Салам!
Назарыңарга Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орчундуу окуялардын дайжестин сунуштайм.
Кеттик анда!
Билим берүү
Жаш кыргызстандыктар мектептердеги билим берүүнүн сапатына нааразы. Алар азыркыдан заманбап билим алгылары келишет. ЮНИСЕФ билим берүү министрлиги менен биргеликте өткөргөн U-Report онлайн-платформасынын сурамжылоосунун жыйынтыктары менен таанышкандан кийин ушундай бүтүмгө келүүгө болот.. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/466875_reforma_v_sisteme_obrazovaniia._chto_hochet_molodej_infografika.html
20-сентябрда Казакстанда “Балага ылайык” аттуу мектеп ашканалары менен дааратканаларын мониторинг кылуу боюнча акциянын экинчи этабы башталды. Ал үч айга созулаарын агартуу министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/kazaxstancev-prosyat-soobshhat-o-naruseniyax-v-skolnyx-stolovyx-i-tualetax
Жаңы окуу жылы башталгандан кийин БУТ жыйынтыктарын жокко чыгаруу – акыйкатсыздык, деп билдирди Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/studentov-lisayut-grantov-posle-proverki-video-s-ent-s-2023-goda-vsex-narusitelei-budut-vyyavlyat-na-meste
Адам укугу
Түркмөнстандын бир катар аймактарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери орто мектептердин окуучуларынын уюлдук телефондорун текшерүүдө. Азатлык Радиосунун кабарчылары Балкан жана Мары велаяттарында мектептерде улуттук коопсуздук Министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр туурасында кабарлоодо. Телефондорду VPN колдонулуп жаткан жокпу деп жана саясий, порнографиялык материалдарды издеп текшеришүүдө. Көз карандысыз Тurkmen.news басылмасы билдиргендей, ушундай эле текшерүүлөр Ашхабадда жана Дашогузда полиция тарабынан жүргүзүлгөн. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/turkmen-security-check-schoolchildrens-phones/32042529.html
Кыргызстандын ички иштер министрлиги социалдык тармактардын 20 колдонуучусуна карата улут аралык кастыкты козутканы үчүн тергөө иштерин баштады. Бул туурасында ИИМ басма сөз кызматы билдирди, деп жазат Kloop. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/laworder/20220923/v-kirgizstane-nachato-rassledovanie-v-otnoshenii-20-polzovatelei-seti-za-razzhiganie-mezhnatsionalnoi-rozni
Социум
19-сентябрда Өзбекстанда туруктуу мобилдүүлүккө жана сергек жашоого арналган Европа мобилдүүлүк жумалыгынын 4-кампаниясы башталды. Кампания адамдарды ары-бери жүрүүдө велосипед же электротранспорт сыяктуу туруктуу унаа каражаттарына басым жасоого чакырат, муну менен парник газдарынын бөлүнүшүн азайтууга жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө болууга үндөйт. Европа мобилдүүлүк жумалыгына миңдеген адамдар кошулат деп күтүлүүдө. Кененирээк: https://anhor.uz/news/mobility-week/
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келерки жылдан баштап “Менин жаңы үйүм” аттуу жаңы ипотекалык программа башталаарын билдирди. Программа ишке киргизиле турган биринчи регион Ташкнт облусу болуп саналат, деп билдирди ал эл депутаттар кеңешинин жыйынында. Кененирээк: https://anhor.uz/news/mortgage-program/
АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча Агенттиги (USAID) Өзбекстандын элдик билим берүү Министрлиги менен биргеликте бюджети 10 миллион долларды түзгөн жаштардын жумушка орношуу көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны (Youth Employment Skills, YES) башташты. Кененирээк: https://anhor.uz/news/usaid-program/
Тажикстан үстүбүздөгү жылдын сегиз айында 100 миллион доллардан ашуун суммага гуманитардык жардам алган, деп билдирет республиканын статистикалык мекемеси. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/economic/20220919/obem-postupleniya-gumpomotshi-v-tadzhikistan-perevalil-uzhe-za-100-millionov
Бишкекте он күндүк Prosperity Cup Kyrgyzstan инкубациясынын финалистерин сыйлоо аземи жана демокүн өткөрүлдү, бул сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан 70тен ашуун стартап-командалардан арыздар түшкөн. Кененирээк: https://kaktus.media/doc/467366_v_kyrgyzstane_vybrali_lychshie_startapy_dlia_predostavleniia_investiciy_ot_10_tysiach.html
Биз менен болгонуң үчүн рахмат!
Көрүшкөнчө!
P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!
Дайжестти даярдоого Алмабек Ибрайымов катышты.