Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 20-27.09.2021-ж.

29.09.2021 • 09:35

Кымбаттуу досум!

Кел азыр өткөн аптада Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болуп өткөнүн билип алалы.

 

Билим берүү

2021-жылдын 1-сентябрынан 1-ноябрга чейин Тажикстандын жарандары үчүн жана жарандыгы жок адамдар үчүн, анын ичинде Тажикстанда жашаган орусиялык мекендештер үчүн РФ өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген 2022/2023 окуу жылына берилген квотага ылайык Россияда бюджеттик негизде билим алууну каалагандарга education-in-russia.com маалымат системасында катталуу башталды. Тажикстандагы Роскызматташтык өкүлчүлүгү Тажикстан Республикасынын жарандарын тандоо боюнча бирдиктүү оператордун милдетин аткарат. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210924/otkrita-registratsiya-kandidatov-na-obuchenie-v-rossii-v-202223-uchebnom-godu

Өзбекстандын элдик билим берүү министрлиги, жалпы билим берүү мектептериндеги окуу китептеринин ижара акысын эми Payme же Paynet системалары аркылуу төлөөгө болоорун маалымдады. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1208479-arendu-uchebnikov-mozhno-oplatit-cherez-mobilnye-prilozheniya.html

Адам укугу

Түркмөн пенсионерлери кайрадан пенсияларын алууга байланыштуу көйгөйгөйгө кабылышты. Өлкө чыгышында бир нече райондордо жашы өтө улгайып калган жашоочулар эки айдан бери пенсияларын күтүп жатышат. Коронавирус жайылып, баалар кымбаттап, азык-түлүк, дары-дармек тартыш болуп турган чакта, Фарап жана Дянев региондорунда жашы 75тен өткөн адамдар пенсиясыз калышты. Аларга акчаны накталай үйлөрүнө алып келип беришчү. Кабарчылардын айтымында, Фарап этрапында мындай 34 адам, Дянев этрапында 50 адам бар. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31472449.html

5-сентябрда “#Зомбулукту биргелешип токтотбуз” аттуу эл аралык онлайн-конференция болуп өттү. Видео жолугушуунун алкагында, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан «НеМолчиАзия» Коалициясынын катышуучулары, «#НеМолчи» кыймылынын жетекчилери, андан тышкары «#НеМолчи.UZ» көз карандысыз маалыматтык долбоордун уюштуруучулары сөз сүйлөштү. Кененирээк:

https://nuz.uz/sobytiya/1208503-soobshha-ostanovim-nasilie-strany-czentralnoj-azii-obedinyayutsya-chtoby-vmeste-borotsya-protiv-nasiliya.html

Социум

Түркмөнстан бийлиги бюджеттик кызматкерлерден акча чогултууда. Бул акча каражаттары мамлекеттик көз карандысыздыктын 30 жылдыгына карата көчөлөрдү жасалгалоого арналган. Азатлык радиосунун кабарчылары билдиргендей, оозеки көрсөтмөлөргө ылайык, ар бир бюджеттик кызматкер жетекчисине 100 манат төлөп берүүгө милдеттүү. 100 манат Түркмөнстандын УБнын курсу боюнча - $28,5. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31474900.html

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмдары Түркмөнстанда суу ресурстарын пайдалануу “жеткен чегине” келгенин эскертип жаткан чакта, лебаптык дыйкандар суунун жетишсиздигине, каналдардын начар абалына жана суу сордургучтардын жетишсиздигине даттанышууда. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/31472388.html

Казакстанда 2021-жылдын 1-30-октябрь аралыгында улуттук калкты каттоо иш чарасын өткөрүү үчүн интервью жүргүзө турган 22 миң адам тартылат. Ишке алына тургандарга талаптар андай жогору эмес: бул кызматка Казакстандын 18 жаштан өйдө вакцина алган жарандары алынат, демилгелүү, жоопкерчиликтүү, адамдар менен тил табыша алган, компьютер менен иштей алгандар тартылат. Интервью жүргүзүүчүлөрдүн милдети шаар-кыштактарда үй чарбаларынан сурамжылоо жүргүзүү. Кененирээк:  https://informburo.kz/novosti/s-1-oktyabrya-k-kazahstancam-budut-prihodit-intervyuery-dlya-perepisi-kak-ne-sputat-ih-s-moshennikami

Технология

Казакстандык TikTok-хаус YOLO House 20 миллиондон ашуун катталуучу менен дүйнөдөгү эң популярдуу үйгө айланды деп билдирет Tengrinews.kz.

Буга чейин узак убакыт бою америкалык Hype House (19,8 миллиона) лидерликти бербей келген, бирок казакстандыктар алдыга озуп чыкты. YOLO House TikTok тармагында дээрлик бир жыл мурда пайда болгон, бул убакыт ичинде анын катышуучулары олуттуу аудитория топтой алышты. Кененирээк: https://tengrinews.kz/story/kazahstanskiy-tiktok-dom-yolo-house-stal-samyim-populyarnyim-449273/

Европа биримдиги ЕБ аймагында колдонулган бардык смартфон, планшет, кулакчын жана башка электрондук каражаттар үчүн бирдиктүү кабыл алынган заряддоочу каражатты киргизүүгө ниеттенүүдө. Reuters агенттигинин билдирүүсү боюнча, мындай мыйзам долбоору 23-сентябрда сунушталат. Кененирээк:

https://24.kg/tehnoblog/207923_evrosoyuz_hochet_vvesti_edinyiy_tip_zaryadnogo_razyema_dlya_vseh_ustroystv_/

Казакстанда телефондук код +7 эмес, +997 болуп өзгөрөт. Бул туурасында санариптик өнүгүү министрлигинен билдиришкен. Министрдин айтымында, казакстандыктар чет өлкөгө чалганда, чет өлкөлүк жарандын телефонунан «Казахстан» деген сөз чыгат. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/207873_ukazahstana_izmenitsya_telefonnyiy_kod/

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт, лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.