Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 23-30.08.2021-ж.

02.09.2021 • 03:59

Салам досум! 

Офлайн окуганды абдан күтүп жатасыңбы? 

Албетте, баары мурдагыдай болбойт: коридордо мурдагыдай топтошуп чуркай албайбыз, тыныгууларда досторубуз менен бирге сейилдей албайбыз, буфетте түртүшүп кезекте турбайбыз... Мунун баары артта калды. 

Жаңы окуу жылында биз санитардык жана эпидемиологиялык эрежелер менен нормаларды сактоого милдеттүүбүз: беткап кийүүгө, аралыкты сактоого, коулубузду тез-тез жууп, антисептик каражаттары менен тазалап турууга. Түшүнөм, баарыбыз бул чаралардан чарчадык, бирок аларды сактоо керек, ар бирибиздин саламаттыгыбыз үчүн, вирусту жеңүү үчүн! Саламаттыгыңарга сак болгула жана жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалайм!

Азыр болсо Борбор Азия өлкөлөрүндө өткөн аптада кандай жаңылыктар болгонун билип алалы.

 

Билим берүү

COVID-19 илдети менен ооругандардын жана көз жумгандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу Түркмөнстанда жогорку окуу жайларды онлайн-окууга өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул туурасында оозеки түрүндө гана кабардар болгон студенттер онлайн-окуу 70 күнгө уланаарын айтышууда. Бирок түркмөн өкмөтү күндөн күнгө вируска каршы чараларды күчөтүп жатканы менен, расмий түрдө дагы деле өлкөдө COVID-19 илдети катталганын моюндай элек. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31431714.html 

2021/2022-жаңы окуу жылында Өзбекстандын жогорку окуу жайлары салттуу түрдө окуп баштайт. Студенттерди онлайн-окууга өткөрүү азырынча пландалган жок. Жогорку окуу жайлардын бакалавриат жана магистратура бөлүмдөрүндө окуу 6-сентябрда башталат. Бул туурасында жогорку жана орто атайын билим берүү Министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1206491-ucheba-v-vuzah-nachnetsya-v-tradiczionnom-formate.html 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эл аралык олимпиадаларга активдүү катышкандарга, жетишкен жогорку ийгиликтери үчүн жана билим берүүдөгү чоң салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. Бул туурасында мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Кененирээк:  https://24.kg/vlast/205293_sadyir_japarov_obyyavil_blagodarnost_shkolnikam/ 

Казакстандын 6-классынын окуучулары окуу программасындагы “Музыка” сабагынын ордуна домбрада ойноо курсун тандай алат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/uchashiesya-1-6-klassov-mogut-vybrat-kurs-igry-na-dombre-vmesto-sushestvuyushej-programmy-po-predmetu-muzyka 

Адам укугу

Түркмөнстанда массалык түрдө пахта чогултуу кампаниясы жүрүп жатат, бирок расмий түрдө пахта чогултуу баштала элек. Мурдагы жылдардай эле, бийлик пахта терүүгө күч менен тартуу аракетин улантууда. Пахта талааларына бюджеттик кызматкерлерди, мектеп окуучуларын жана чукул кызматтагы жоокерлерди чыгарышууда. Ал ортодо, текстиль продукциясы менен соода кылган түркмөн ишкери өткөн жылы АКШ өкмөтүнө кайрылып, балдардын жана зордукчул эмгектин жардам менен чогулган түркмөн пахтасын тизмеден чыгарып салууну суранган. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31432778.html 

Жаштар

Он беш жашар мектеп окуучусу Тажикстандын жаштарына чет өлкөлүк жогорку окуу жайларга тапшырууга жардам берүүдө. Кичине кезинен эле ал окууда чоң жетишкендиктерге жетип, ар кандай эл аралык олимпиадаларга катышып келген. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210826/pyatnadtsatiletnii-shkolnik-pomogaet-molodezhi-tadzhikistana-postupit-v-zarubezhnie-vuzi 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.