Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайжест: 19-26.07. 2021-ж.

28.07.2021 • 02:41

Кымбаттуу досум!

Алды менен өткөн аптада Борбор Азия өлкөлөрүндө кандай окуялар болуп өткөнүн билип алалы.

 

Билим берүү

Кыргызстанда ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер $290 өлчөмүндөгү бир жолку стипендия ала алышат. Бул туурасында “Тең мүмкүнчүлүктөр” социалдык борборунан билдиришти. Кененирээк:

https://24.kg/obschestvo/202275_studentyi_sinvalidnostyu_mogut_poluchit_razovuyu_stipendiyu_razmerom_290/ 

Адам укугу

Түркмөнстанда улуттук коопсуздук Министрлигинин кызматкерлери диний мазмундагы адабияттар катылган деп шектелген үйлөргө рейд жүргүзүп жатышат. Ушул күндөрү рейддер Дянев, Дарганата, Сейди жана Газоджак шаарларында жүргүзүлүп жатат деп Азатлыктын кабарчысы билдирүүдө.

Кененирээк:

https://rus.azathabar.com/a/31371637.html 

Тажикстанда  “Каада-салт, шаан-шөкөттөрдү тартипке келтирүү жөнүндөгү” мыйзам сакталбаганына байланыштуу өлкө жашоочуларына ушул жылдын 6 айында 1 млн. 388 миң 270 сомони айып салынган. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210722/na-pochti-14-milliona-somoni-oshtrafovani-tadzhikistantsi-za-narushenie-zakona-ob-obryadah

Социум

«Капкара үйдө капкара бөлмө болуптур. Бул капкара бөлмөдө капкара үстөл бар......». Дээрлик бардык советтик балдар бул коркунучтуу жомокту билишет. Мындай коркунучтуу баяндарды пионер лагерлеринде көп айтышчу. Караңгы киргенде короолорго чогулуп алып айтышчу. Тажик балдарынын болсо артын карабай үйдү көздөй качыра турган өзүлөрүнүн коркунучтуу каармандары бар. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210725/uzhasi-mahalli-i-gorodskie-legendi-chem-pugayut-tadzhikskih-detei

Тажикстандын Хатлон облустук прокуратурасы 36 ата-энеге карата билим алууга тоскоол болгону үчүн кылмыш иши козголду. Кылмыш иши Тажикстандын ККнин 164-беренеси (милдеттүү болгон жалпы негизги билим (тогуз жылдык) алууга тоскоол болуу) боюнча козголгон. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/laworder/20210723/36-roditelei-v-hatlone-privlecheni-k-ugolovnoi-otvetstvennosti

Журналисттер Борбор Азия өлкөлөрүнун базарларындагы негизги азык-түлүк түрлөрүно болгон бааны билип келишти. Тажикстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Россиянын борбор калааларындагы бааларды салыштырышкан. Кененирээк: https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/economic/20210719/v-kakoi-strane-tsentralnoi-azii-samii-deshevii-osnovnoi-produktovii-nabor

Өзбекстанда коммуналдык кызматтар “бир кардар” принциби боюнча уникалдуу номер аркылуу берилет, деп билдирет мамлекеттик кызматтар Агенттиги. Кененирээк:

https://kun.uz/ru/news/2021/07/26/v-uzbekistane-jiteli-poluchat-yedinyy-nomer-dlya-oplaty-vsex-kommunalnyx-uslug 

Коопсуздук 

Telegram тармагындагы 30 миңден ашуун казакстандык колдонуучунун жеке маалыматтары тармакка чыгып кеткен, деп билдирет Мамлекеттик техникалык кызматы. Кененирээк:

https://informburo.kz/novosti/personalnye-dannye-iz-telegram-bolee-30-tysyach-kazahstancev-utekli-v-set 

 

Биз менен болгонуң үчүн рахмат!

Көрүшкөнчө!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.