Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 22-29.11.2021-ж.

01.12.2021 • 10:13

Кымбаттуу досум!

Кел эмесе, өткөн аптада биздин өлкөдө жана коңшу Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болуп өткөнүн билип алалы.

 

Билим берүү

Жыл сайын жүргүзүлө турган  English Proficiency Index иликтөөсүнүн жыйынтыктары жарыяланды – рейтинг ар кайсы өлкөлөрдөгү чоң адамдардын арасында англис тилин канчалык жакшы билген деңгээлин аныктайт. Казакстандын да бир катар региондору бул глобалдык иликтөөгө катышышты, жалпысынан иликтөөгө 100дөн ашуун өлкөдөн миллиондон ашуун адам тартылган. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazahstancy-stali-huzhe-vladet-anglijskim-yazykom

 

Эгер кызды эркек балдар таарынтып жатса, эмне клымаксыңар, эмне үчүн бул туура эмес жана кайсы учурда күн жерге жакыныраак болмок – Тажикстан балдарынын ойлору. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211125/tadzhikskie-deti-razmishlyayut-o-tom-pochemu-nelzya-obizhat-devochek

 

Өзбекстанда мамлекеттик экзаменден өтпөй калган ЖОЖ студенттери бир жыл ичинде эки жолу кайра экзамен тапшыруу укугун алышты. Мурда экзамен тапшыра албай калса, бир жыл күтүүгө туура келген. Кененирээк:  https://www.gazeta.uz/ru/2021/11/22/exams/

 

Адам укугу

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы Административдик бузуулар жөнүндө Кодексинин 90-беренесине “зомбулук көрсөтүү менен” деген сөз кошуп өзгөртүү киргизди жана айып пулдун өлчөмүн 180-300 сомониден 420 сомониге көтөрдү. Парламенттин соңку отурумунда депутаттар бул мыйзам долбоорун бир добуш менен колдошту.

Кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолорду сунуштап жатып, Тажикстандын башкы прокурору Мирзоамон Рофизода мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизги себеби жашы жете электерге тарбия жана билим берүү жаатында милдеттенмелердин аткарылбай жатышы деп билдирди. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20211122/v-tadzhikistane-silno-povisili-shtraf-za-plohoe-vospitanie-detei-ispravleno

 

Өзбекстанда коомдук транспорттордогу сексуалдык асылууларга каршы кампания борбор калаанын автобустарында башталды. Автобустардын салондорунда плакаттар илинип, шашылыш токтотуу баскычтары киргизилүүдө. «Газета.uz» харрасментке кабылгандар кандай аракет көрүшү керектигин, айдоочулар менен кондукторлор кандай реакция кылыууга милдеттүү экенин жана чет өлкөлөрдө бул көрүнуш менен күрөш кандайча жүргүзүлөөрүн иликтеп чыкты. Асылуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу Өзбекстан мыйзамдарында жок. Тартип бузуучуларды “Мазактоо” беренеси боюнча жоопко тартуу пландалууда. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/11/26/frotteurism/

 

Өзбекстандын Улуттук университетинин студенттери аялдарды колдогон акция өткөрүштү. Акциянын катышуучулары сексизм, үй-бүлөлүк зомбулук жана аялдар укуктары темасындагы өз колдору менен жасаган плакаттар менен чыгышты. “Бул адамдарга каршы каршылык эмес. Бул зомбулукка каршы агартуучу акция», — деп билдирген «Газете.uz» басылмасына катышуучулардын бири. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/11/26/support-for-women/

 

Түркмөнстандын айрым бала бакчаларында орус тилинде мультфильм көрсөтүүгө тыюу салынды. Азатлык Радиосунун кабарчысына бул тууралуу билим берүү жаатындагы кызматкер билдирген. Фарап этрапынын Лебап велаятындгы №1-бала бакчасында жана Деняев менен Дарганатин этраптарындагы эки бала бакчада бир нече тарбиячы иштен бошотулган. Себеби – балдарга орус тилинде мультфильм көрсөтүшкөн. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31578488.html

 

Социум

Тажикстандыктар балдарына кичинекей кезинен баштап улуттук символдорду, анын ичинде мамлекеттик тууну сыйлоону аң-сезимдерине сиңириши керек, бул туурасында президент Эмомали Рахмон мамлекеттик желек күнүнө карата куттуктоо сөзүндө билдирди. Бул майрам жыл сайын 24-ноябрда белгиленет. Президент ошондой эле, тажикстандыктарды туу тартылган төш белги тагынып жүрүүгө чакырды. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/power/20211124/prezident-tadzhikistana-prizval-s-devstva-vospitivat-chuvstvo-uvazheniya-k-natssimvolam

 

Ашхабадда (Түркмөнстан) жогорку окуу жайлардын ар кандай муктаждыктары үчүн студенттерден акча чогултуу уланууда. Бул туурасында Азатлык Радиосунун кабарчысына борбор калаада окуган бир нече студент кабарлаган. “Биздин участкада ишембилик өткөрүп, жер каздыруу керек. Бул үчүн ар бирибиз 30 манаттан салым кошушубуз керек. Бакчынын акчасын да унутпагыла. Эртең сөзсүз өткөрүү керек!”. Мындай билдирүү Түркмөн мамлекеттик архитектура-курулуш институтунун студенттерине келген. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31581433.html

 

Тармактагы коопсуздук

Интернеттен соода кылууда кантип өзүңдү коопсуздандыруу керек, “кара жуманын” алдында “Касперский Лабораториясынын” эксперттери бул туурасында айтып беришти. Алардын маалыматы боюнча, сатып түгөтүү сезону болгон сентябрь-октябрь айларында онлайн сатып алуучуларга карата фишинг чабуулдардын саны 208%га өскөн. Шылуундар белгилүү бренддердин атын жамынып алып, керектөөчүлөрдүн акчалары менен жеке маалыматтарын уурдашат. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/moshenniki-maskiruyutsya-pod-sajty-e-pay-i-onlajn-magaziny-kak-uberechsya

 

Дезинформация

WhatsApp колдонуучулары туура эмес маалымат таратып, “9-жашар Сумаянын ички органдары жок сөөгү табылды” деп билдирип жатышат. Бул туурасында Жалал-Абад облусунун ИИБине билдиришкен. Муну менен бирге Сузак районунан дагы үч бала жоголгону тууралуу маалымат таркатылууда. ИИБ билдиргендей, бул маалыматтар чындыкка дал келбейт жана сөз болуп жаткан окуучулар жоголгон эмес. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/450067_v_seti_gyliaet_feyk_o_propavshey_9_letney_symae._miliciia_predypredila_ob_otvetstvennosti.html

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт, лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.