Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 21-28.06.2021-ж.

29.06.2021 • 04:49

Кымбаттуу досум!

Иштерин жакшыбы, баары жайында деп үмүттөнөм. Экзамен, зачеттордун баары бүтүп, жайдын сонун күндөрүнөн ырахат алып жатсаң керек. 

Азыр болсо Борбор Азия өлкөлөрүндө өткөн аптада кандай жаңылыктар болгонун билип алалы.

 

Билим берүү

Кыргызстандын Конституциясынын өзгөргөнүнө байланыштуу мамлекеттик органдар мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүүнү улантууда. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, мурдагы алты мыйзамдын ордуна “Билим жана илим жөнүндө” бир эле мыйзам болот. Мындай өзгөрүү мектеп окуучулары менен студенттерге кандай таасир этээри туурасында мекеменин юристтери азырынча айта алышпайт, анткени мыйзамдардын экспертизасы үчүн комиссия жаңы гана түзүлдү. Бирок мектептердеги билим берүү жаатында тезинен чечүү керек болгон  маселелер бар, анын ичинде мыйзамдык деңгээлде чечим талап кылгандары да бар. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/198308_shkolnyie_problemyi_pomogutli_popravki_vzakonyi_reshitih/ 

Өзбекстандын министрлик жана ведомстволор системасынын коллеж же техникумдарынын имаратында иштеген мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары 2021-жылдын 1-июлунан тартып 2024-жылдын 1-январына чейин ижара акысынан бошотулат. Кененирээк:

https://nuz.uz/sobytiya/1201748-negosudarstvennye-obrazovatelnye-organizaczii-osvobozhdeny-ot-arendnoj-platy.html 

Кыргыз Республикасында акыркы эки жыл ичинде COVID-19 пандемиясына карабай, өлкө ичиндеги миграциялык процесстер төмөндөгөн жок, тескерисинче, айыл чарбадагы экономикалык кризиске байланыштуу жана региондордогу өндүрүш көлөмүнүн кыскарганына байланыштуу көбөйгөнү байкалат. Кененирээк:

https://24.kg/obschestvo/199146_detyam_sinvalidnostyu_izsemey-migrantov_pomogut_sobucheniem_vkyirgyizstane/ 

Кыргызстандыктар тогуз өлкөнүн жогорку окуу жайларында акысыз окуй алышат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин  жыйынында билим берүү министринин орун басары НурларӨмүров билдирди:

https://24.kg/vlast/199163_kyirgyizstantsyi_mogut_besplatno_obuchatsya_vvuzah_devyati_stran/ 

Быйыл коллеждерге жана университеттерге тапшыруу онлайн түрүндө гана мүмкүн. Менчик формасына карабай бардык билим берүү мекемелерине тапшыруу Кыргызстандын автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ишке ашат. Жождорго тапшыруу боюнча конкурска катышуу үчүн абитуриент www.2020.edu.gov.kg сайтынан, коллеждерге тапшыруу үчүн https://2020.edu.gov.kg/spuz сайтынан арыз жиберүүсү керек. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/198875_postupit_vkolledji_iuniversitetyi_v2021_godu_mojno_tolko_onlayn/ 

Адам укуктары

ЕБ Өзбекстанды журналисттерди жана көз карандысыз блогерлерди коргоо боюнча көбүрөөк аракет көрүүгө чакырды. 21-23-июнда Европа Биримдиги менен Өзбекстан Республикасы адилет сот жана ички иштер, адам укуктары маселелери боюнча өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдаштык Подкомитетинин 17-жыйынын өткөрүштү. Жыйын видеобайланыш форматында өттү. Кененирээк:

https://nuz.uz/politika/1201797-es-prizval-uzbekistan-sdelat-bolshe-dlya-zashhity-prav-zhurnalistov-i-nezavisimyh-bloggerov.html 

Медиа Полиси Институту (Кыргызстан) Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун «Медиа-К» долбоорунун колдоосу менен журналисттерди коргоо боюнча  #КүчЧындыкта хэштеги менен маалыматтык кампания баштады. Кененирээк:

https://24.kg/obschestvo/198907_vkyirgyizstane_startovala_informatsionnaya_kampaniya_pozaschite_jurnalistov/  

Социум

Түркмөнстанда төрөт үйлөрүндө жаңы төрөлгөн балдарды бала багып алуу боюнча мыйзамдуу жол жобосуз башка бир адамдарга акчага сатуу фактылары көбөйдү. Негизинен энеси баш тарткан балдар берилет деп билдирген велаяттык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бириндеги булактар. Түркмөнстандын Үй-бүлөлүк кодексине таянуу менен, аталган булак сөз кадимки эле “бала сатуу” туурасында болуп жатканын жана ага төрөт үйлөрүнүн жетекчилери менен жергиликтүү администрация жетекчилеринин тиешеси бар деп билдирет. Азатлыктын кабарчысы жакында эле велаяттык төрөт үйүнүн башкы дарыгерине 15 миң манат төлөп ымыркай багып алган бир үй-бүлө менен сүйлөшө алган. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31329819.html 

Тажикстанда парламенттин 16-июнда өткөн кезектеги жыйынында депутаттар жаныбарларга карата мыкаачы мамиле кылгандарга айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү чечимин кабыл алышты. Тактап айтканда, административдик Кодекске өзгөртүүлөр киргизилип, жаныбарларга мыкаачы мамиле үчүн жоопкерчилик катаалдаштырылды. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210621/v-tadzhikistane-povisili-shtrafi-za-zhestokost-nad-zhivotnimi

Тажикстанда биринчи улуттук онлайн-кинотеатр «SOMON TV» иштеп баштады, ал онлайн фильмдердин, мультфильмдердин, теле- жана радиопрограммалардын коллекциясын HD сапатында жана 4К сапаттагы үн менен сунуштайт. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210621/v-tadzhikistane-zapustili-pervii-natsionalnii-onlain-kinoteatr

Экология 

Рекорддук жогорку температура Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына олуттуу зыян келтирүүдө. Суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстан суунун жетишсиздигинен жабыр тартып, ар кимиси өзү үчүн сактап калуунун аракетинде. Суу төмөнүндөгү Өзбекстан менен Казакстан суунун келишине кызыктар, ошондуктан ар кандай келишимдерге барышууда. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/zasuha-v-tsentralnoy-azii-anomalnaya-zhara-nehvatka-vody-i-neurozhay/31324624.html 

“Жашыл Борбор Азия” демилгесинин алкагында биргелешкен аракеттер планын кабыл алуу боюнча жумушчу топтун экинчи онлайн-жыйыны болуп өттү. Жыйынга алты өнөктөш өлкөлөр Афганистан Ислам Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министрликтеринин “Жашыл Борбор Азия” демилгеси боюнча дайындалган координаторлору жана ошондой эле суу ресурстары, айлана-чөйрө жана гидрометеорологиялык кызматтардын адистери экинчи жолу чогулушту. Жолугушууга мындан тышкары, Берлиндеги Федералдык тышкы иштер министринин өкүлдөрү менен алты өнөктөш өлкөдөгү Германиянын элчиликтеринин өкүлдөрү катышышты: https://nuz.uz/sobytiya/1201247-zelenaya-czentralnaya-aziya-vybrala-chetyre-prioritetnyh-napravleniya.html 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.