Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 22-28- февраль, 20210-ж.

02.03.2021 • 04:30

Кымбаттуу досум!

Жаздын демин сезип жатасыңбы? Мына жаз да келип калды! 

Мен сага Борбор Азия өлкөлөрүндөгү соңку аптада болгон маанилүү жаңылыктардын дайжестин сунуштайм. 

Кеттик анда! 

 

Билим берүү

Кыргызстандын билим жана илим министрлиги өлкө аймактарында 500 кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачууга ниеттенүүдө. Бул туурасында мекеменин басма-сөз кызматы билдирди. Анын маалыматы боюнча, учурда райондук мамлекеттик администрация башчылары жана айыл өкмөттөрү, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары  менен онлайн-жолугушуулар өткөрүлүп жатат. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/184974_minobrazovaniya_otkroet_vregionah_500_detsadov_kratkosrochnogo_prebyivaniya/ 

Кыргызстандын мектеп окуучуларынын арасында «Зордук-зомбулукту актоого болбойт!» деген сынак өткөрүлөт. Бул туурасында билим жана илим министрлиги билдирди. Алардын маалыматы боюнча, сынакка 9-11-класстын окуучулары катыша алышат. Бул үчүн үч адамдан турган топ түзүү керек, топтун мүчөлөрүнүн баары жалаң эркек балдар же кыздар болбошу керек. Бир мектептен бир гана команда катыша алат. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/184839_sredi_shkolnikov_proydet_konkurs_nasiliyu_net_opravdaniya_/ 

Казакстанда алдамчылык фактылары көбөйгөнүнө байланыштуу тестирлөө алдында милдеттүү түрдө мугалимдерге кароо жүргүзүү сунушталууда. Улуттук тестирлөө борборунун жетекчиси Дидар Смагулов квалификациялык тестирлөө алдында милдеттүү түрдө мугалимдерди карап чыгууну сунуштады. Жыл башынан бери 349 мугалим шпаргалка, смартфон жана башка тыюу салынган предметтер менен кармалган. Бул туурасында борбордун жетекчиси өзүнүн  Facebook баракчасында билдирген. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-predlozhili-provodit-obyazatelnyj-osmotr-uchitelej-pered-testirovaniem-iz-za-uchastivshihsya-faktov-zhulnichestva 

Ошондой эле силерге ар кайсы өлкөдөгү студенттер канча стипендия алышаары туурасындагы материалды сунуштагым келет. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210225/kakie-stipendii-poluchayut-studenti-stran-tsentralnoi-azii

Адам укугу

Өзбекстанда мыйзамсыз түрдө диний мазмундагы материалдарды даярдоо, сактоо, ташуу жана таркатуу үчүн кылмыш жазасын алып салуу пландалып жатат. Бул туурасында Кылмыш кодексинин жаңы долбоорунда айтылган, деп билдирет  "Фергана" МА. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210223/v-uzbekistane-iz-ugolovnogo-kodeksa-uberut-religioznuyu-statyu

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы жазуучу жана жарандык активист Алтын Капалованы өзүнүн үч баласынын аты-жөнүн өзүнүн атына которуп алганы үчүн (матроним) сотко берди. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20210224/v-kirgizstane-na-zhentshinu-podali-v-sud-za-to-chto-ona-smenila-detyam-otchestvo-na-matchestvo

«2020-жылдагы коронавирус пандемиясы Тажикстандагы ЛГБТ-коомчулугуна олуттуу таасир этти, аталган коомчулуктун 24 өкүлү гуманитардык жардам жана азык-түлүк сурап кайрылган». Бул туурасында Европа жана Борбор Азиядагы 600 уюмду бириктирген ILGA-Europe ассоциациясынын жаңы отчетунда айтылган. Аталган ассоциация БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинде кеңеш берүүчү макамына ээ жана Европа кеңешинде катышуучу макамы бар. Кененирээк: https://rus.ozodi.org/a/31125108.html 

Социум

Казакстанда каалаган адамга жардам бергени же жакшылык иштери үчүн ыраазычылык билдире турган сайт ачылды. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-zapustili-sajt-gde-mozhno-poblagodarit-lyubogo-cheloveka-za-pomosh-i-dobrye-dela 

Өзбекстан менен Тажикстан мындан ары коңшу аймакта жакын туугандары кайтыш болуп же катуу ооруп калган жарандарды чек аралардан тоскоолдуксуз өткөрүүгө макулдашышты, бул туурасында «Азия-Плюс» басылмасына өкмөттөгү булактары билдиришкен. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210301/tadzhikistan-i-uzbekistan-razreshili-opredelennoi-kategorii-grazhdan-peresekat-granitsi

"Tajik soap handmade"- колго жасалган табигый самынды беш жылдан бери Душенбенин жашоочусу Махмудджон Мукимов кайнатып келет. Тажикстандагы жалгыз самын кайнатуучунун айтымында, ал жасаган самындардын дарылык касиети бар жана терини кургатпайт, аллергия кылбайт. Кененирээк:

https://rus.ozodi.org/a/31122117.html

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңыланган парламенттин жогорку палатасына шайлоого бир ай калганда жолугушуу өткөрдү, төмөнкү палатанын депутаттары менен болгон жолугушууда алардын ишин канагаттандырарлык эмес деп таап, жана Түркмөнстан үчүн коронавирустун «күтүүүсүздөн болгон терс кесепеттерин»   моюнга алды. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31124663.html  

Өзбекстанда 1-апрелден тартып интернет аркылуу соода кылган ишкерлер атайын санариптик код алууга милдеттенет. Бул талап Президенттин «Электрондук коммерцияны тескөөнү жакшыртуу жана анын мындан ары өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү» аттуу токтомунун долбоорунда каралган. Кененирээк: https://nuz.uz/ekonomika-i-finansy/1189250-v-uzbekistane-torguyushhih-v-telegram-zastavyat-poluchit-czifrovoj-kod-i-virtualnuyu-kassu.html 

 

Биз менен болгонуң үчун рахмат!

Көрүшкөнчө! 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.