Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 20-27.12.2021-ж.

28.12.2021 • 04:36

Кымбаттуу досум!

BRYCA долбоорунун жана Qlever оюн платформасынын командасынын атынан келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайбыз! Так ушул жылы бардык ой-кыялдарың орундалып, койгон максаттарың ишке ашсын! 

 

Азыр болсо Борбор Азия өлкөлөрүндө жана биздин өлкөдө өткөн аптада кандай окуялар орун алганын билип алалы.


 

Билим берүү

Жаңы жылдан тартып Өзбекстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алган жеке компанияларга 6 ай бою ар бир мындай кызматкер үчүн базалык эсептик көрсөткүчтүн 1,5 эсе өлчөмүндөгү субсидия берилет. Жумуш берүүчүлөргө мындан тышкары, ал адамдарды жумушка алганы үчүн төлөнгөн социалдык салык кайра кайтарылат. «Эл-юрт умиди» фонду 2022-жылдан баштап жыл сайын майыптыгы бар 20 таланттуу балдарды чет өлкөгө окууга жиберип турат. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/12/23/employment/ 

 

21-декабрда  «Тадбиркорлар мактаби» (Ишкерлер мектеби) окуу борборунун ачылышы аземи болду, аталган мектеп «Узпромстройбанк» жана «Узсаноаткурилишматериаллари» ассоцациясы менен биргекликте уюшулду. Иш чарага Өзбекстандын инвестиция жана сырткы соода министрлигинин жетекчилиги, банк, ассоцауциялардын жетекчилери, ишкерлер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/12/22/psb/ 


 

Адам укугу

Беларусь бийлиги “Азаттык” радиосун экстремисттик түзүлүш деп тааныды, бул туурасында өлкө ИИМинин Telegram-каналында айтылган. Ресурсту уюштуруучулардын, жетекчилеринин иш аракеттери Беларусь мамлекетинин ККнин 361-беренесинин 1-пунктуна туура келет (Экстремисттик түзүлүштөрдү уюштуруу, бул нацизмди жандандырууга багытталган түзүлүшкө барабар ") жана бул үчүн жети жыл эркинен ажыратуу жазасы каралган, деп билдирет Балерусь мамлекеттик телевидениеси. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/radio-svobody-v-belarusi-priznali-ekstremistskim-formirovaniem 

 

Жаныбарларга мыкаачы мамилени чагылдырган кадрларды чагылдырган Казакстан жарандары жана ММКлары жоопкерчиликке тартылат. Журналисттер бул мыйзамдын нормасына ылайык, жаныбарларга мыкаачылык кылган фактыларды чагылдыра албай калабыз деп тынчсызданышууда. “Алар жаныбарларды жаракаттандыруу, майып кылуу жана өлтүрүүнү пропаганда кылган басылма, аудиовизуалдык продукцияларды жана интернет-продукцияларды киреше табуу же башка максатта өндүрүү, жарыялоо,     таркатуу жана башка түрдө колдонууга тыюу салып жатышат”. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/smi-budut-nakazyvat-za-publikacii-kadrov-zestokogo-obrashheniya-s-zivotnymi 

 

Түркмөнстан бийликтери бааларды төмөн кармоо максатында ишкерлерге кысым көрсөтүүнү улантууда. Ишкерлер болсо чыгым тартпоо үчүн соода кылуудан баш тартып жатышат. Лебап жана Марыдагы Азатлык кабарчылары бул аймактагы кырдаал туурасында маалымдап жатышат. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31624281.html 

 

Социум

Садыр Жапаров (Кыргызстан президенти) Исфана шаарын Раззаков деп атоону чечти. Эл алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы 2021-жылдагы баткен окуяларын эске салып, коңшу өлкөлөр менен мамлекеттик чек аралар боюнча толук макулдаштыктын жоктугу, айрым участкалар боюнча сүйлөшүүлөрдүн оор жүрүп жатышы, Кыргызстандын стратегиялык транспортук инфраструктурасынын коңшу өлкөлөр аркылуу өтүшү – республиканын бүтүндүгүнө түздөн-түз коркунуч экенин белгиледи. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/451791_sadyr_japarov_reshil_pereimenovat_isfany_v_razzakov.html 

 

Жаш ишкерлер 540 миллион сумга чейинки өлчөмдө насыя ала алышат. Мындай токтомду 21-декабрда өкмөт бекитти, деп билдирет Өзбекстандын юстиция министрлигинин басма-сөз кызматы. Реконструкция жана өнүгүү фонду Улуттук банкка 100 млн долар бөлүп берди. Бул каражаттардан 2022-2024 жылдар аралыгында жаш ишкерлердин жаңы бизнес долбоорлоруна насыялар берилет. Шарттары төмөнкүдөй:

  • Насыянын суммасы 1000ден 2000ге чейинки базалык эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө;
  • мөөнөтү — 7 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү 3 жыл;
  • үстөк пайызы – Борбордук Банктын негизги ставкасы боюнча (азыр 14%).

Насыя берүү үчүн жаштар иштери боюнча Агенттик, Соода-өнөр жай палатасы жана банктар тарабынан ишкердик менен алектенүүнү каалаган жаштардын тизмеси түзүлөт.  Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2021/12/22/credits/

 

Балаты, жаркыра! Борбор Азия өлкөлөрү негизги балатысын кантип кооздоду? Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/centralasia/20211226/yolochka-gori-kakie-yolki-ustanovleni-v-stolitsah-stran-tsentralnoi-azii

 

Дезинформация 

 

Казакстандын соцтармактарында билдирүү пайда болду, анда Усть-Каменогорск шаарындагы колледждердин биринде эмделбеген студенттердин баарын дистанттык окууга өткөрүп жатканы туурасында айтылат. Ушуга окшош дагы бир билдирүүдө Темиртау мектептеринин биринде балдар жана ата-энелери туурасында маалымат чогултулуп жатканы, жана үчүнчү чейректе коронавируска каршы вакцина албагандар сабакка киргизилбей турганы жөнүндө айтылат. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/neprivityx-skolnikov-ne-budut-perevodit-na-distancionnyi-format-obuceniya 


 

Биз менен болгонуң үчун рахмат!

Көрушкөнчө!

 

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.