Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 25-31.10.2021-ж.

03.11.2021 • 05:13

Кымбаттуу досум! 

Кел эмесе, өткөн аптада биздин өлкөдө жана коңшу Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болуп өткөнүн билип алалы.

 

Билим алуу

Өзбекстандын жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги Telegram-бот жана ишеним телефонун ишке киргизди, ал жакка сексуалдык асылуу, кысым көрсөтүү жана зордуктоо фактылары боюнча кайрылса болот, деп билдирет министрлик. Мындай көрүнүштөргө кабылган жогорку окуу жайлардын студент кыздары жана аял кызматкерлери же мындай окуяга күбө болгондор ал туурасында  @himoya_otv_bot  аркылуу билдирсе болот же 1006 номерине чалса болот.

Министрлик маалымдаган адамдын купуялыгын жана ачыкталбасын кепилдик кылууда, министрлик тиешелүү жардам көрсөтүп, абийирсиз иш аракетерге жол бербөөгө жана ар бир мындай учурга карата катаал чаралар көрүлөт деп убада кылууда. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/10/28/bot/ 

1-ноябрдан тартып Казакстанда магистратура жана докторантурага тапшыруу үчүн экинчи комплекстүү тестирлөөгө документтерди кабыл алуу башталды, деп билдирет Казакстандын билим берүү жана илим министрлиги. Документтерди кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт: салттуу түрдө жайында жана кошумча түрдө кышында. Тестти ийгиликтүү тапшырган  талапкерлер жайкы кабыл алуудан калып калган бош гранттарды жеңип ала алышат. Сынакка жайында тапшыра албай калган талапкерлер да, мурда тест тапшырбагандар да катыша алышат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/s-1-noyabrya-v-kazaxstane-nacinaetsya-priyom-dokumentov-na-magistraturu 

Адам укугу

World Prison Brief маалыматы боюнча, Түркмөнстан – калкынын санына карата түрмөдө отургандардын көптүгү боюнча дүйнөдөгү экинчи өлкө. 

Биринчи беш өлкөнүн катарына АКШ, Түркмөнстан, Сальвадор, Руанда жана Куба кирди. Түркмөнстанда ар бир 100 миң адамга 576 түрмөдө отургандар туура келет. Түркмөнстан түрмөдө отургандардын, соттолгондордун жана бошотулгандардын саны боюнча расмий маалымат жарыялабайт. Түрмөдөгүлөрдүн дайынсыз жок болушу да Түркмөнстанда көйгөй бойдон калып келет. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31530370.html

Кыргызстан WPS (Аялдар үчүн коопсуздук жана тынчтык индекси) рейтинги боюнча Борбор Азия республикаларынын ичинен аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылды. Бул глобалдык рейтингде 170 өлкөдөгү аялдардын абалы бааланат, КР 97-орунга ээ болду. Эң төмөнкү орундарда Афганистан, Сирия, Йемен, Пакистан, Ирак ж.б. өлкөлөр.

А Финляндия, Норвегия, Дания жана Люксембург аялдар үчүн эң коопсуз өлкө деп табылды. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/kyrgyzstan-priznan-nebezopasnym-dlya-zhenschin-gosudarstvom/31533945.html 

Өзбекстандын президенти Өзбекстандагы жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарды бузгандарга карата жазаларды катаалдаштыруу боюнча мыйзамга кол койду. Мындан тышкары, өзгөрүүлөр үч айдан кийин күчүнө киргенде, азыр кирүүгө чектөөлөр коюлган соцтармактар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/11/01/personal-information/ 

Социум 

Элет райондорун комплекстүү өнүктүрүү долбоору (IRDP) аялдардын ролун бекемдөө боюнча аракеттерге жана элет жеринде аялдар менен кыздарга бирдей мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырды. Мындай чакырык Элет аялдарынын Эл аралык күнүнө арналган семинарда айтылды, семинар Тажикстандын мамлекеттик жана жеке тармактын биргелешкен өнөктөштүгү менен өткөрүлдү. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211028/proekt-esgiz-otmetil-neveroyatnii-potentsial-selskih-zhentshin-tadzhikistana

2021-жылы 6-октябрдан 9-ноябрга чейин Green card – 2023 лотереясына катталуу ачылды. Лотереяга жүздөн ашуун өлкөнүн жарандары катыша алат, анын ичинде Кыргызстан да бар. Америкалык визалык лотереяга катышуу кыргызстандыктар үчүн канчалык кызык жана АКШга виза алуу кандай реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар, Kaktus.media материалынан окугула. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/447974_jelaushih_yehat_v_ssha_iz_kyrgyzstana_vse_bolshe._podrobnosti_o_green_card.html 

Душанбеде күзгү сүрөт сессияларынын убагы келди, жалбырактар саргайып, аба ырайы суук тарта баштады. 

