Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 24-31.05.2021-ж.

02.06.2021 • 07:07

Кымбаттуу досум!

Кел анда өткөн аптада Борбор Азия мамлекеттеринде кандай жаңылыктар орун алганы туурасында билип алалы.

 

Билим берүү

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Мектеп лигасы» аттуу долбоорду талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматында айтылгандай, бул долбоор президенттин инсанды руханий-ахлактык жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндөгү указын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Талкууда ошондой эле, балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү, дене тарбиясын жайылтуу жана сергек жашоо образын пропагандалоо маселелери да талкууланды. Белгилей кетчү нерсе, билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп лигасына катышуу үчүн командалардын ыктыярдуу баштапкы взностору боюнча пикир келишпестиктер жоюлганы айтылууда. Кененирээк: https://24.kg/vlast/195457_vkyirgyizstane_planiruyut_zapustit_proekt_shkolnaya_liga/

Казакстандык окуучулар физика боюнча Азия олимпиадасында 1 алтын, 3 коло медаль утуп келишти. Дагы эки казакстандык окуучу ардак грамотасына ээ болушту. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazahstanskie-shkolniki-zavoevali-odnu-zolotuyu-i-tri-bronzovye-medali-na-aziatskoj-olimpiade-po-fizike

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда уюлдук программалоо боюнча mGov Kashkadarya сынагы башталды. Катышуучуларга төмөнкү багыттар боюнча уюлдук тиркемелерди иштеп чыгуу сунушталат: медицина, билим берүү, энергетика, айыл-чарба, курулуш, социалдык коргоо, калкты иш менен камсыз кылуу. Долбоорлорду баалай турган башкы критерийлер – коомдогу маселелерди чечүүнүн эффективдүүлүгү, инновациялуулугу жана колдонууда жөнөкөйлүгү болуп саналат. Кененирээк: https://nuz.uz/nauka-i-tehnika/1198711-v-kashkadare-nachalsya-konkurs-po-mobilnomu-programmirovaniyu.html

26-майдан баштап Тажикстандын 13 билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн жана кийим тигүүчү компаниялардын катышуусунда кийимдерди конструкциялоону автоматташтыруу GRAFIS, 12-версия, интенсивдүү курсу өткөрүлөт. Тренерлерге арналган бул тренинг (ToT) Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган Эл аралык соода борборунун Глобалдык текстиль жана кийим тигүү программасынын алкагында Тажикстандын техникалык Университетинин Хужанд политехникалык Институтунун тыгыз кызматташтыгынын коштоосунда уюштурулууда (ХПИТТУ). Курс Хужандда жаңы эле ачылган аталган институттун кийим тигүү окуу борборунда өтүп жатат жана 2021-жылдын 15-июнуна чейин уланмакчы. Аны москвалык «Кадрус» аттуу ИТ-компаниясынын адиси Наталья Белоусова өткөрүүдө. САПР GRAFIS 12 окуу программасы GTEX программасынын алкагында атайын ХПИТТУ окуу борбору үчүн сатып алынган. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210526/tadzhikskih-uchitelei-i-shvei-obuchat-kompyuternomu-konstruirovaniyu-odezhdi

Өзбекстандын мектеп окуучулары чет тилдерди өздөштүрүү деңгээли боюнча тест беришет. Бул өкмөттүн «Чет тилдерди үйрөнүүнү жайылтуу боюнча чаралар жөнүндөгү» токтомунда бекитилген, деп билдирет Минюст. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1198777-shkolniki-nachnut-sdavat-test-po-opredeleniyu-urovnya-vladeniya-inostrannymi-yazykami.html

Бишкекте мектеп алдында лагерлер ачылат. Бул туурасында борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева 24.kg агенттигине билдирген. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/195182_vbishkeke_nebudut_otkryivat_prishkolnyie_lagerya/

Адам укуктары

Кыргызстанда укук коргоочулар биринчи жолу кылмыш жасаган балдарга дагы бир мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштоодо. Бул туурасында басма сөз жыйынында «Укук борбору» КФнун директору Гүлнара Шейшекеева билдирди. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/195095_sovershivshim_prestuplenie_detyam_pravozaschitniki_predlagayut_davat_vtoroy_shans/

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы Мяликгулы Бердымухамедовдун кыркылыгы өткөнчө мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин жана жеке ишканалардын жетекчилерин чачын кырдырып, тахья (түркмөн улуттук баш кийими) кийүүгө милдеттендирилди. Эркек чиновниктерге карата мындай талап президент атасы өлгөндөн кийин аза күтүү катары эл алдына тахья кийип чыккандан кийин киргизилди. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31277296.html

20-майдан баштап Өзбекстанда бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда “коопсуздук үчүн орнотулган чектөөлөрдү айланып өтүүгө жардам берген” анонмайзерлерди жана VPN-сервистерди колдонууга тыюу салынды. Мындай чечим Өзбекстандын президентинин алдындагы Коопсуздук Кеңеши түзгөн жумушчу тобу тарабынан 14-майда жалпы өлкө боюнча киргизилди. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31274892.html

Кыргызстанда WhatsApp мессенжери аркылуу Чалдовар айылынын жашоочуларына “Тажикстан Республикасынын жарандарынан арылууга чакырган” билдирүүлөрдү таркаткан деп шектелгендер кармалганын кабарлайт Азаттык Радиосу. Алгач бул факт 119-берене боюнча ЕРПП каттосунан өткөн (майда бейбаштык). Бирок экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин, улуттар аралык чатакты козутууга чакырыктар бар экени аныкталып, бул иштин материалдары КРнын ККнин 313-беренесине которулган (Расалык, этникалык, улуттук, диний же улуттар аралык кастыкты козутуу). Кененирээк:

https://rus.azathabar.com/a/v-chuyskoy-oblasti-zaderzhany-dve-devushki-po-podozreniyu-v-prizyvah-k-mezhnatsionalnomu-konfliktu/31271162.html

Тажикстанда финансылык сабаттуулук боюнча экинчи республикалык сынак аяктады. Аталган сынак Тажикстандын Улуттук Банкы тарабынан GlobalMoneyWeek алкагында уюштурулган. Сынак бир нече номинацияда өткөрүлдү – эң мыкты сүрөт, видеоролик жана флешмоб. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210525/samim-malenkim-pobeditelyam-konkursa-po-finansovoi-gramotnosti-6-7-let

Социум

Өзбекстандык студент кыз “Дүйнө бермети – 2021” сынагында “Ажайып сулуу” титулуна ээ болду. «Сайдаш» маданий борборунда студенттер арасындагы сулуулар жана талантар боюнча “Дүйнө бермети – 2021” IX Эл аралык ачык сынагынын финалы өттү. Татарстан Республикасынын өзбек улуттук-маданий автономиясынын активисткасы Мария Колесова “Ажайып сулуу” титулуна ээ болду. Кененирээк: https://nuz.uz/kultura-i-iskusstvo/1199111-studentka-iz-uzbekistana-poluchila-titul-miss-ocharovanie-na-konkurse-zhemchuzhina-mira-2021.html

2021-2022-оку жылында Өзбекстандын мектепке чейинки мекемелеринде жана мектептеринде жаңыланган тамак-аш рациону киргизилет. Балдардын тамак-ашы менен алектенген ишкерлерге карата талаптар өзгөрөт. Бул президенттин “Саламаттыкты сактоо тармагын комплекстүү өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтомунда каралган, деп билдирет Минюст. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1198870-v-shkolah-i-detsadah-zapretyat-prodazhu-vrednyh-dlya-zdorovya-produktov.html

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.