмөнстандын Лебап велаятынын жол полициясы бардык унаа кожоюндарынан унаанын бардык кара тетиктерин ак түскө боёп чыгууну талап кылууда, радиатордун торчолорун да. Бул туурасында Азатлык радиосунун кабарчысы билдирүүдө. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31229072.html

Түркмөнстан улуттук мыйзамдарын, анын ичинде адам укуктары жаатындагы мыйзамдарын эл аралык нормаларга шайкеш келтирүү боюнча ишти улантууда. Жакында адам укуктары жаатындагы беш жылга карата улуттук планды бекитүү боюнча документ кабыл алынган, эми болсо акыйкатчынын жылдык отчету жарыяланды. Ал ортодо укук коргоочулар бийлик тарабынан кабыл алынган документтерди иш жүзүнө ашыруу боюнча конкреттүү иш аракеттер жоктугуна тынчсызданышууда. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31224971.html

Азия Плюс порталынын журналисттери тажикстандыктардан кайсы темада бүгүнкү күндө Тажикстанда сүйлөгөнгө болбой турганын, кимди сындаганга болбойт жана эмне үчүн экенин билишти. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210504/kogo-nelzya-kritikovat-v-tadzhikistane

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев, никеге мажбурлоо максатында адам уурдоо үчүн (ала качуу) жаза катаалдаштырылаарын билдирди. Бул туурасында   "Фергана" МА билдирди. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210427/v-kirgizstane-uzhestochat-nakazanie-za-pohitshenie-nevest

Социум

Ашхабадда, Түркмөнстан, желим жана картон чогулткандар, Лебап велаятында металл чогулткандар күчөдү. Кабарчылардын айтымында, бул кабыл алуу жайларында экинчи сырьеге суроо-талаптын көбөйүшүнө жана баалардын өсүшүнө байланыштуу. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31229210.html

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.