Мыкты фотосессия өткөрүү үчүн алгач сюжетин ойлонуу керек, ошого жараша кайсы жерден өткөрүү жана кандай реквизиттери алуу керектиги түшүнүктүү болот. Жерди туура тандоо абдан маанилүү. Бул жерде шаардын борборунан тартып, айрым кызыктуу жерлерге чейин бир нече сунуштар камтылган: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211031/kak-sdelat-idealnie-osennie-snimki-gde-ustroit-fotosessiyu-v-dushanbe

Тажикстанда Хеллоуин майрамын колдогондор да, каршы чыккандар да арбын, бирок эки тарап тең дүйнөдөгү эң байыркы жана эң сырдуу майрамдын келип чыгуу тарыхы туурасында биле бербесе керек. 

Хэллоуин – жаштарга көңүл ачууга шылтоо, улуу муун “жеңил ойлуулук” деп сындаган майрам, бирок алардын көпчүлүгү бул эмне майрам экенинен кабары жок. Ал эми бул майрамдын тарыхы жана салттары менен жакшы тааныш адамдар тажиктер үчүн негизги майрам болгон Навруз менен көп окшоштуктары бар экенин айтышат. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211031/pochemu-hellouin-tadzhikam-blizhe-chem-mi-dumaem

Экология 

Хабитат боюнча Ага Хан агенттиги (AKAH) Тажикстандын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Комитетинин гидрометеорология Агенттиги менен биргеликте Душанбеде БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча Рамкалык конвенциясынын тараптарынын Конференциясынын (UNFCCC) жыйырма алтынчы болжолдуу сессиясын өткөрдү, ага бардык тиешелүү мамлекеттик мекемелер чакырылган.  Сессия айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Комитетинин башчысынын орун басары Абдулло Курбонзода менен АКАН филиалынын башкы аткаруучу директору  Хади Хусани мырзанын төрагалыгы астында өттү. Сессиянын максаты – пландалган иш чараларга басым коюу менен жалпы улуттук позиция туурасында маалымат алмашуу жана талкуу жүргүзүү жана келечектеги климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кызматаштык жана биргелешкен аракеттерди макулдашуу болду. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211029/v-dushanbe-proshla-konferentsiya-ramochnoi-konventsii-oon-po-izmeneniyu-klimata

Өзбекстан жаратылышты коргоо боюнча Эл аралык Союздун (МСОП) 92-мүчө-өлкөсү болуп кирди, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен союзга кирген биринчи өлкө. Бул туурасында «Газете.uz» агенттигине экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча  Мамлекеттик комитеттин басма-сөз кызматынан билдиришкен. 

«Биз Өзбекстандын МСОП мүчөсү болгонуна кубанычтабыз жана экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча  Мамлекеттик комитет менен жана өлкөдөгү башка өнөктөштөрүбүз менен кызматташтык кеңейет деп үмүттөнөбүз», —  деп айткан Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча МСОП регионалдык кеңесесинин директору Борис Эрж. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/10/30/iucn/ 

Казакстанда шамалдын энергиясын колдонгон гибриддик электростанция курулат, деп билдирет улуттук "КазМунайГаз" компаниясы. Энергетика министрлиги, "Самрук-Казына", "КазМунайГаз" корпорациялары жана Total Eren S.A альтернативдүү энергияны өнүктүрүү боюнча макулдашып, тиешелүү меморандумга кол коюшту. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-postroyat-gibridnye-elektrostancii-moshnostyu-poryadka-1-gvt 

Технология 

Facebook ээлик кылган WhatsApp мэссенжери бир катар смартфондордо эми иштебей калат. Бул iOS жана Android системаларына карата талаптардын өзгөрүшү менен байланыштуу. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211028/whatsapp-perestanet-rabotat-na-ryade-smartfonov-s-1-noyabrya

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт, лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.