Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 22-28- март, 2021-ж.

30.03.2021 • 10:28

Салам, досум!

Сага адаттагыдай эле март айынын акыркы жумасынын жаңылыктарынын дайжестин сунуштайм. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү маанилүү жаңылыктарды окуп, кабардар болуп тур.

Кеттик анда!

 

Билим берүү

Өзбекстандын жогорку окуу жайларында 2021/2022 окуу жылында жаңы окуу предметтери киргизилет. Бул президенттин «Руханий-агартуучулук иштер боюнча системаны түп тамырынан бери жакшыртуу чаралары жөнундө» аттуу токтомунда каралган. Тактап айтканда, маалымат топтоо, руханий-агартуучулук, илимий-социалдык темадагы макалаларды, коомчулук өкүлдөрүнүн алгылыктуу пикирлерин даярдоо жана жайылтуу үчүн жана ошондой эле идеологиялык процесстерди, бул жааттагы жаңычылыктарды анализдөө максатында oyina.uz электрондук порталы түзүлөт. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1192454-s-2021-2022-uchebnogo-goda-v-vuzah-vvedut-novye-predmety.html

Адам укуктары

Казакстандын Жарандык кодексинде башка бирөөлөрдүн сүрөттөрүн таркатууга уруксат берилген учурларды конкреттештирүү демилгеленүүдө. Ошондой эле жалпыга жеткиликтүү ачык булактарда жарыяланган жеке маалыматтарды колдонууга тыюу сала турган өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Казакстандын Жарандык кодексинин өз сүрөтүңдү коргоо укугуна байланыштуу бөлүмүн россиянын кодексине шайкештирүү пландалууда. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/v-grazhdanskom-kodekse-rk-namereny-konkretizirovat-sluchai-kogda-razreshaetsya-rasprostranenie-chuzhih-izobrazhenij

Социум

Тажикстанда бардык эле Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгүдөй эле иммуннодефицит вирусу (ВИЧ) өсүүдө, бул туурасында өкмөттүн ушул жылдын 27-февралында кабыл алынган 2021-2025-жылдар аралыгында республикада ВИЧ жана СПИД эпидемиясына карыш туруу боюнча Улуттук программасында айтылат. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210326/v-tadzhikistane-rastet-kolichestvo-detei-zabolevshih-vich

Жекшемби күнү Түркмөнстан бийлиги бюджеттик кызматкерлерди, мектеп окуучуларын, студенттерди жана солдаттарды бардык район, шаар, кыштак жана фермердик чарбаларда ишембилик өтөрүп, бак тигүүгө мажбурлап чыгарды. Баш ийбегендер жумуштан кетет же окуусунан кийинки жылга калтырылат деген коркутуулар болгон. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31163984.html

Түркмөнстан өкмөтү студенттер  үчүн конвертацияга берилген жеңилдикти алып салуу маселесин дагы деле карап жатат. Азыркы учурда, билим алуу максатында башка өлкөдө жашап жаткан түркмөн жарандары Түркмөнстандан Улуттук Банктын курсу менен акча которууларды ала алышат. Бүгүнкү күнгө карата акча которуунун көлөмү айына $50. Кененирээк:  https://rus.azathabar.com/a/31169021.html

Кыргызстан менен Өзбекстан бардык талаш аймактар боюнча макулдукка келишти. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев басма-сөз жыйынында билдирди. Кененирээк:  https://24.kg/vlast/187752_spornyih_uchastkov_granitsyi_bolshe_net_kyirgyizstan_iuzbekistan_dogovorilis/

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсот! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.